19-августта Бишкекте «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курултайы өттү. Анда депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилип, партиянын программасы талкууланганы кабарланды. Жыйындын соңунда саясий уюмдун мүчөлөрү пресс-конференция өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Акмарал Нурбек кызы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку балл алды. Ал Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Акмарал окууда гана мыкты болбостон, комуз чертип, шахмат ойноодо да алдына ат салдырбайт.
Баласы даун синдромунан жабыркаган эне Элмира Сулайманова блогер катары айылдагы майып балалуу энелерге карата стигма менен күрөшүп келет. Аны соцтармактардын колдонуучулары “күн баланын энеси” деп издеп окушат.
30-июль - Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы улуттук Аза күтүү күнү. Кыргызстан коронавирустан каза болгон 1 364 жаранын эскерип, өлкөнүн бардык аймактарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлүп турат.
Премьер-министр Кубатбек Бороновдун «кайсы бир фармкомпания дарыларды атайын сатпай, кампасында катып жаткан» деген билдирүүсү калп болуп чыкты.
Коррупциялык иштер жөнүндө ачык айтып чыгып таанымал болгон чек арачы Талгат Аланов 21-июлда 38 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Мурдагы "Ганси" аба базасында ачылган 600 кишилик "Семетей" госпиталы толбой турат. Себеби кээ бир бейтаптар ал жерден дарыланууну каалабай жатышыптыр.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров "Азаттыкка" маек берди.
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Күн сайын коронавирус жана пневмониядан каза тапкандардын саны көбөйдү.
Кыргызстандык спортчулар топту чебер элөө боюнча дүйнө чемпионатында алтын байгенин ээси болушту.
Белек Осмонканов буга чейин мейманкана иштетип келген. Бул жылы пандемиядан улам иши солгундап, огородундагы карагатын жыйноо менен алек.
Каракол шаарындагы "Ата-Кенч" кафесинин имаратында 40 орунга ылаыйкташкан күндүзгү стационар ачылууга даярдалып жатат.
Кыргызстанда соңку эки жумада коронавируска чалдыккандар көп катталып, дары-дармек тартыштыгы келип чыкты. Аймактарда жана Бишкекте канды суюлтуучу, антибиотиктер жана вируска каршы дарылар жок болуп жатат.
Пандемия учурунда эмерек жасаган усталар да четте калган жок. Алар күндүзгү стационарларга керебет жасоо менен алек. Усталар жасаган керебеттер облустарга да жөнөтүлүп жатат.
Бишкек шаарынын тургуну Таалайбек Шайымбековдун бир тууган карындашы өпкөсүнөн кагынып бат эле каза тапкан. Таалайбек "Азаттыкка" курган маегинде жаш өмүрлөрдүн кыйылышын өкмөттүн чабал даярдыгынан көрөт. 26 жаштагы бир тууганынын көтөрүп алып оорукана издегенин, бир да орун табылбай кыйналганын айт
“Азаттык” Бишкек шаарынын тургундарына COVID-19 инфекциясынан кантип коргонуп жатасыз деген суроо узатты. Кыргызстанда расмий маалымат боюнча 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыккан. Адистер вирустан коргонуунун эң
Бишкекте илдеттен каза болгондордун саны өсүп, Чүйдүн Новопавловка көрүстөнүндө сөөк коюу үчүн келгендердин кезеги көбөйдү. Соңку үч суткада эле аталган көрүстөнгө 12 маркум жерге берилген.
Кыргызстанда акыркы бир аптада үрөй учурган жол кырсыктары катталды. Акыркы бир аптада Кыргызстандагы жол кырсыгынан кеминде 11 киши өлүп, үч адам жабыркады.
“Эксперттер талдайт” талкуусуна саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу абал курч бойдон калууда. 1-июлга карата өлкө боюнча инфекцияны жугузуп алгандардын саны рекорддук чекке жетип, 430дан ашты. COVID-19га кантип туруштук беребиз?
Бишкекте «#RЕакция 3.0» нааразылык акциясы өттү. Аны жаш активисттер “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы уюштурушкан. Жүздөгөн адам катышкан, жүрүш менен коштолгон акцияда саясатчыларга сөз берилген жок.
Дагы жүктөңүз