“Балама”, “Койчунун ыры”, “Күн чыгышым”, “Ак куулар сени сагынаар” өңдүү обондуу ырлар аркылуу кыргыз үнүн алыска тааныткан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушева быйыл жетимишке чыгат. Ал бүгүн карылыгын үй-жайсыз, жупуну жашоодо өткөрүп жатат. Кыргыз филармониясындагы К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин 60-80 жылдардагы солисти, советтик таланттуу ырчы “Азаттыкка” келип, “сыябан-маек” курду.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков “Азаттыкка” маек курду.
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков “Азаттыктын” 2х1 маегинин коногу болду.
Бир үйдүн жалгыз уулу Казакбаев Өмүш 1941-жылы согушка аттанганда оорукта карыган энеси, 27 жаштагы жубайы үч кызы менен калган.
Белгилүү драматург, жазуучу жана театр таануучу Жаныш Кулманбетов менен Бурулкан Сарыгулова курган сыябан-маекте кыргыздын эпикалык театрынын европалык сахнанын жана анын атын алыска угузган режиссерлордун, актерлордун таланты менен тагдыры тууралуу сөз болду.
“Азаттыктын” 2/1 форматындагы эксклюзив маегинин бул жолку коногу “Республика-Ата Журт” фракциясынан парламент депутаты Курманкул Зулушев болду.
Кыргызстанда бир катар саясатчыларга козголгон кылмыш иштер кайрадан каралып чыгышы керек. Бул тууралуу “Азаттыктын” 2/1 форматындагы эксклюзив маегинде Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.
2х1 форматындагы эксклюзив маектин бул жолку коногу - Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов.
"Азаттыктын” “2х1” форматындагы эксклюзивдүү маегинин бул жолку коногу - Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидеринин орун басары, депутат Төрөбай Зулпукаров.
Ишкердин ар бир кадамы – тобокелдиктен турат. Мындай пикирин ишкер, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова билдирди. Байболова “Азаттыктын” сыябан–маегинде аялдын, анын ичинде өзүнүн саясаттагы орду, байлык, ишкердик жана ишеним тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Айгүл Текебаева - камакта отурган саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жубайы. Ал “Азаттыкка” берген маегинде камактагы саясатчынын саламаттыгына, ага түзүлгөн шарттарга, анын камалышынын үй-бүлөгө таасирине байланышкан бир катар суроолорго жооп берди.
Бишкекте Британиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла!” деп аталган китебинин кыргызча котормосунун бет ачары өттү.
Сексенинчи жылдары советтик республикаларды түрө кыдырып, кыргыз эстрадасын тааныткан белгилүү ырчы Шахрезада Аскарова бүгүн жай турмушта өмүр сүрүүдө. Ал ырчылык өнөрү, сагындырган сахнасы жоготкон жылдары, тагдыры жана бактысы тууралуу “Азаттыкка” сыябан-маек курду.
Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрага жана КСДПнын мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыктын” 2х1 форматындагы суроолоруна жооп берди.
Манасчы, акын Рысбай Исаковду поэзия ааламына сүйүүсү жетелеп киргизген, өзү дүнүйөкор эмес, бирок, жалданма батирдеги жашоосу ойлорун чачыратып коет. Кызыл дипломду он жыл окуп алган манасчы Рыспай ушундай сырларын “Азаттыктын” сыябан-маегинде ачып берди.
Саламаттык сактоо министри 120га жакын кызматкерди эмне үчүн бошотту? Депутаттар эмне үчүн министрди кызматтан кетиргиси келишет жана министр эмне үчүн кызматта калгысы келет? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна министр Талантбек Батыралиев 2х1 форматында жооп берди.
Сот саясий чечимдерди чыгарууга ылайыкташкан коркунучтуу органга айланып баратат. Мындай пикирин “Азаттыктын” 2Х1 форматындагы маегинде Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев билдирди.
Бишкек шаардык мемориалдык музейлер башкармалыгынын башчысы Арман Момаханова айлыгы да, сыйлыгы да жарытпаган музей ишмердигин эмнеге тандап алганын, кыргызча кантип “тили буудай кууруп” калганын “Азаттыктын” “сыябан-маегинде” баяндап, созолонто ырдап да берди.
Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков оппозициянын үнүн угат, ар түрдүү коомдук-саясий күчтөрдү бириктире алат деген үмүт бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү, мурдагы вице-спикер Алтынай Өмүрбекова “Азаттыкка” 2х1 форматында берген интервьюсунда бил
Белгилүү кинорежиссер, сценарист, продюсер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” көркөм тасмасы Таллиндеги дүйнөгө белгилүү “Караңгы түндөр” кинофестивалында баш байгени жеңди.
Дагы жүктөңүз