Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Гүлмайрам Момушева: Суукта төркүндөрүмдө кыштайм


“Балама”, “Койчунун ыры”, “Күн чыгышым”, “Ак куулар сени сагынаар” өңдүү обондуу ырлар аркылуу кыргыз үнүн алыска тааныткан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушева быйыл жетимишке чыгат. Ал бүгүн карылыгын үй-жайсыз, жупуну жашоодо өткөрүп жатат. Кыргыз филармониясындагы К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин 60-80 жылдардагы солисти, советтик таланттуу ырчы “Азаттыкка” келип, “сыябан-маек” курду.

“Азаттык”: Сизди кезинде мактабаган киши жок болчу. Бирок, акыркы 20-30 жылда кабарыңызды билбей калдым. Азыр эми тиякта-биякта жүрөт, турмушу начар болуп калыптыр деген сөздөр айтылат. Канчалык чындыгы бар?

Гүлмайрам Момушева: Эми баштан негизи көп нерсе өтөт. Андайдын баарын айта бергим келбейт. Тагдыр ошондой болсо айта бергенде эмне?

“Азаттык”: Үй-жайы жок, бала-чакасынын деле үй-жайы тартышыраак экен деген өңдүү сөздөр да бар. Азыр акыбалыңыз, жашоо-тиричилигиңиз кандай? Кайда жашап атасыз?

Гүлмайрам Момушева: Эми угуп-көргөндөр айтат экен. Үй-жайым жок. Балдарга көз каранды болгум келбейт. Эң кыйын убакта, кышкысын төркүндөрүмө кетип калам. Курбумдукуна барып, төркүндөрүмдө жүрүп, күнүмдү өткөрүп атам. Азыр илгерки замандай батир берилбейт. Сатып алайын десем акчам жок. Төрт жарым миң сом пенсия алам. Эптеп жанымды бакканга жетип атат.

“Азаттык”: Бала-чакаңыз өзүнчө оокат кылып атышат...

Гүлмайрам Момушева: Балдарым деле өз оокаты менен. Кызым төрт баласы менен айылда, эки бөлмө кичинекей үйдө, уулум эки баласы менен №18 лицейдин жатаканасында турат. Келиним ошол жакта иштейт. Неберелер бойго жетип калышты. Анан догурунуп эле бара бергенде деле болбойт экен, барсам бала болгондон кийин куубайт дечи.

“Азаттык”: Чогуу ырдашып жүргөн сахналаштарыңыздан, теңтуш-курбуларыңыздан кимдер менен катышасыз?

Гүлмайрам Момушева: Зейнеп Шакеева калды. Кичинекейибизден Эрмек Мойдунов, Зейнеп, мен болуп филармонияда оркестрде бир туугандай болуп ырдап жүргөнбүз.

Министр Күлүйпа Кондучалова “Арыкта!” деп урушчу

“Азаттык”: Көпчүлүгү айтышат таланттарда көралбастык, бут тосуу көп болот деп. Ушундайга кабылдыңызбы?

Гүлмайрам Момушева: Аны айтсам ыйлагым деле келип кетет. Канча бут тосуу... Көчөгө баспай калган убактарым болгон. “Алкаш” деген сөздөрдү уккам. Толтура бут тосмойлор болгон.

“Азаттык”: Элдин назарында жүргөн адам үчүн үй-бүлө, бала, күйөө дегенди күтүш да кыйын. Кандай эне, кандай аял болдуңуз?

Гүлмайрам Момушева: Жакшы эле эне болдум. Колумдан ырдан башка да көп нерсе келет. Тиккенди дагы, сайма сайганды, тор токуганды, курак кураганды билем. Тамакты жакшы жасайм. Бирок бир да балам менчилеп ырчы болгон жок. Ооруп атсам да менсиз таптакыр концерт болчу эмес.

“Азаттык”: Ушинтип түндөп-күндөп жүрдүңөр. Талантыңар, эмгегиңер, ишиңер бааландыбы?

Гүлмайрам Момушева: Биздин министр Күлүйпа Кондучалова деген эже болгон. Раматылык болуп кетти. Бизди бүт жагынан карачу эле. Айылдарга “Силер кыргыз элинин жүзүсүңөр, кыргыз элинин маданиятын мына силер көрсөтөсүңөр, зыңкыйган бойдон барып, зыңкыйган бойдон кайра келгиле” деп жөнөтчү. Концерт берерде өзү келип кийимибизден, бут кийимибизге чейин карап, “Момундай болуп чыгасыңар” деп үйрөтчү. Программабызды түзүп, ырыбызды текшерип, муну ырдагыла, муну чийип салгыла дечү. Биз элге ошондон кийин гана чыкчубуз.

Каалагандай кийинип, “былтыйып” жүргөндөрдү сахнага чыгарчу эмес. Мен баламды төрөгөндөн кийин толуп кеткем. Эже келип, "алдагы кебетең эмне, сахнага “бочка” кылып, тоголотуп чыгарабызбы? Арыкта!” деди. Арыкташ үчүн эмне гана азапты көргөн жокмун. “Английский соль” да ичтим (күлүп).

“Азаттык”: Ал кезде “английский соль” деген арыктоонун натыйжалуу жолу катары кабылданчу эмес беле. Ошол кездеги кийимдериңизден сакталып калдыбы? Ким кийинтчү эле силерди?

Гүлмайрам Момушева: Филармония кийгизчү. Бут кийимибизден бери сатып беришчү.

Чет өлкөгө чыгаарда ашык сүйлөөгө тыюу салынчу

“Азаттык”: Сиз Сирия, Дания, Түркия өңдүү чет өлкөлөргө да чыгып ырдаптырсыз. Ал кезде Советтер союзунда чет өлкөгө чыгыш деген чоң маселе болчу. Кандай тартипте чыкчу элеңиздер?

Гүлмайрам Момушева: Бияктан чыгып жатканда, бизге үч анкета толтурат. Туугандарыбыздан өйдө бүт бардыгы жазылат. Бирөө бул жерде калат, бирөө Москвада Тышкы иштер министрлигинде калат, бирөө тиякка кетет. Анан бизди Москвага учуруп, Тышкы иштер министрлигинде бир саат лекция окуйт. Өзүбүздү кандай алып жүрүшүбүз керектигин үйрөтөт. Кыргызстанды мактап гана сүйлөп туруш керек, ашык сүйлөгөнгө такыр болбойт, абайлап, түз барып ырдап, түз келиш керек.

“Азаттык”: Сиз бир топ композиторлордун ырларын ырдадыңыз окшойт. Ошол композиторлордон сиз үчүн жазган обондору болдубу?

Гүлмайрам Момушева: Сардарбек Жумалиев агай эле “Муну жаздым, ырдап көрчү” деп калчу. Көңүлүмө жаккан ырларды өзүм эле тандап ырдачумун. Илгери композиторлордун ырларын, элдик ырчылар эч качан ырдай албайт деген түшүнүк бар болчу. Бирок, мен төрт композитордун - Калый Молдобасановдун, Насыр Давлесовдун, Мукаш Абдыраевдин, Абдылас Малдыбаевдин ырларын жаттап, ырдап, радиого өткөрүп кеткем. Ал “Алтын фонддо” болсо керек.

“Азаттык”: Сахнаны сагынасызбы?

Гүлмайрам Момушева: Албетте. Сахнада чоңойгон киши сахнасын такыр унутпайт.

Маекти толугу менен бул жактан угуңуз:

Гүлмайрам Момушева: Суукта төркүндөрүмдө кыштайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:33 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG