Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Бактыгүл Дөнөнбаева соцтармактарга кайнатасы тууралуу блог чыгарат.
Демилгелүү жаштар борборунун ыктыярчылары кайрымдуулуктан чогулган акчага кычкылтек концентраторун сатып алып, абалы оорлошкон бейтаптарга жардам беришүүдө.
Коронавируска байланыштуу кырдаал курчугандан бери республикалык өлүккананын алдында адамдар көбөйдү.
Түп районуна караштуу Арал айылынын тургуну, медайым Чынар Турускелдиева 54 жашында ооруканада көз жумду. 33 жылдан бери Арал айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеп келген медайым беш айылдагы жалгыз фельдшер болчу.
Талас облусуна коронавирус илдети кеч жетти. Көптөр буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырааттуу иши себеп болгонун белгилешет.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиеванын сөөгү 7-июлда Бишкектин «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнатына туугандары, кесиптештери жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, саясий илимд
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө пандемия маалында улуу муун өкүлдөрүнө кантип кам көрүп, кандай мамилеге жасоого сереп салдык.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова түз эфирде бузулуп калган "Тез жардам" машинеси тууралуу айтып жатып ыйлап жиберди. 3-июлда Кыргызстанда 509 адам COVID-19 илдетине чалдыкканы маалым болду. Он адам каза тапты, 23 адам пневмонияга чалдыгып кайтыш болду. Буга чейин пульмонолог Та
"Азаттык" Бишкек жана Ош шаарынын тургундарынын азыркы абалы жана коронавирустан коргонуу чараларына кызыкты. Буга чейин "коронавирус жок" деп беткап тагынбагандар көп болсо, соңку кырдаалдан улам ал оюнан кайткандар арбын. Ушу күнгө чейин бул жугуштуу дарттан 57 бейтап кайтыш болду.
Активисттер 29-июнда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы «#RЕакция 3.0» деп аталган нааразылык акциясына чыгышты.
Милиция кызматкерлери жарандык активист Чынарбек Шабдановдун үйүнө 1-майда келишти.
28-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги «Шаардагы парктар» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиеванын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, суракка алып кеткен. 29-май күнү укук коргоочу Камил Рузиевди кармаган.
Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга кетердин алдында ар бир пленардык жыйында 30 ашык мыйзамды карады. Алардын баары жөнөкөй маселелер эмес, арасында Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн (ӨЭУ) көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору да бар.
Соңку учурда өнөр адамдары өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларга өз ой-пикирин ачык айтып чыккан учурлар арбыды. Айрыкча төкмө акындар жана жаштар арасында популярдуу рэп жанрындагы аткаруучулар бийликке, коомчулукка кайрылып, мамлекеттеги терс көрүнүштөрдү ыр аркылуу билдирип жатышат.
15-июнда Бишкекте Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан имараттын алдында аялдардын укугун коргогон активисттер акцияга чыгышты.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги быйыл туризм тармагы 80% солгундай турганын билдирди. Аталган статистиканын кесепетин көлдүктөр сезе баштады. Азыр аймакта эч алуучулар жокко эсе. Коронавирус пандемиясы болбогондо чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кар кетери менен келе баштамак.
Прокуратура блогер Элмир Сыдымановду сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранып жатат.
Соңку бир ай ичинде президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына үч иш сапар менен барды. Өлкө башчы келерин алдын-ала билген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызуу даярдык көрүштү.
22-майда Бүткүл дүйнө жүзүндө биологиялык ар түрдүүлүктүн күнү белгиленет. "Азаттык" бул күнгө карата атайын сүрөт баян даярдады.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол бойлой күйүүчү май саткандардын саны көбөйдү. Мыйзамсыз сатылып жаткан бензиндин баасы май куюучу жайлардан алда канча арзан. Бул көрүнүш айдоочуларга жакканы менен мамлекеттин бюджетине ири өлчөмдөгү зыян келип жатканы айтылууда. Күйүүчү май аткезчилигинин айы
Дагы жүктөңүз