Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы туристтик сезон 80%га төмөндөйт.
Райондор аралык сот жоюлуп кеткендиктен укук корогоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы берген арызы боюнча соттук отурум болбой калды.
Өкмөттүн чечими менен 1-майдан тарта Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрлөрү жанданды.
Эмне үчүн бирөө илдетти жеңил, башка бирөө оор көтөрөт? Төмөнкү анимациядан адистер аны кандайча түшүндүргөнүн көрүңүз.
Баш калаа Бишкек 30 күндөн бери карантинде жашап жатат.
Өзгөчө абал режими киргизилип, кыймылга чектөө коюлганы Кыргызстанда жардамга муктаж адамдардын саны өстү. Жаңы конуштун тургундары бекер таратылган нанды күтсө, бейтаптар инсулин жеткизип жаткан ыктыярчылардын караанын көрсө сүйүнөт
Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелдин кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Акындын өлүмү анын талантын баалаган эли үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.
Коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам миңдеген адам жумушсуз отурат. Өзгөчө кырдаал айрыкча Бишкектин четиндеги жаңы конуштардагы көп балалуу, жалгыз бой энелерди, майып, кары-картаң жана күнүмдүк акча тапкан үй-бүлөлөрдү түйшүккө салды.
Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринин коронавирусту жуктуруп алганы жалпы кесиптештерин кооптонтуп жатат. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлеринин көпчүлүгү вирустан коргой турган каражаттар менен камсыздалган эмес. Жумушка дагы автобуска жык толуп барып жатышыптыр.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 10 млн. 846 миң сом түшкөн, анын ичинен 4 млн. 380 миң сом азык-түлүк сатып алып, таратууга жумшалды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова жардамды бөлүштүрүү иштери тууралуу "Азаттык" менен маектешти.
Карантин учурунда онлайн кызмат көрсөтүп жаткан ишкерлер көбөйдү. Алар кардарлардын үйлөрүнө азык-түлүк, дары-дармек жана гигиеналык каражаттарды жеткирип жатат. Бирок Бишкекте өзгөчө абал киргенден бери жеткирип берүү кызматынын иши оорлоду. Адистер мындай абал жарандардын экономикалык сабаттуулугун текшере турганын белгилеп, коомчулукту акчаны үнөмдөөгө чакырышат.
Коронавируска байланыштуу Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарынын айланасында жалпы 36 блокпост орнотулду.
22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү (World Day of Water) белгиленет. Мындай чечим 1992-жылы 22-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунда кабыл алынган.
Нарындагы "Ага Хан" фонду ачкан Борбор Азия университетинин ректору, профессор Сохаил Накви Пакистандагы билим берүү рейтинги эң төмөн болгон Лахор университетин бир нече жылдын ичинде эл аралык деңгээлдеги мыкты окуу жайлардын катарына кошкон.
Кыргызстанда тигүү цехтери беткап тигип, ишканалар гигиеналык каражат өндүрө баштады. Учурда социалдык тармактарда дарыканаларда медициналык беткап калбай калганы, кымбат сатылып жатканы байма-бай жазылууда.
Кыргыз өкмөтү 19-марттан тартып чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагына киргизүүнү убактылуу чектөө боюнча токтом кабыл алганын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 18-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.
Коронавируска байланыштуу Казакстан менен Өзбекстан чет өлкөлүктөрдү киргизүүгө тыюу салган чечим кабыл алган соң чек арада текшерүү күчөдү. "Азаттыктын" журналисттери «Ак-Тилек» көзөмөл бекетине барып, кырдаалды жеринен көрүп келишти.
Кыргыз театрынын кийинки муундагы таланттуу актерлорунун бири Данияр Жанжигитов учурда 1937-жылы курулган эски үйдө жашайт. Ал акыркы жылдарда сахнада Индия эпосторундагы хандардын, Айтматовдун чыгармаларында башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп, театр күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө айланган.
Кыргызстанда медиа тармагындагы реформаларды колдоого багытталган «Медиа Диалог» аттуу долбоор башталды. 12-мартта долбоордун башталышы боюнча иш-чарага эл аралык уюмдардын, өкмөттүн, парламенттин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты. Анын жүрүшүндө Кыргызстандагы соңку окуялар бо
Улуттук банк валюталык рыноктогу жагдай тууралуу билдирүү жасап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бирок доллардын кымбатташы калкты санаага салды.
Дагы жүктөңүз