Атайын кызматтын тузагына түшкөн активисттер
Милиция кызматкерлери жарандык активист Чынарбек Шабдановдун Таластагы үйүнө 1-майда келишкен. Алар УКМКнын сунуштамасынын негизинде иштеп жатканын билдиришкен. Ушундай эле окуя Афтандил Жоробековдун да башынан өткөн. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 11 күн жатып чыккан. Кыргызстанда социалдык тармак бийликке нааразылык билдирүүнүн айдыңына айланды. Кайсы бир көрүнүштү ырга салгандар, сүрөт тартып же юмор аркылуу сын айткандар арбын. Алсак, 24-25-июнда жарандык активисттер Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан “Маалыматты манипуляциялоо” боюнча мыйзам долбооруна социалдык тармактан нааразылык билдирип, андан кийин Ак үйдүн алдына чыгышты.