"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
Швейцариядан келген жубайлар, Чоң-Кеминдеги Тар-Суу айылында бир айдан бери жашап келет. Бул аралыкта алар айыл турмушундагы жашоочулар байкабаган айрым көрүнүштөрдү сүрөт аркылуу чагылдырат. Кызыгы экөө тең сүрөтчү болгондуктан талаш-тартыш менен талкууга жакын. Биз барганда алар айыл четиндеги көм
Активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган акция өткөрдү. Ал өзүнүн талабы жазылган кагазды көтөрүп, 27-сентябрда парламенттин имаратынын алдына пикетке чыкты. Муну менен ал акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовдун шайланышына нааразылык билдирди.
"Азаттык +" бул ирет Чүйдүн кооз жерлерин көрүүгө келген туристтерди тартты. Соңку кезде четтен келгендер бул керемет өрөөндү жөө кыдырып жүргөнү байкалат. Чүй өрөөнүндөгү туризм кандай өнүгүп жатканын билгиңиз келеби?
“Азаттык+” командасы Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылындагы Кара-Булак капчыгайында уюшулган "Жаш булак" лагерине барып келди. 15 отрядга бөлүнгөн форум-лагердин катышуучулары бир жума бою эң үнөмдүү шартта жашашат.
"Азаттык плюстун" командасы бул чыгарылышта Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы айрым кызыктуу учурларды көрсөтүп берет. Океандын ары жагынан келген америкалык көкбөрүчүлөр, Кырчын жайлоосунда уюштурулган этнобазар, ордолор жана ошондой эле уюштуруу ишине салымы чоң ыктыярчылар - мунун баарын ушул чыгарылышта көрө аласыз.
“Азаттык+“ командасы бул ирет үчүнчү жолу өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык кандай жүрүп жатканын көрсөтөт. Быйыл оюнга кимдер катышат, кандай жаңы спорттун түрлөрү кошулду, кандай өзгөрүүлөр кирди – бул суроолорго программадан жооп аласыздар.
Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан байгелүү келаткан кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслованы 31-августта "Манас" аэропортунан күйөрмандары салтанаттуу тосуп алды.
Турду Омуралиев 80 жашта. Ал мындан 45 жыл мурун Кытайдын Кызыл-Суу районуна караштуу Төмөнкүч айылынан Кыргызстанга качып келген.
Бөйрөк ооруларынан жабыркаган бейтаптар Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган "Репоэтин" дарысын колдонууга каршы.
Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 1-августта "Уланбек Эгизбаевдин окуясы дыкат текшерилсин" деген жазуусу бар плакат көтөрүп өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкты.
Бишкекте Эл аралык миграция уюмунун колдоосу жана АКШнын ЮСАИД кызматы менен биргеликте "Адам сатууга каршыбыз" аталышында иш-чара өттү. Ал 1-июлдан, 20-июлга чейин жарыяланган. Көргөзмөнүн башкы максаты - жарандардын укугун, чет өлкөдөгү эрежелерин билбей кор болуп жатышкан мекендештерге түшүндүрүү
28-июлда жапон элинин маданиятын тартуулаган иш-чара өттү. "Музыкалык Эркиндик" деп аталган иш-чарага шаардыктар, ордо калаанын коноктору катышты. Көрөрмандар жапон аспаптарында да ойноп көрүштү.
70 жаштагы Умарали Жаркынбаев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында жашайт. Карыя үлүшкө тийген жерине картошка, помидор, жүрөгү айдап, багбанчылык менен алектенет.
“Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев киши колдуу болгону баштапкы изилдөөдө аныкталган жок.
Адреналин, эркиндик, драйв! Бүгүнкү каармандарыбыз бул сезимдер менен жакындан тааныш. Алардын жашоо образы башкалардан өзгөчө. Алар үчүн бул нерсе бүтүндөй бир дүйнө. "Азаттык+" бул чыгарылышта дал ушул өзгөчө маданияттын өкүлдөрү тууралуу кеп салат.
18-июлда Бишкекте “Боорукер бол” аталышындагы жаңы медиа өнөктөштүктүн бет ачары болуп өттү. Бул иш-чара ВИЧ менен жабыркаган адамдарга карата басмырлоону болтурбоого багытталган.
Бүгүн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде "Carpol" уюму тарабынын мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар үчүн IT-технология боюнча окутуу курсу башталды.
“Азаттык+” бул чыгарылышын жогорку окуу жайларды акмалап, кесип тандоо алдында турган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арнады.
"Азаттык+" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы балдардын жайкы эс алуусуна арналды.
Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында 300гө жакын адамдын катышуусунда "Colorfest" боёк фестивалы өтүүдө. Фестиваль "Боёктор кетет, көз ирмемдер калат" деген ураан менен башталды. Боёк фестивалы 2016-жылы Ысык-Көлдө, 2017-жылы Токмокто өткөн.
Дагы жүктөңүз