"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
Эмне үчүн жаштар чоң саясатка аралаша албай жатат? Эмне үчүн демилгелүү жаштардын сунуш-пикирлери эске алынбайт? Буга балким жаштар өздөрү күнөөлүү болуп жүрбөсүн? "Азаттык+" бул чыгарылышта саясаттагы жана саясатка келем деген жаш активисттер менен ушул суроолорго жооп издейт
"Азаттык+" бул чыгарылышта айылды алга сүрөгөн азаматтар менен тааныштырат.
Бүгүн 22-июнда калаадагы ботаникалык бакчада баңгизатка каршы марафон болуп өттү. Иш-чаранын башкы максаты - жаштардын, дегиле шаар тургундарын баңгизаттан жана кылмыштуулуктан сактоо.
“Азаттык+” бул чыгарылышын миграцияда жүрүп билим алып, иштеп, тажрыйба топтоп, мекенинин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан өжөрлөргө арнады.
Кыргызча так сүйлөп, кара жорго бийлеген калпакчан робот. Оор салмакты ойлонбой көтөргөн темир кол. Булардын баары технологияны өнүктүрүүнү максат кылган жигердүү жаштардын эмгектери. "Азаттык+" бул чыгарылышында жаш ойлоп табуучулардын роботтору менен тааныштырат.
Ала качуу оор кылмыш болгонуна карабастан эмне үчүн бул көрүнүш токтобой жатат? Буга тарбиянын жоктугу, үй-бүлө куруу жоопкерчилигинин аздыгы жол берүүдөбү же дагы эле аны салт деп эсептеген көз караш күчтүү болуп жатабы? "Азаттык плюс" бүгүн ушул суроолорго жооп издеди.
Акыркы жылдары студенттер арасында каникулда чет өлкөгө чыгып иштеп келүү тренд болуп баратат. Алар өзгөчө Түркия, Германия өлкөлөрүнө барып иштеп, капчыгын толтуруу менен бирге саякаттап да келишүүдө. Бирок арасында ортомчу агенттиктерге алданып же саякаттан да, акчадан да куру калып кайтып келгенд
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Ош шаарындагы окуучу кыздардын мушташы чоң талкууну жаратты. Мындай окуялар аймактын булуң-бурчунда көп болот. Өспүрүмдөрдүн мындай зөөкүрлүккө барышына эмне себеп? "Азаттык+" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы ушул темага арналды.
Алар бизнестерин 14 жашында башташкан. 20 жашында болсо "биринчи миллион" сомун табышкан. Алар тобокелчиликке баруудан коркушкан эмес. Ар бир жеңилүү аларды кайра чыйралткан. Алар кыялданып гана тим болбостон, ошол кыялдарын ишке ашыруунун жолун мыкты билишет. Алар бир нече ишкана ачып көптөгөн ад
Акыркы жылдары сексенден ашык улут жашаган Кыргызстанда өз келечегин көргөн чет өлкөлүк жарандардын саны арбып барат. Аларды Кыргызстанга эмне тартып турат? Кандай көрүнүштөр суктандырып, кандай жагдайлар таң калтырат? "Азаттык+" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы ушул темага арналды.