Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

ИИМдин алгачкы версиясы: Эгизбаев сууга чөккөн


“Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев киши колдуу болгону баштапкы изилдөөдө аныкталган жок. Акыркы бүтүм бир айдан кийин чыгат. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал акыркы жылдары "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы программасы үчүн коомдо зор талкуу жараткан бир катар орчундуу иликтөөлөрдү даярдап, обого алып чыккан. Журналист былтыр октябрда үйлөнгөн, жубайы экөө жакында биринчи баласын күтүп жатышкан.

24-июлда Ички иштер министрлигинде өткөн басма сөз жыйынында “Азаттыктын” Чолпон-Атада күтүүсүз жагдайда каза тапкан кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин өлүмү тууралуу маалымат берди.

Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев соттук-медициналык экспертизанын алгачкы жыйынтыгы чыкканын, журналисттин киши колдуу болгону аныкталбаганын, акыркы бүтүм бир айдан кийин чыгарын билдирди:

Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

- Акыркы жыйынтык бир айдан кийин белгилүү болот. Баштапкы диагноз боюнча, ал чөгүп кеткен. Маркумдун денесинде күчтөп залал тийгизүүнүн издери жок. Ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Окуя болгон жерден алыстан тартылган видеотасма алынды, экспертиза жүрүп, күбөлөр суралып жатат.

Буга чейин Ички иштер министрлиги журналист кырсыктаган "Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн маалымдаган. ​

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев - журналисттин сөөгүн өлүкканадан көргөндөрдүн бири. Эл өкүлү маркумдун денесинин эки жерине көңүл бурганын айтты:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Мен Чолпон-Атадагы өлүкканага киргенде Уландын моюн жагынан жана бут жагынан сызык көргөм. Бирок мойнундагы сызыкты такай жанында жүргөн достору мурда эле болгонун тастыкташты. Анан Бишкектеги өлүкканада бир бутунун арт жагында бир аз сызык турган, бирок жаңы же эски экени белгисиз. Ошондуктан дароо экспертиза жасап жаткандарга көрсөткөнбүз. Аны алып, "атайын экспертизадан өткөрөбүз" дешкен. Эми ошонун жыйынтыгын күтүшүбүз керек.

Укук коргоочу, "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Уланбек Эгизбаев даректүү жана социалдык видеобаяндары аркылуу ондогон адамдардын сообуна калган, эми анын тагдырын изилдеш керек” деп эсептейт:

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

- Журналисттин коопсуздугу Кыргызстанда начар экен деп айтат элем. Журналисттер өзүнүн оюн билдирип, кесиптик ишин жүргүзгөн учурда да аларды коргоочу каражаттар жок экенине күбө болуп жатам. Уланбектин тагдырын изилдеш керек жана чекит койбош керек.

Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG