"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
"Азаттык +" бир жыл ичиндеги берүүлөргө саресеп салып, эң кызыктуу, эфир сыртында калган учурлар менен бөлүшөт. Өткөрүп жибербеңиз! Саат 21:30да төмөнкү даректерден көрүңүз: ЭлТР, Youtube: Azattyk каналы, сайт: azattyk.org, Instagram: azattyk.kg, Facebook: Kyrgyz Azattyk Unalgysy.
Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов баштаган ондон ашык айыпталуучуга карата сот өкүмү чыкты. Өкүмгө ылайык Албек Ибраимов 15 жылга кесилди. Ал эми Кубанычбек Кулматов баштаган айыпталуучуларга сот айып салды.
Кыргызстанда балдар үйлөрүнөн жыл сайын 300дүн тегерегинде бала тарбияланып чыгат.
Берүүнү жума күнү 21:30да ЭлТР каналынан, "Азаттыктын" сайтынан жана социалдык баракчаларынан көрүңүздөр.
Зарлык Нышан уулу экологияга зыян келтирбеш үчүн ток менен жүгүргөн автоунаа сатып алган. Тактап айтканда ал үч жылдан бери "Ниссан Лиф" үлгүсүндөгү электромобиль айдайт. Бир жолу кубаттаганда 120 чакырымга чуркаган автоунаанын баасы 10 миң доллар турат.
Бүгүн Бишкектеги “Ынтымак” сейилдөө паркында “Биз зомбулукка каршыбыз” деген аталыштагы жөө жүрүш өттү. Иш-чара коомго гендердик теңукуктуулукту жайылтуу менен шаар тургундарын спортко үндөө максатында уюштурулган.
Бишкек шаарынын ышка чулганып жатышы коомдун кызуу талкуусунда. Эл арасында буга автоунаалардын газдары, үйлөрдүн жана мончолордун мешинен чыккан түтүн себеп болууда деген пикирлер бар
Бишкектин тургуну Бактыгүлдүн азыр баш калкалай турган жери жок. Буга байланыштуу Боорукердик үйүндө жашап жатат. Ал күн жылуу кезде эмчектеги баласы шаар четиндеги токойдо жашаганын айтып берди. Эки кыздын энеси Чолпонду болсо ата-энеси 50 жаштагы кишиге күйөөгө узаткан экен.
Дүйшөмбүдө жаштар “Азаттыктын” чыгаан журналисти Улан Эгизбаевди эскеришти. Аны Улан Эгизбаев атындагы коомдук жаштар бирикмеси уюштурду.
«Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин журналисттери Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнө Бишкек шаарынын тургундарынын пикири кандай?
1960-жылдары "кыргыз керемети" аталган кыргыз киносун бүгүн кимдер улантып жатат? Азыр жаш киночуларды эмне түйшөлтөт? "Азаттык+" бүгүн 13-14 жаштагы жеткинчек режиссерлор тууралуу айтып берет.
"Азаттык плюстун" кезектеги чыгарылышында той темасына токтолдук. Берүүдө кафе-ресторан кургандар көбөйгөнү ошол эле маалда насыяга той өткөрүп, кыйналган мекендештер тууралуу сөз болот. т
Ушул убакытка чейин опера жана балетти жанынан көрө элек болсоңуз, алар тууралуу көп кызыктарды билбесеңиз - бул берүү сиз үчүн. Искусство деп күйгөн жаштарды "Азаттык+" кепке тартты.
Айдай Аманкулова буга чейин Америка өкмөтү толугу менен каржылаган ACCELS, FLEX, GLOBAL UGRAD жана GLOBAL VILLAGE программаларын ийгиликтүү бүтүргөн. Учурда каарманыбыз аймактардагы жигердүү мектеп окуучуларын FLEX программасы аркылуу Америкага жөнөтүүгө көмөктөшүп келет.
Жаштарды түйшөлткөн үй маселесин "Азаттык плюста" талкуулайбыз. Кантип ыңгайлуу шартта үй алса болот? Мамлекеттик ипотекалык компанияда жаштар үчүн жеңилдетилген программалар каралганбы? Менчик курулуш компаниялардын шарттары кандай? Суроолорго талкуудан жооп алыңыз.
"Азаттык плюстун" каармандары бул жолу чет өлкөнүн мыкты окуу жайларынан стипендия алып, бекер билим алуунун жолдорун айтып беришет.
Бул окуя окуучулардын транспорттогу коопсуздук көйгөйүн күн тартибине алып чыкты. “Азаттык+” бул жолу ушул маселени талдап, чечүү жолдорун издейт.
Байдарка, конкур, фехтование, ок атуу - олимпиадалык спорттун бул түрлөрү сизге таанышпы? Кыргызстандан дүйнөлүк мелдештерде өлкөнү таанытып жүргөн спортчуларды билесизби? "Азаттык плюстун" жайыла элек жакшы спорттор тууралуу берүүсүн көрүңүз.
сүрөт, видеолорун кантип монтаждашат,өздөрү кимдердин баракчаларына жазылган - баарын ушул берүүдөн таба аласыз. Баса, смм адисинен пайдалуу кеңештер бар.
АКШдан келген режиссер жана продюсер Юджиния Чанг Кыргызстандагы ала качуу, кыздардын укуктары, үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамилеси, бири-бирин колдоосу тууралуу эки сааттык тасма тартты.
Дагы жүктөңүз