"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
"Азаттык+" бул жолу эч нерсеге карабай илим изилдөөгө берилип, келечекте жаңы ачылыштарды жасайм деген жаш илимпоздор менен тааныштырат. Алардын арасында малдын тукумун жакшыртууну кыялданган, гүлдөрдөн нан жасоону эңсегендер тууралуу кеп болот.
Зеренин “Сүйүнчү” деген ыры ушул тапта Интернетте кызуу талкууланып жатат. Айрыкча ырдын аталышы менен клибин жактыргандар арбын. “Азаттык” ырчы Зерени кепке тартты.
Кыргызстанда мыкты аниматорлор кимдер? Алардын эмгектери кайсы өлкөлөргө сатылат? Канча киреше табышат? "Азаттык +" бул жолу Кыргызстандагы анимация дүйнөсүн айтып берет.
Контейнер мектеп, катага толгон китеп, туура эмес жазылган аттестат менен дипломдор жана билим берүү министринин кызматтан кетиши - мындай кабар учурда кызуу талкууда. “Азаттык+” бул жолу жаштар менен билим берүүнү кантип оңдойбуз деген суроого жооп издеди.
Алардын ичинен бүгүн биз Бишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектепке баш бактык
Кыргызстан 28 жыл аралыгында кандай бийиктиктерди багынта алды? "Азаттык+" муну өлкө эгемендик алган жылы туулган уул-кыздардын мисалында салыштырып көрсөтүп берет.
Байтиктин Кайырма айылынын тургундары он жылдан бери иштеп жаткан “Тоо-шагыл” жоопкерчилиги чектелген ишканага нааразы. Алар аталган ишкана Кайырма айылынын борбордук жолу аркылуу 40 тонналык машинелер менен таш ташып, жолду жарактан чыгарды деп эсептешет.
"Азаттык+" бул жолу абактагы өспүрүмдөрдүн аянычтуу тагдыры тууралуу тасма даярдады. Жаштайынан кылмышка аралашып, түрмө көргөн балдардын арасында ыр жазгандар, коён баккандар, устачылыкка кызыккандар да бар. Алардын үмүтү, өкүтү, кыялын жарым сааттык берүүбүздөн көрүңүз.
Биринчи май райондук соту мурдагы судья Элвира Жаркеева баштаган алты кишиге тиешелүү кылмыш ишти кароону улантты.
"Азаттык плюс" бул берүүсүн кесип тандоо алдында турган абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине арнады. Келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап өсүп, кайсы кесиптер жок болорун адистер менен биргеликте аныктаганга аракет кылышты. Эгер сиз мектепти жаңы бүтүп, кесип тандай албай турсаңыз биздин бер
8-июлда Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда президент Сооронбай Жээнбеков жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган 52 улан-кызга «Алтын сертификат» тапшырды.
"Азаттык+" бул жолу кыргыз клип дүйнөсүндөгү көрүнүштөрдү талкуулады. Кыргызстандагы эң көп көрүлгөн жана эң кымбат клиптер кайсылар? Сапаттуу клиптердин жаралышына эмне тоскоол болуп жатат?
«Азаттык+» бул жолу Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосундагы «Жаш булак» лагеринде болду. Бул лагерге Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, Орусия, Беларус жана Өзбекстандан жигердүү 250 улан-кыз келди. Алар Кырчын жайлоосунда эң үнөмдүү шартта жашашат.
«Азаттык+» бул жолу жаш саясатчылар менен алардын мамлекетти башкаруудагы орду жана ролу тууралуу баарлашты. 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоодо жаштар кандай күчкө ээ болоорун берүүдөн көрүңүз.
"Азаттык+" бул жолу Ноокаттын дымактуу тургундары, шаардыктардан кем калышпай, фитнес менен машыккан ноокаттык эжелер, эзели суу жетпеген Он-Эки-Белдеги жаңы конуштарга суу чыгарган Жигитали Рахманов, бала кезиндеги кыялына 63 жашында жеткен Мукум Матиков тууралуу айтып берет.
"Азаттык+" бул чыгарылышында эки улуттун өкүлү жетектеген муниципалдык аймактык башкармалык, эки улуттан куралган бактылуу үй-бүлө тууралуу айтып берет.
Сокулук районундагы Төмөнкү Орок айылында болгон окуядан кийин чогулган эл 6-июнда ынтымак менен тарады.
5-июнда Чүйдүн Төмөнкү Орок айылында мушташ чыкты. Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, эртең менен айылдагы мечитте Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм бала уруша кеткен. Экөө бирөөнү сабап салган.
"Азаттык+" бул жолу Бишкекке келип туруктуу жашап калган чет өлкөлүктөр менен баарлашты.
"Азаттык+" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы бала тарбиясына арналды.
Дагы жүктөңүз