"Азаттык" радиосунун "Мигрант медиа" долбоорунун Оштогу кабарчысы
Жекшембиде Оштогу борбордук базардан сел агызып кеткен аялдын сөөгү 16-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы сайдан табылды. Ал - 39 жаштагы Б.А. аттуу жаран. Буга чейин Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө селге агып кеткен төрт кишинин сөөгү табылып жерге берилген.
14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, ал агызып кеткен баланын сөөгү табылды. Дагы төрт киши изделип жатат. Ошто Ак-Буура дарыясы ташып, базарды каптады, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. "Азаттык" базарга барып, ал жердеги абал менен таанышты.
20 жаштагы Нурмухаммед Токобаев маңзат сатууга шек саналып, 1-апрелде Москвада кармалды. Ал курулуш жана жеткирүү кызматында иштеп жүргөн. Жакындарына “Украинага барасың деп жатат” деп телефондон айтууга үлгүргөн. Ата-энеси уулуна тагылган айыпты четке кагып, кыргыз бийлигине жардам сурап кайрылды.