Тажик баш калаасында 11-12-сентябрда ШКУга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити болот. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы да катышат.
Конкуренцияга жөндөмдүүлүк боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен эң артта калды.
Кыргызстан экономикасы быйылкы жылы белгиленген өсүштү камсыз кыла албасын Экономика министрлиги моюнга алды.
Кыргыз бийлигинин 2015-жылдан баштап Бажы биримдигине кирүү чечимине ылайык, өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлордун топтомун парламентке жолдоду.
Узап бараткан жумада Баткенде кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды. буга улай эле кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү уланды.
Кыргызстан жарандары Түркия аркылуу Сирияга барып, согушка катышып жатканы атайын кызматтар тарабынан тастыкталган. Жарандар Сирияга кандай жол менен кетип жатканын иликтөөгө алган Кыргызстандын мурунку акыйкатчысы Турсунбек Акун жакында Түркияда болуп, Сириядан качып чыккан кыргыз жарандары менен жолугуп кайтты.
Узап бараткан жумада “Ата Мекен” фракциясы уюшкан кылмыштуулукка күрөштү талкуулады.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясына тарифти көтөрдү. Бирок ишкерлер тарифтин көтөрүлүшүнөн мурда электр энергиясын чектөөгө көбүрөөк тынчсызданууда.
Кыргызстандын тышкы карызы расмий эсеп боюнча 3.5 млрд. доллардан ашып кетти. Ал карыздар кайдан жана качан алынган? Финансылык абалы оорлошуп турган мамлекет үчүн мамлекеттик карызды тейлөө кандай жүрүүдө?
Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине 2015-жылы кирүү максатын тастыктады.
Узап бараткан жумада Бишкекте “Борбор Азия+Жапония” диалогу болду. Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссия жыйналды. Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнө 100 күн болду.
Узап бараткан жумада кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды. "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бийликтен кечирим сурады.
Кыргызстанда кышка даярдануу адатта оор жана чырлуу иш. Быйыл да ошол көрүнүш кайталанчудай болуп турат. Токтогулда суунун аздыгы да абалды оорлоштурууда.
Орусияда кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин кармалышын Кыргызстандагы келерки шайлоого байланыштыргандар да бар.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен “Ата Мекен” фракциясынын ортосунда ажырым пайда болду.
Кыргызстандын тоо-кен тармагында келишпеген жагдайлар арбын. Кумтөрдөгү кылым чырын эске албаганда эле Жерүй, Калесай, Куттусай кендери боюнча соттук териштирүүлөр бар. Жакында эле британиялык дагы бир компания кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитражга берүү ниетин билдирди.
Жогорку Кеңештин профилдик комитети 23-июндагы жыйынында электр энергиясына тарифтер боюнча өкмөттүн сунушун колдоп берди.
Борбор Азия регионунда Өзбекстанды кошпогон энергетикалык шакекче куруу демилгеси көтөрүлүүдө.
Узап бараткан жумада Өзбекстан газ үчүн Сох анклавына коридор сураганы маалым болду. Алайда жол тоскондордун делегациясын парламент төрагасы жана өкмөт башчы кабыл алды.
Электр энергиясына бааны көтөрүү тартиби жарыяланды. Кумтөрдүн иш планын өкмөт бекитип берди. Жогорку Кеңештин акыйкатчынын баяндамасын жактырбоо добушу чыр жаратты.
Дагы жүктөңүз