Саммит “Кызматташуу, биргелешип өнүгүү жана гүлдөө” деген девиз менен өтөт.
Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, АлмазбекАтамбаев 11-сентябрда Тажикстанга жөнөп кетет. Бул күнү саммитке катышуу үчүн Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө башка өлкөлөрдүн президенттери да Дүйшөмбүгө келишет. 12-сентябрда расмий сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгында Дүйшөмбү декларациясына кол коюлат.
Саммитте регионалдык жана дүйнөлүк абал, уюмдун алкагында кызматташуу маселелери талкууланары кабарланган.
ШКУнун баш катчысы Дмитрий Мезенцевдин маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, саммитте жаңы мүчөлөрдү кабыл алуунун жол-жоболору бекитилиши күтүлөт. Ошондуктан Дүйшөмбү саммитинде жаңы мүчөлөр кабыл алынбайт.
2013-жылдагы Бишкек саммитинде Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө болууга Индия жана Пакистан арыздарын бергени маалым болгон. Иран да мүчөлүккө кызыгып келет. Бирок Индия менен Пакистандын Кашмир боюнча конфликти, Иранга болсо Бириккен улуттар уюму тарабынан киргизилген санкция уюмга мүчө болушуна тоскоолдук кылып турганын талдоочулар белгилешүүдө.
Бирок саммит Дүйшөмбүнү кыска мөөнөткө болсо да дүйнөлүк саясаттын чордонуна айлантат. Анткени анда батыш менен катуу тирешип жаткан Орусия Шанхай кызматташуу уюмунан, анын ичинде таасирлүү Кытай, Индия, Ирандан колдоо алууга аракеттенбей койбойт.
Азырынча Батыш менен эки жээк болуп турган Кытай Орусияга жан тартып келатканы маалым. Ал эми Батыштын санкцияларына туш болгон Орусия менен Иран акыркы кезде тездик менен жакындашып баратат. Эки өлкөнүн президенттери Дүйшөмбүдө жолугушуп, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Белгилүү болгондой Ирандын президенти Хасан Роухани 8-10-сентябрда Казакстанга сапарынан кийин Тажикстанга расмий сапар менен келди. Ал ШКУнун саммитине байкоочу катары катышат.
Дүйнөлүк ири мамлекеттердин тирешүүсү күчөп турган мезгилде өтө турган бул саммит өзгөчө мааниге ээ дейт Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов:
- ШКУ эң биринчиден бул - чоң саясий майдан. Ал саясий майданда кандай сүйлөшүүлөр болот? Анткени бүгүн АКШ баш болгон батыш мамлекеттери ШКУнун чоң мамлекеттерине, ошол эле Иранга дагы, Кытайга дагы, Орусияга дагы басымдуулук кылып, үстөмдүгүн жүргүзүүгө аракеттенүүдө. Албетте мындай саясат бул мамлекеттердин саясатын, коопсуздугун бекемдөөгө, аскерлерин күчөтүүгө алып келет.
Бирок Жекшенкуловдун пикиринде, Кыргызстан үчүн дүйнөлүк ири мамлекеттердин тирешпей, тил табышып, кызматташуусу маанилүү.
Саясат таануучу Марат Казакпаевдин пикиринде болсо, Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинде Кытай өзүнүн “Жаңы жибек жолу” экономикалык долбоорун сүрөөгө аракет жасайт. Ошондой эле президенттик шайлоосунун тагдыры чечилбей жаткан Ооганстан маселеси да көңүл борборунда болот. Ал эми Орусиянын батыш менен мамилеси саммитте каралбайт:
- Орусия Украина боюнча келишимге келишти. Азырынча конфликтти токтотту. Орусия бул маселени алып чыгары белгисиз. Бирок ал дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Көбүнчө Ооганстан маселеси чыгат.
Казакпаевдин айтымында, Украина чатагы Борбор Азияда кайталанбайбы деген Казакстандагы чочулоолор, Кремлдин айрым сөздөрүнөн кийин Астананын Бажы биримдигинен, Евразия экономикалык аймагынан чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсү саммиттин бир жактуу болбошунан кабар берет.