Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Апта: Чек арада кайрадан чыр


Кыргыз-тажик чек арасына топтолгон тажик жарандары. Тажикстан, Согду облусу, 25-август, 2014.
Кыргыз-тажик чек арасына топтолгон тажик жарандары. Тажикстан, Согду облусу, 25-август, 2014.

Узап бараткан жумада Баткенде кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды. буга улай эле кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү уланды.

Мындан сырткары узаган аптада кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү аталган Арзымбаевди атып кетишти. Кыргызстанга “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер келди.

Кошуналар чек арада атышты, бирок сүйлөшүүнү үзбөдү

26-27-августта Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны болду. Анда кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Абдырахман Маматаилев, тажик тараптыкын вице-премьер-министр Муродали Алимардон жетектеди.

​Делегациялар жолугушаар алдында, 25-августта кечке жуук Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, эки тажик жараны окко учуп, бир нечеси жарадар болгону маалым болду.

Кыргызстан Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева ок атылышынын себеби тууралуу буларды маалымдады:

- 25-августта Лейлек районундагы Сай жергесинде Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Тажик чек арачылары макулдашыла элек чек ара аймагында Кыргызстанга 800-900 метр тереңдеп кирип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасашкан. Биздин чек арачылар ага жол беришкен эмес. Тажик тарап биринчи ок атып, минамет колдонгон. Ок атышуу 20-30 мүнөт созулган. Тажик тараптын жарандары кыргыз чек арачыларын таш бараңга алып, көпүрөнү бузууга аракет жасашкан. Кыргызстан тараптан жабыркагандар болгон эмес.

Бул окуядан кийин Кыргызстан чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууга өттү.

Ок атышууда кыргыз тарап жабыркабаган менен Тажикстан аймагына өтүп калган кыргызстандык бир мугалим катуу сабалганы 26-августта маалым болду.

Чек арадагы мына ушул инцидентке карабай Бишкекте чек араны делимитациялоо боюнча вице-премьер-министрлер жетектеген өкмөттүк делегациялардын иши уланды.

Ал эми тышкы иштер министрликтери бири-бирине нота жолдошту. Тажик тараптын нотасында “республиканын калкын жана жерин коргоо үчүн бардык чаралар жана каражаттар колдонулары” айтылды. Бул жөнөкөй тил менен айтканда Тажикстан куралдуу күчтөрүн колдонот дегенди туюнтат.

Чек ара боюнча кыргызстандык эксперт Саламат Аламанов тажик нотасынын мазмуну тууралуу буларды билдирди:

​- Бул дипломатиялык мамилелерге жатпай турган нота болуп калыптыр. Анын мазмунуна күч органдарынын таасири көбүрөөк тийгендей. Албетте, чек ара маселесин автоматтын күчү менен чечүүгө болбойт. Ага жол бербеш керек. Өзгөчө кошуна Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мындай абал түзүлбөш керек эле.

Саламат Аламановдун пикиринде, ок атышкан, киши өмүрүнө забын келтирген окуяларга жол бербеш үчүн биринчи кезекте чек араны делимитациялап алып, андан кийин курулуш жана чарбалык иштерди жүргүзүү керек.

Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей чектеш айылдарда жолдон өтүүдө кыйынчылыктар, келишпестиктер эки мамлекеттин жарандарынын ортосунда кагылышууларды жаратып, кыргыз тарап жол куруу жана делимитациялоону параллель жүргүзүүнү жактаганы маалым.

27-августта аяктаган чек араларды делимитациялоо боюнча жыйында эки тарап Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш жана Ворух - Исфара жолдорун бир убакта кура баштоону макулдашты.

Тажикстандын чек араны делимитациялоо боюнча делегациясы узаары менен дагы бир делегациясы келди. Тажик өкмөтүнүн вице-премьер-министри Азим Иброхим жетектеген ал делегация эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйынын өткөрүүгө келди. 28-августта өкмөттөр аралык комиссия жыйын куруп, 29-августта анын жыйынтыгы боюнча протоколго кол койду. Анда сууну биргелешип пайдалануу, Кыргызстандын Тажикстандагы, Тажикстандын Кыргызстандагы объекттеринин документтерин тактоо, чек арадан өтүүнү жакшыртуу боюнча иштер белгиленди.

Алексей Миллер Кыргызстанга келди...

Энергетикалык кризиске кабылып турган Кыргызстанга “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер 27-августта келди. Ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушту. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча кеңири маалымат берилбей, болгону Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу жана кышка даярдыгы талкууланганы айтылды.

Расмий адамдар Алексей Миллердин Бишкектеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматты президент Алмазбек Атамбаев 31-августта эгемендүүлүк күнү жарыяларын айтышууда.

Айрым маалыматтарга караганда, Миллер кыргыз жетекчилиги менен “Газпромдун” “Кыргызгазды” сатып алуусу боюнча келишимде көрсөтүлгөн долбоорлорду аткарууга киришүүсү, тактап айтканда, “Газпромдун” Көгарт жана Чыгыш-Майлуу-Суу 4 газ кендеринде бургулоо иштерин баштоосу, Кыргызстандын газ тармагын модернизациялоо

иштерин баштоо боюнча сөз болгон. Бирок Ош шаарын, түштүк регионду газ менен камсыздоо дүйнөлүк гигант “Газпромдун” да колунан келбеген иш бойдон калып турат. Кыргыз өкмөтү электр энергиясы тартыш болуп турганда газга өзгөчө үмүт артып турат. Ошондуктан түндүк регионду, өзгөчө Бишкекти газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо Миллер менен сүйлөшүүдө көңүл борборунда турганы анык.

Кышка даярдык көрүү максатында өкмөт жетекчилери жума бою региондорду кыдырып, жыйындарды өткөрүштү. Энергетикалык кризистин шартында өкмөт көмүргө басым жасоого калкты жана жергиликтүү бийликтерди үндөөдө.

Кышка даярдыкта өкмөттү энергоресурстардын жетишсиздиги көп убайымга салса, калкты тарифтер чочулатууда. Айрыкча аз камсыз болгон жарандарды жана пенсионерлерди үйлөрдү жылытууга, ысык сууга жана үч фазага тарифтердин көтөрүлүшү тынчсыздандырууда. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда электр энергиясына эле эмес, жылуулукка жана жылуу сууга да тарифтер көтөрүлдү.

“Бишкекжылуулуктармактар” ишканасынын башчысы Эркин Абдыкалыковдун маалымдоосуна караганда, буга чейин бир гикакалорий 715 сом болсо, 1-июлдан тарта 917 сом болуп калды. Бирок бул чек эмес. Калган тариф үйүңүздүн аянтына жараша коюлат. Эгерде үйүңүздүн аянты белгиленген социалдык нормадан ашыкча болсо, анда ал бөлүгүнө 1557 сомдон төлөйсүз. Социалдык норма төмөндөгүчө аныкталган. Үй ээси үчүн социалдык норма 35 чарчы метр, үй-бүлөнүн калган ар бир мүчөсү үчүн 14 чарчы метрден орун берилген. Мына ушул социалдык нормадан ашкан аянтка 1557 сомдон тариф коюлган.

Энергетикалык эксперт Расул Үмбеталиев жаңы тарифтер жөнөкөй адамдар үчүн оорчулук жаратат дейт:

- Жөнөкөй эл төлөй албай калат. Анткени алар 3-4 миң сом төлөп келсе, азыр 7-8 миң сом төлөп калат. Бүгүнкү күндө адамдар аны анча байкабай турушат. Анткени аларга төлөмдөр келе элек. Алар келгенден кийин түшүнө баштайт. Жылуулукка жана жылуу сууга баалар кескин көтөрүлгөнүн ошондо билишет.

Эксперт жылуулук, электр энергиясына баалардын көтөрүлүшү башка товарларга да баалардын өсүшүнө, демек инфляциянын көбөйүшүнө алып келерин кошумчалады.

"Жин" атылды. Кимдин жини келген эле...

Алтынбек Арзымбаев
Алтынбек Арзымбаев

26-августта Бишкекте “Жин” аттуу каймана аты менен белгилүү болгон Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти. Ички иштер министри Абдулла Суранчиев аны “Ата Мекендин” тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешине депутат болуп шайланган кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү катары атаган. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев “Жин” алда качан эле фракциянын чечими менен мандаттан ажыратылганын жана аны менен эч кандай байланыш жоктугун билдирген.

Алтынбек Арзымбаевдин өмүрүнө жаз айында да кол салуу болгон. Бирок анын артында ким турганы жабык бойдон калган. Болгону анын Кара-Көл шаарынын мурунку мэри менен касташкан жайы бар экени айтылган.

“Ата Мекен” партиясы криминалга каршы жаңы күрөштү жарыялап, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданына коюлган криминалдык аталык Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин атын алдырып салууга жетишкенден кийин Алтынбек Арзымбаев атылып олтурат. Ошондуктан бул Камчыбек Көлбаевдин “Ата Мекен” лидерине “саламы” болушу мүмкүн деген жоромолдор жаралууда.

Бирок милиция Арзымбаевдин атылышында криминалдык териштирүүлөргө көбүрөөк басым жасап жатканы маалым.

Арзымбаевдин атылышы күзгү саясий сезонго оро-пара келүүдө. Белгилүү болгондой 1-сентябрда окуу мезгили менен кошо саясий активдүүлүктүн мезгили башталып, парламенттин эшиги да ачылат. Ошондуктан саясий жүрүштөр жана күрөштөрдүн жаңы этаптары башталат. Анын алгачкы учкундары 20-августта “Ата Мекен” фракциясынын кезексиз жыйынында эле байкалган. Эми атамекенчилер криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин бошотулуш жагдайын иликтеген депутаттык комиссиянын ишин кайра жандантууну көздөп жатышканын билдирди.

Фракциянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев бул маселе боюнча мындай оюн айтты:

-Тайырбек Сарпашевдин колу коюлган өкмөттүн токтому келген. Анда Азиз Батукаевди бошотууда эч кандай мыйзам бузулган эмес, эч кандай күнөөлүүлөр жок деген. Анан көп өтпөй эле Башкы прокуратура Батукаевдин бошотулушунда мыйзам бузууларды таап, кылмыш ишин козгоду. Эми депутаттар суроо коюп, ким жаңылып жатканын аныкташ керек, Тайырбек Сарпашевдин колу коюлган өкмөттүн чечимиби туурабы же кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратураныкы туурабы?

Жоомарт Сапарбаев бул маселени Жогорку Кеңештин сессиясында көтөрөрүн белгиледи.

Ошентип кышка даярдык, өкмөттүн тагдыры, өзгөчө президент Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тымызын тирешүүлөрү саясатта бүйүр кызыткан темалардан болууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG