Ал экономикага терс таасирин тийгизген негизги фактор катары Орусия менен Батыштын санкциялык кармашуусун атады. Он ай ичиндеги экономикалык көрсөткүчтөр эмнеден кабар берет?
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын он айында ички дүң продукция 3.7% өстү. Кумтөрдү кошпогондо өсүш 3.9% жеткен. Тармактар ичинен курулуш 23.8%, энергетика 7.5%, өнөр жайы 2.4%, тейлөө жана соода тармактары да 5-7% тегерегинде өскөн. Бирок айыл чарбасы 1% жакын төмөндөгөн.
Инфляция он ай ичинде 7% түзгөн. Кыргызстандыктардын орточо айлыгы 12 миң сомго жакындап барды. Тышкы соодада тескери сальдо сакталып, тогуз ай ичинде импорт дээрлик 4 млрд. доллар, экспорт 1 млрд. 100 млн. долларга жакын сумманы түзгөн. Демек, тескери сальдо төрт эсеге жакын. Тышкы соодадагы мына ушул тескери сальдо улуттук валюта сомдун туруктуулугуна урулган сокку экенин адистер белгилеп жатат.
Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандын экономикасы акыркы мезгилде өсүү темпин күчөттү. Маселен, тогуз айда экономика 3% өскөн болсо, он айдын жыйынтыгы боюнча 3.7% өсүшкө жетишкен.
Өкмөттүн кош сценарийи
Экономика министрлигинин Макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев бир айдын ичиндеги бул өзгөрүүнү айыл чарбасында түшүмдүн жыйналуусу менен байланыштырды:
- Айыл чарбасы 97.8% болгон. Азыр 99.2% болду. Себеби, жыйым-терим бүттү. Ошолордун жыйынтыгы чыкты. Ошонун эсебинен болду. Курулуш тармагы 23.8% өстү. Бардык кызмат көрсөтүү тармагы өткөн айга караганда көбүрөөк өстү.
Насирдин Шамшиевдин пикиринде, жылдын аягына чейин Кыргызстан экономикасы 4% тегерегинде өсөрү күтүлүүдө. Өкмөт экономиканын өсүшү боюнча оптимисттик жана пессимисттик сценарийди карап жаткан. Анын биринчиси боюнча, жылдын аягына карай экономика 4.5%, экинчиси боюнча 2.9% өсүш керек эле. Азыркы кезде анын ортосундагы көрсөткүчтөр күтүлүп жатканы маалым болууда.
"Өсүш кагазда эле"
"Бирок бул көрсөткүчтөр калктын турмушун оңдоого салым кошо албайт", - дейт экономист Мейманбек Абдылдаев:
- Муну менен калктын турмушун оңдоого болбойт. Бул өкмөттүн экономика төмөндөбөй, өстү деген отчетуна гана жарайт. Андан башкага жарабайт. Ички дүң продукцияны жан башына бөлүп келгенде эч кандай өсүш жок экени байкалат. Анткени элдин саны өсүп жатат. Инфляция болуп атат. Анан кантип калктын турмушу оңолот. Доллардын курсу көтөрүлгөн сайын, инфляция болгон сайын элдин турмушу начарлай берет.
Мейманбек Абдылдаев Кыргызстандын доллардын курсунун өзгөрүүсүнө көз карандылыгын импорттун өтө көптүгү менен байланыштырды.
Батыш менен Орусиянын ортосундагы санкциялык “согуштар” Кыргызстанга да терс таасирин тийгизе баштаганын өкмөттө да белгилешүүдө. "Мындай шартта өкмөт антикризистик чараларды көрүп, Бажы биримдигинин шартында экономиканын кайсы тармактарын өстүрүүгө басым жасарын аныктап алыш керек эле. Бирок алар жасалбай жатат" деген пикирин айтты Абдылдаев.
Ал эми Насирдин Шамшиев түзүлгөн кырдаалга жараша өкмөттүн аракети бар дейт. Мисал катары ал, калкты электр энергиясы менен камсыздоо багытында жасалып жаткан иштерди, көмүрдүн баасын чектөө чарасын, сомдун курсун кармоо үчүн жасалган интервенцияларды атады.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 11-ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө системдик кризис бар экенин, бирок Кыргызстан Бажы биримдигине кириши менен кырдаал өзгөрөт деп билдирди. Оторбаевдин пикиринде, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен инвестициялык кырдаал жакшырып, инвестиция келет. Мына ошонун эсебинен кризисти басып өтүүгө шарт түзүлөт.