Анда Кыргызстандын Бажы жана Евразия экономикалык биримдиктерине кирүүсүнөн сырткары Бишкек зарыгып турган электр энергиясына байланыштуу маселенин да талкууланышы күтүлүүдө.
Кыргызстандагы энергетикалык кризис расмий Бишкектин Астананын алдында ого бетер ийилчээк болуусуна алып келди. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевден кийин эми президент Алмазбек Атамбаев да Астанага сапар алды. Сапардын башкы максаты Кыргызстандагы энергетикалык кризисти жеңилдетүүгө жардам алуу болуп жатканы маалым.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанга 2 млрд. 300 млн. кВт саат электр энергиясы жетишпейт. Бул тартыштыкты жаап, калкты кышында жарыксыз калтырбоо үчүн Казакстандын жардамы зарыл.
Электр энергиясын сатып алуу боюнча Түркмөнстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок ал Өзбекстан аркылуу транзит маселесине келип такалууда. Ошондуктан энергетикалык каатчылыкты жумшартуунун айласы Казакстандан жана Орусиядан гана чыгууда. Орусиянын электр энергиясы сатылып алынса, ал дагы Казакстан аркылуу өтүшү керек.
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин билдирүүсү боюнча, Жамбылдагы Жылуулук борбору Кыргызстан көтөрө ала турган баада электр энергиясын өндүрүүсү үчүн арзан газ керек. Ансыз Казакстандын бир кВт саат электр энергиясы 10 сомго жакындап барарын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирген:
- Чек арада 28.24 теңге менен ошол электр энергияны ала алат экенбиз. Сомго айландырганда бир киловатт орто эсеп менен 9 сомдон ашык болот. Эгерде биз газ маселесин чечсек, казак кесиптештер "анда биз өндүрүштүк чыгымдарыбызды гана коюп, 1 млрд. кВт саат электр энергиясын сатабыз" деген ойлору бар.
Эгерде “Газпром” Казакстандын Жамбыл жылуулук борборуна газды арзандатып берсе гана бир кВт электр энергиясы чек арада 3 сом 50 тыйынга турушу күтүлүүдө.
Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга сапарынын алдында казак маалымат каражаттары менен маек куруп, анда Кыргызстан быйылкы жылы энергетикалык кыйынчылыктарга кабылып турганын жана жардамга муктаж экенин ачык айткан. Демек 7-ноябрда Астанада Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүдө энергетикалык маселе көңүл борборунда болот. Андан сырткары Кыргызстандын Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине кирүү маселеси да президенттер талкуулаган тема болору кабарланган. Белгилүү болгондой декабрь айында Москвада боло турган саммитте Кыргызстандын бул эки интеграциялык уюмга кирүүсү боюнча келишимди жактыруу күтүлүп жатат.
Алмазбек Атамбаевдин казак маалымат каражаттарына берген маеги.
Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Бейбит Исабаевдин жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, Казакстан Камбар-Ата-1 жана 2 ГЭСтерин курууга катышууга кызыкдар. Ал үчүн долбоорго катышкандардын үлүшү адилеттүү бөлүштүрүлүп, инвестициянын корголуусуна кепилдик берилиши керек.
Камбар-Ата-1 долбооруна Казакстан жана Өзбекстанды тартуу идеясы көптөн бери айтылып келатат. Бирок ГЭСти куруу боюнча Кыргызстан Орусия менен келишим түзгөн. Эгерде Казакстан бул долбоорго кошула турган болсо, анда ал келишим кайра каралып чыгууга тийиш дейт энергетикалык эксперт Эрнест Карыбеков:
- Келишимдер түзүлгөнүнө эки жыл болду. Алар Жогорку Кеңештен жана Орусиянын Думасынан ратификаициядан өткөн. Казакстан кирем десе, анда жаңы келишим түзүлүп, ал ратификациядан өтүшү керек.
Эрнест Карыбековдун пикиринде, бул дагы убакытты талап кылат. Ошол эле кезде Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1де 50% үлүшкө ээ болууну келишкен. Эми кайсы тараптын үлүшүнөн Казакстанга берилет деген да маселе чыгат. Бирок да Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу үчүн 4-5 млрд. доллар талап кылынгандыктан бул Орусия үчүн да оор болуп турат.
Ошентип Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин Астанага сапарында энергетикалык, интеграциялык жана соода-экономикалык маселелер талкууланышы күтүлүүдө.