Жекшемби күнү президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургга сапарынын алдында Кишиневде болгону тастыкталды. Бул жашыруун сапар түрдүү ойлорду жаратты.
16-мартта президенттер Атамбаев менен Путин Санкт-Петербург шаарында жолугушту. Бул жолугушууга чейин 62 жаштагы Путин дээрлик он күндөн бери коомчулукка көрүнө элек болчу.
Узап бараткан жумада оппозиция лидерлери азыркы бийлик мамлекетти тунгуюкка алып келди деп айыптады. Мурунку башкы прокурор менен бийликтин тирешүүсү көмүр коррупциясына барып такалды.
Кыргызстандагы бажы бекеттерин жаңы жабдуулар менен жабдуу Орусиянын “Крокус интернешнл” тобуна тапшырылды.
Бүгүнкү күнгө карай Токтогул суу сактагычында 6 млрд. 800 млн. кубометр суу калды. 6.5 млрд. кубометр суу калганда ГЭСти иштетүү опурталдуу боло баштарын эксперттер эскертишүүдө.
Евразия өнүктүрүү банкынын эсеби боюнча өткөн жылы Кыргызстанга түз инвестиция 70% кыскарды. Анын себептери эмнеде? Быйылкы жылы абал өзгөрөбү?
Кыргызстандын “Центеррадагы” дагы 6.5 млн. даана акциясы камакка алынганы маалым болду. Орусиянын делегациялары Кыргызстанга келип кетти. Келдибековдун бир ишин кыскартууга негиз барбы?
Жогорку Нарын каскадында ГЭСтердин курулушун тездетүү боюнча кыргыз тарап өз сунушун айтты. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев курулушка насыя тартууга Кыргызстан дагы киришүү мүмкүнчүлүгүн билдирди.
“Азаттыктын” “Эки - бир” форматындагы видео жана радиомаектин кезектеги коногу - оппозициялык “Эл үнү” саясий кыймылынын лидери, коомдук, саясий ишмер Азимбек Бекназаров.
3-мартта Бишкекте кыргыз-татар экономикалык кызматташуусу боюнча форум өттү. Ага Татарстандын президенти Рустам Минниханов жана кыргыз өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев катышты.
Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү адамдарды тыкыр иликтеп чыгууну талап кылды. Буга Аида Салянованын партиялаштарынын билдирүүсү себеп болду.
Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча сүйлөшүүнү аяктоого өкмөткө дагы бир ай убакыт берди. Алмамбет Анапияевдин өлтүрүлүшү эмнеге саясатка айлантылды?
26-февралда Жогорку Кеңеш сүйлөшүүсү аяктай элек Кумтөр боюнча келишимди карады.
Борбор Азия регионунда инвесторлор үчүн тобокелчиликтер көбөйгөнүн эксперттер аныктап чыгышты. Саясий тобокелчиликтер боюнча Кыргызстан 37 упай топтоп, Тажикстандан гана туруктуураак деп бааланган. Региондо кандай тобокелчиликтер пайда болду?
Кыргызстанда электр энергиясына тариф акыркы кезде тынымсыз өзгөрүп турууга ыкташты. Ошол максатта тариф саясаты парламенттен өкмөттүн колуна өткөрүлүп берилген.
Узап бараткан жумада саясий партиялардын биригүү жараяны активдешти. Кумтөр маселеси чечиле электе Жерүй алтын кенине сынак жарыяланмай болду. Криминалдык төбөл Алмамбет Анапияевдин өлүмү түрдүү версияларды жаратты.
Бажы биримдигинин инспекторлору Кыргызстандын кайра иштетүү тармактарынын, бажы бекеттеринин Евразия экономикалык биримдигинин стандартында иштөө мүмкүнчүлүгүн текшеришет.
Өкмөт Жерүй алтын кенин иштетүүгө конкурс жарыялоону чечти. Таластагы бул алтын кенди иштетүүгө 2013-жылы да конкурс жарыялап, бирок ал ийгиликсиз аяктаган.
16-февралда парламент комитетиндеги жыйында Ооганстандагы “Чечкиндүү колдоо” аттуу жаңы операция үчүн НАТО Кыргызстан аркылуу жүк ташууга уруксат сурап кайрылганы айтылган.
Кыргызстандагы оппозициялык саясатчылар парламенттик шайлоого даярдык көрө баштады. Алар алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө көтөрө турган ураанын аныктап, кайсы партиянын туусу менен баруу боюнча кеңешүүлөрдү жүргүзүүдө.
Дагы жүктөңүз