Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, 2014-жылы Кыргызстанга 187 млн. доллар инвестиция салынган. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 70% төмөн. Негизинен инвестиция агымы Кытайдан 2,3 эсе, Орусиядан 3,2 эсе, Британиядан 1,5 эсе, Канададан 1,3 эсе кыскарган.
Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү инвестициянын кыскарышы боюнча кошумча маалыматтарды берүүгө убада кылып, бирок аны аткарган жок.
Кыргызстандын Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу боюнча агенттиктин башчысы Алмаз Сазбаков банктын маалыматы расмий статистикага туура келбейт дейт. Бирок ошол эле учурда өткөн жылы Кыргызстанга түз инвестиция 2013-жылга салыштырмалуу төмөндөгөнүн белгиледи:
- Ал расмий статистикага туура келбеген маалымат. 2014-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен 35% кыскарды. Ошол эле көрсөткүч жылдын аягы менен чыгат деп болжоп жатабыз. Бул эки-үч факторго байланыштуу. Биринчиден, чоң-чоң инвестициялык долбоорлордун бүткөндүгү да буга себеп.
Сазбаков аягына чыккан чоң инвестициялык долбоордун негизгиси катары Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводду атады.
Кыргызстанда акыркы кезде курулуш тармагына инвестиция көп тартылып жаткан. Өткөн жылы тармак мына ошонун негизинде 25% өсүшкө жетишкен.
"Бирок бул тармак учурда токтоп калуу коркунучун башынан кечирип жатат", - дейт республикадагы курулушчулар бирикмесинин башчысы Аскарбек Молдобаев :
- Банктар быйылкы жылы доллардан башка насыя бербей жатат. Акылга сыйбаган нерсе. Мамлекет ойлонуш керек да. Доллар менен насыя алуу опурталдуу. Сом менен бербей жатышат. Экинчиден, квартира алып жаткан эл, кишилер да доллардын өсүп кетиши менен кыйналышууда. Ошону менен азыр колу-бутту тушаган кырдаал түзүлүп турат.
Аскарбек Молдобаевдын айтымында, курулуш азыркы кезде буга чейин топтолгон мүмкүнчүлүктүн күчү менен жүрүүдө. Бирок финансылык агымдар токтоп калды. Эгерде ал дагы 3-4 айга уланса көп куруштар токтой баштайт.
Быйылкы жылдагы негизги инвестициялык агым Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан жана республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнөн күтүлүп жатканын Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү маалымдаган. Бул тараптан айыл чарбасы, энергетика, өндүрүш жана туризм тармактарына инвестиция тартуу боюнча долбоорлорго кол коюлуу алдында экенин Алмаз Сазбаков кошумчалады.
Кыргызстандагы ишкерлер бирикмелери инвестициянын кыскаруусун мыйзамдардын, “оюн эрежелеринин” тынымсыз өзгөрүүсү менен байланыштырат.
Маселен, эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Актилек Түнкатаров Кыргызстанда мыйзамдардын иштебегендиги, коррупциянын деңгээлинин жогорулугу, саясий-экономикалык туруктуулуктун жоктугу ишкерлер үчүн негизги көйгөй экенин белгилейт. Ал ошондой Бажы биримдигине кирүү менен ишкерликке шарттардын кандай өзгөрүүсүнүн белгисиздиги да маселе жаратууда дейт.
Инвестициянын кыскарышын Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү аракети менен түз байланыштыргандар да бар. Маселен, “Кыргызконцепт” компаниясынын башчысы Эмил Үмөталиев:
- Бажы биримдигине киребиз дегенден баштап, биз өз ишкерлерибизди да, эл аралык ишкерлердин да көпчүлүгүн үркүтүп алганбыз. Алардын пландарынын көпчүлүгү токтоп, ички капиталдын чыга баштаган фактылары маалым. Ички пландар, соода кыскарып, биз Бажы биримдигине кирүү менен өзүбүздүн экономикабызга оорчулук келтире баштаганбыз
Эмил Үмөталиевдин пикиринде, Бажы биримдигинин шартында монополист айрым ири компаниялардын күнү тууп, чакан жана орто ишкерлик оорчулукка туш болот.