Узап бараткан жумада Аида Салянова президенттен колдоо болбогону үчүн башкы прокурорлуктан кеткенин билдирди. Акматбек Келдибеков сотту улантуу үчүн чет өлкөдөн кайтып келди. Өкмөт өткөн жылдын экономикалык көрсөткүчтөрүн талкуулады.
Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун билдирүүсү боюнча калктын өкмөткө ишеними өткөн жылы беш эсеге өстү.
Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков Кыргызстанга кайтып келди. Адвокаттардын айтымында, Келдибеков соттук жараянды улантууга даяр. Бирок үч айдан кийин кайрадан дарылануусун улантышы керек.
Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар экенин АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэниел Розенблюм билдирди.
Сочиде Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушса, Жоомарт Оторбаев Москвада ЕАЭБнин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышып келди.
Узап бараткан жумада өкмөттүн жаңы структурасы сунушталды. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилиги аныкталды. Башкаруучу коалиция кылмыштуулуктун өсүшүн талкуулады.
ыргызстандын акча-насыя саясаты кризисти башынан кечирүүдө. Бул сом менен насыя берүүнүн чектелишинен, сомдун күчүнүн кетүүсүнөн байкалып турат.
Кыргызстандын акча-насыя саясаты кризисти башынан кечирүүдө. Бул сом менен насыя берүүнүн чектелишинен, сомдун күчүнүн кетүүсүнөн байкалып турат. Мындай абалдан чыгуунун кандай жолдору бар?
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын акча базарына айлантууга алтын киргизүүнү көздөөдө. Доллардын басымын азайтууну көздөгөн бул максат канчалык реалдуу?
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2016-17-жылдары Кыргызстан оор экономикалык кырдаалга туш болорун эскертти. Өкмөт кризиске каршы чара көрүүнүн жолдорун карап жатканы маалым болду.
Кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инк” Кумтөр боюнча 27-29-январда Бишкекте кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда эмнеге жетишилди жана кезектеги сүйлөшүүлөр качан болот? Бул суроолорго “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров жооп берди.
Кыргыз коомчулугу Ирак жана Сирияда жүргөн жарандар кайтып келип, экстремисттик аракетин улантышы мүмкүн деп чочулоодо.
Узап бараткан жумада Бишкекте Кумтөр боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр аяктады. Башкы прокурорго байланыштуу маселе башкаруучу коалициянын жыйынын чакыртууга мажбур кылды. Өкмөт башчы өктөм билдирүүлөргө өттү.
Жогорку Кеңеш депутат Нурлан Төрөбековду жоопко тартууга макулдук берген жок. Парламентарийлер Төрөбековдун диплому жасалма экенин моюндап, бирок ал үчүн жоопко тартууга болбойт деген чечимге келишти.
Турсунбеков: Конституцияда арабөк жагдайлар бар
Эл аралык финансы уюмдары Орусиянын экономикасы быйылкы жылы 3-5% төмөндөрүн болжоп жатышат. Бул абал Кыргызстанга кандай таасир этет?
Кыргызстандын парламенттик делегациясы Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын кышкы сессиясына катышуу үчүн жөнөп кетти.
Узап бараткан жумада Кыргызстанда башкы прокурор алмашып, Салянованын ордуна Жолдубаева сунушталды. Оппозициялык саясатчылар Кошмо Штаттарга сапар алышты.
Кыргызстанда көпчүлүк коммерциялык банктар сом түрүндө насыя берүүгө чектөө киргизгени маалым болду. Айрым банктар доллар түрүндө да насыя берүүдө чектөөгө барышканы кабарланууда.
Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан кетүүгө арыз бергени тастыкталды. Бул маалыматка удаа УКМК Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго байланыштуу кылмыш ишин козгогону маалым болду.
Дагы жүктөңүз