Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Орусия Кыргызстандын түштүк аймагында дагы бир аскердик база курууну пландаштырууда.
Узап бараткан жумада Кумтөр боюнча сунуш менен чыккан британиялык адистер “Центеррадагы” миноритардык акционерлердин колдоосуна ээ экенин билдиришти.
Бакыт Төрөбаев
Узап бараткан жумада Кумтөр алтыны үчүн чет өлкөлүк жарандардын катышуусу менен жаңы оюн башталганы маалым болду. Оппозиция Жалал-Абадда курултай өткөрдү.
"Республика Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири Өмүрбек Бабанов конституциялык реформа, Кумтөр маселеси боюнча пикирин айтты. Анда Бабанов мамлекет кардиналдуу конституциялык реформага муктаж деп билдирди.
Кумтөр боюнча парламенттин тапшырмасын Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү аткара албады. “Центерра Голд” бир жылдан ашык мезгилден бери өкмөт, парламентти “чүлүктөгөндөй” жетелеп жүрүп, соңунда келишимге баруудан баш тартты.
Экономика министри Темир Сариев Апрель ыңкылабынын жемиши, өнүгүүдөгү өксүктөр жана өзгөчөлүктөр тууралуу “Азаттыктын” кабарчыларынын “Эки - бир” форматындагы суроолоруна жооп берди.
Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаевдин Европага сапары соңуна чыкты. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишке кирди. ЖККУ Ооганстан коркунучуна көбүрөөк көңүл бура баштады.
Өкмөт жана Улуттук банк быйылкы жылдагы экономикалык саясат боюнча биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.
Бишкекте Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду май айында насыя берүүгө киришүүнү пландаштырууда. Орусия 500 млн. доллар убада кылган фонддун мүмкүнчүлүгүнөн жергиликтүү ишкерлер натыйжалуу пайдалана алабы?
Жерүй алтын кени боюнча конкурстун биринчи туруна үч компания катышкан. Орусиялык олигархтар жана “Кыргызалтын” катышып жаткан конкурстун экинчи турунун жыйынтыгы кандай болот?
Мамлекеттин колундагы "Макмал" алтын комбинаты оор мезгилдерди башынан кечирүүдө. Алтын казып алуу кескин кыскарып, комбинаттын келечеги суроо алдында турат.
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев бул күндөрү Европа мамлекеттеринде иш сапар менен жүрөт. Сапар учурунда Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин жетекчилери менен да жолугушуп, сүйлөшүүлөр өткөрдү.
Узап бараткан жумада бийликте конституциялык реформага даярдык көрүлө баштаганы маалым болду. Өкмөт көмүр коррупциясынын учугу көмүрдү бир булактан сатып алууда экенин тастыктады.
Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоор даярдалганы маалым болду.
Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Бектур Асанов “Азаттыкка” маек куруп, 31-мартка белгиленген курултай, оппозициянын лидер шайлоосундагы талаш-тартыш жана башка суроолорго жооп берди.
Өткөн жумада Астанада Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити болду. Анда орус президенти Владимир Путин биримдиктин алкагында бирдиктүү валюта киргизүүнү сунуштады.
Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаевдин Молдовага жашыруун сапары көп суроолорду жаратты. Кумтөр боюнча сүйлөшүү аягына чыга электигине карабай келишимдин долбоору парламентке киргизилди.
“Азаттыктын” “Эки-бир” форматындагы радио жана видео маегинде экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишмердиги, энергетика өңдүү талылуу маселелердин айланасындагы суроолорго жооп берди.
Кыргызстандын акча-финансы тармагы татаал мезгилди башынан кечирүүдө. Бир жагынан сомдун девальвациясы токтобой жатса, экинчи жагынан тышкы карыздын көлөмү өсүүдө.
Дагы жүктөңүз