Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо он төрт партия таймашып жатат. Алардын катарында “Кыргызстан” партиясы да бар.
Узап бараткан жумада валюта базары олку-солку болду. Борбордук шайлоо комиссиясы мурунку өкмөт башчыны жоопко тартууга уруксат берген жок.
Сомдун тынымсыз арзандоосун токтотуу үчүн Улуттук банк акыркы күндөрү эки жолу интервенция жасады.
Курамына Кыргызстан да кирген Жамааттык коопсуздук келишими уюму 15-сентябрда Тажикстанда жыйын курду. Президенттер катышкан жыйында Ооганстан жана "Ислам мамлекети" коркунучтары талкууланды.
Кыргызстанда алтын, көмүр кендерин казуу жаңжалдар менен коштолуп келет. Алардын бири - Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кени.
Кыргызстан көп жылдан бери реэкспорттун мекени болуп келген. Эми ЕАЭБге кирүүсү менен бажы төлөмдөрү кымбаттап, товар агымдары башка жылчыктарды издей баштады.
Узап бараткан жумада шайлоо өнөктүгү жаңжалдуу кылмыш иштер менен коштолду. Кыргызстан экономикасы сегиз айда эмнеге жетишкени жарыяланды.
Ушул тапта Токтогул суу сактагычында 12 млрд. 714 млн. кубметр суу топтолду. Өкмөт өлкөгө 243 миң тонна көмүр алып келингенин маалымдады.
Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт башчылары ич ара валюта кагылышына жол бербөөнү макулдашты.
Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү жүрүүдө. Партиялар программаларына эмес, “суу чыгарып берүү” өңдүү убадаларга басым жасашууда.
Өкмөт башчы Темир Сариев финансы-экономикалык багыттагы программасын жарыялады.
Саясий партиялар 4-сентябрдан тарта үгүт өнөктүгүн баштады. Өкмөт башчы Темир Сариев жаңы экономикалык программасын жарыялады.
Кыргыз бийлиги тарабынан бирде колдоого алынып, бирде четке кагылып келаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун тагдыры оң жагына чечилеби?
Кыргызстандын Улуттук банкы “Росинбанктын” банктык операция жүргүзүүсүн түз көзөмөлгө алды.
Узап бараткан жумада “Датка-Кемин” электр зымы тартылып бүтүп, энергетикалык көз карандысыздык жарыяланды. Шайлоого катыша турган партиялар аныкталды.
“Вечерний Бишкек” гезити жана сайты кожоюнун алмаштыруу алдында турат. Буга байланыштуу журналисттердин жоон тобу кызматынан бошотулду.
Евразия экономикалык биримдигин кризис каптап, ал эми Азия мамлекеттеринде финансылык туруксуздук күчөп турган убактагы кыргыз өкмөтүнүн финансы-экономикалык саясаты такпы?
Узап бараткан жумада саясий партиялар курултай өткөрүп, парламенттик шайлоого бара турган талапкерлердин тизмесин бекитти. Казакстанда теңгенин эркин агымга коё берилиши Кыргызстанда да доллардын кымбаттоосуна алып келди.
Кошуна мамлекеттерде валюта курсунун өзгөрүүсүнүн эпкини Кыргызстанга да тийип, бейшемби күнү сомго карай доллардын курсу кескин көтөрүлдү.
Алдыңкы орундар бери дегенде 300 миң долларга сатылат. Андыктан коомчулукта буга чейин белгисиз адамдар партиялардын тизмесинде алдыңкы орунду сатып алат деген сөздөр желдей жортуп жүрөт.
Дагы жүктөңүз