"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
Бишкек шаарынын ышка чулганып жатышы коомдун кызуу талкуусунда. Эл арасында буга автоунаалардын газдары, үйлөрдүн жана мончолордун мешинен чыккан түтүн себеп болууда деген пикирлер бар
Камакта отурган активист Афтандил Жоробеков 24-январга чейин үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасы 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.
Бишкектин тургуну Бактыгүлдүн азыр баш калкалай турган жери жок. Буга байланыштуу Боорукердик үйүндө жашап жатат. Ал күн жылуу кезде эмчектеги баласы шаар четиндеги токойдо жашаганын айтып берди. Эки кыздын энеси Чолпонду болсо ата-энеси 50 жаштагы кишиге күйөөгө узаткан экен.
Касиет Асекова Германиянын Крефельд шаарында жашайт.
1960-жылдары "кыргыз керемети" аталган кыргыз киносун бүгүн кимдер улантып жатат? Азыр жаш киночуларды эмне түйшөлтөт? "Азаттык+" бүгүн 13-14 жаштагы жеткинчек режиссерлор тууралуу айтып берет.
"Азаттык плюстун" кезектеги чыгарылышында той темасына токтолдук. Берүүдө кафе-ресторан кургандар көбөйгөнү ошол эле маалда насыяга той өткөрүп, кыйналган мекендештер тууралуу сөз болот. т
Ушул убакытка чейин опера жана балетти жанынан көрө элек болсоңуз, алар тууралуу көп кызыктарды билбесеңиз - бул берүү сиз үчүн. Искусство деп күйгөн жаштарды "Азаттык+" кепке тартты.
Жаштарды түйшөлткөн үй маселесин "Азаттык плюста" талкуулайбыз. Кантип ыңгайлуу шартта үй алса болот? Мамлекеттик ипотекалык компанияда жаштар үчүн жеңилдетилген программалар каралганбы? Менчик курулуш компаниялардын шарттары кандай? Суроолорго талкуудан жооп алыңыз.
Дүйнө кыдырып, өзгөрүүлөргө умтулган, жаңы тенденцияларды өздөштүрүүгө ыктаган кыргызстандыктардын бири – Максат Муктаров. Ал 18 жылдан бери Германияда, Америкада окуп, Орусияда, Кытайда иштеп, жашап жүрөт.
24 жаштагы Адилет Кытайдан билим алып келип, борбордо кытай тилин үйрөтүүчү курс ачкан. Ал Кытайга эки жолу барып, окуп келген. Биринчи жылы тил үйрөнүп, андан кийин дагы бир жылга квалификациясын жогорулатуу боюнча грант утуп алган.
"Манас" кинотеатрынын алдында мындан ары ар ишемби, жекшемби күндөрү китеп жармаңкеси өтүп турат. Уюштуруучулар жармаңкеге китеп дүкөндөрү, басма үйлөрү жана букинисттер (эски китеп саткандар) катышарын айтышты.
"Азаттык плюстун" каармандары бул жолу чет өлкөнүн мыкты окуу жайларынан стипендия алып, бекер билим алуунун жолдорун айтып беришет.
Бул окуя окуучулардын транспорттогу коопсуздук көйгөйүн күн тартибине алып чыкты. “Азаттык+” бул жолу ушул маселени талдап, чечүү жолдорун издейт.
Байдарка, конкур, фехтование, ок атуу - олимпиадалык спорттун бул түрлөрү сизге таанышпы? Кыргызстандан дүйнөлүк мелдештерде өлкөнү таанытып жүргөн спортчуларды билесизби? "Азаттык плюстун" жайыла элек жакшы спорттор тууралуу берүүсүн көрүңүз.
сүрөт, видеолорун кантип монтаждашат,өздөрү кимдердин баракчаларына жазылган - баарын ушул берүүдөн таба аласыз. Баса, смм адисинен пайдалуу кеңештер бар.
Элүү жаштагы Советбек Бейшебеков баласын жалгыз чоңойтуп келет. Анткени аялы баласы эки айлык кезинде Орусияга кеткен. Кээде курулуштагы ишине баласын көтөрүп алып барган ата бир жаштан өткөн уулуна татыктуу тарбия берүүнү самайт.
"Азаттык+" бул жолу эч нерсеге карабай илим изилдөөгө берилип, келечекте жаңы ачылыштарды жасайм деген жаш илимпоздор менен тааныштырат. Алардын арасында малдын тукумун жакшыртууну кыялданган, гүлдөрдөн нан жасоону эңсегендер тууралуу кеп болот.
Кыргызстанда мыкты аниматорлор кимдер? Алардын эмгектери кайсы өлкөлөргө сатылат? Канча киреше табышат? "Азаттык +" бул жолу Кыргызстандагы анимация дүйнөсүн айтып берет.
Контейнер мектеп, катага толгон китеп, туура эмес жазылган аттестат менен дипломдор жана билим берүү министринин кызматтан кетиши - мындай кабар учурда кызуу талкууда. “Азаттык+” бул жолу жаштар менен билим берүүнү кантип оңдойбуз деген суроого жооп издеди.
Билимбек Беккелди уулу - жаш мугалим. Ал Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылы 1-сентябрда төрөлгөн. Кыргыз тилинен сабак берген жаш мугалим өлкөнүн абалын өзүнө окшоштурат.
Дагы жүктөңүз