"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
Кыргызстан 28 жыл аралыгында кандай бийиктиктерди багынта алды? "Азаттык+" муну өлкө эгемендик алган жылы туулган уул-кыздардын мисалында салыштырып көрсөтүп берет.
Бул демилге климаттын өзгөрүшүнө каршы БУУнун конференциясынын долбоору катары, Франциянын экология министрлигинин эн белгисин (лейбл) алган.
Кыргызстандын аскердик авиациясы 60 жылдык мааракесин белгиледи. Аба парады менен коштолгон салтанатка ардагер учкучтар да катышты. Абадан коргоо күчтөрүнүн учкучтарынын айтымында, авиациянын техникалык базасы жетиштүү, бирок узак учуп машыгууга май тартыш.
Алай районунун тургуну Абдилазиз Шапаков 20 жылдан бери жыгачтан түрдүү буюмдарды жасайт. Уста акыркы жылдары ташка жаныбарлардын айкелин түшүрө баштады. Ал өзүнүн музейин ачып, өмүрүн искусствого арнагысы келет.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Билим берүү министрлиги ашпозчуларды азык-түлүк менен иштөөгө үйрөткөн атайын окуудан өткөрдү.
Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын саны жыл санап көбөйүүдө. 2017-жылы өлкөдө 153 620 бала төрөлсө, 2018-жылы 171 миңден ашык бала төрөлгөн. Үстүбүздөгү жылдын беш айында төрөлгөн балдардын саны да былтыркы беш айга салыштырмалуу көбүрөөк.
Кыргызстанда азиздер үчүн жогорку окуу жайларга өз алдынча даярданууга шарт түзүлдү. “Феномен” коомдук фонду “Сорос-Кыргызстан” фонудунун каржылоосу менен жалпы билим берүү тармагында 18 Брайл арибиндеги жана тармактык предметтер боюнча 44 аудиокитеп басып чыгарды.
Айгүл Кыдыралиева – гримёр. Ал Саякбай Каралаевдин образын жаратканы үчүн Лондондо сыйлык алган. Таланттуу гримёрго актерлор гана эмес, башка кесиптин ээлери да кайрылат.
"Азаттык плюс" бул берүүсүн кесип тандоо алдында турган абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине арнады. Келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап өсүп, кайсы кесиптер жок болорун адистер менен биргеликте аныктаганга аракет кылышты. Эгер сиз мектепти жаңы бүтүп, кесип тандай албай турсаңыз биздин бер
"Азаттык+" бул жолу кыргыз клип дүйнөсүндөгү көрүнүштөрдү талкуулады. Кыргызстандагы эң көп көрүлгөн жана эң кымбат клиптер кайсылар? Сапаттуу клиптердин жаралышына эмне тоскоол болуп жатат?
«Азаттык+» бул жолу Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосундагы «Жаш булак» лагеринде болду. Бул лагерге Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, Орусия, Беларус жана Өзбекстандан жигердүү 250 улан-кыз келди. Алар Кырчын жайлоосунда эң үнөмдүү шартта жашашат.
Өзгөндөн келген бул окуучулар Кыргызстанда жасалган биринчи жолчырактын макетин даярдап бүтүштү. Алар жакын арада бул макетти кадимки жолчыракка айлантып өздөрү туулуп-өскөн айылына орнотууну пландап жатышат.
«Азаттык+» бул жолу жаш саясатчылар менен алардын мамлекетти башкаруудагы орду жана ролу тууралуу баарлашты. 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоодо жаштар кандай күчкө ээ болоорун берүүдөн көрүңүз.
Жaйкысын Германияда иштеп келүүнү каалаган жүздөгөн студенттер быйыл виза ала албай жатышат.
"Азаттык+" бул жолу Ноокаттын дымактуу тургундары, шаардыктардан кем калышпай, фитнес менен машыккан ноокаттык эжелер, эзели суу жетпеген Он-Эки-Белдеги жаңы конуштарга суу чыгарган Жигитали Рахманов, бала кезиндеги кыялына 63 жашында жеткен Мукум Матиков тууралуу айтып берет.
Ош шаарындагы 60 миңден ашуун калкы бар Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында кыргыз жана өзбек жаштарынан бириккен кызматкерлер эмгектенет.
"Азаттык+" бул чыгарылышында эки улуттун өкүлү жетектеген муниципалдык аймактык башкармалык, эки улуттан куралган бактылуу үй-бүлө тууралуу айтып берет.
Кыз-келиндердин илим менен технологиядагы ролу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында талкууланды.
"Азаттык+" бул жолу Бишкекке келип туруктуу жашап калган чет өлкөлүктөр менен баарлашты.
"Азаттык+" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы бала тарбиясына арналды.
Дагы жүктөңүз