"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
Кыргызстанда үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими иштей баштаганына 30-мартта беш күн болду.
Нарын шаарынын алты жашар тургуну Райан Болотбеков коронавирустан кантип сактануунун жолун жакшы билет. Эми гана мектепке бара баштаган Райан классташтарын сагынганын, бирок үйдө отурганда көп нерсени үйрөнгөнүн айтат. Кыргызстанда мектеп окуучулары 16-марттан тарта 8-апрелге чейин каникулга тараган.
Бул вирус Кыргызстанга да жетип, ушул тапта аны жугузуп алгандардын саны алты адамга жетти. COVID- 19 вирусунан кантип сактанабыз, эмнелерге көңүл бурушубуз керек, бул туурасында бүгүн "Азаттык плюста" айтып беребиз.
Ошол эле учурда аларды “күйөөгө тийгиси келбеген, төрөгүсү келбеген, ашыкча өжөр аялдар” катары сыпаттагандар да жок эмес. Феминисттер кимдер, алардын максаты эмне? Эмне үчүн бул түшүнүк талаш-тартыштын себебине айланууда? "Азаттык плюстун" талкуусунан жооп алыңыз.
Чет өлкөлүктөр үчүн бала асырап алуунун жол-жобосу кандай? Башка өлкөдөн ата-эне тапкан балдар бактылуубу жана алардын жашоо турмушуна мамлекет кантип көз салат? “Азаттык плюс” бул жолу ушул суроолорго жооп издеди.
Эмне үчүн акыркы кезде коомдо дарыгерлерге сын күчөдү? Жаш дарыгерлерге ишенбей, ишинен шек санаган бейтаптар да жок эмес. Буга эмгек жолун кечээ баштаган дарыгерлер кандай ойдо? Алардын жашоосу менен түйшүгү мамлекетти ойлондурабы?
Сыдыман аттуу каймана аты менен белгилүү болгон блогер - Элмирбек аймак аралык кастыкты козутуу боюнча шектүү катары эки айга камалды. Вайнерлер менен блогерлер буга кандай баа беришти?
Ар бир адам бактылуу болууга, бекем үй-бүлө курууга укуктуу. Ошол баалуулуктарга жетүүнүн бирден бир жолу - сүйүү. "Азаттык плюс" бул жолу сезим, үй-бүлө баалуулуктары тууралуу берүү даярдады.
Наргиза Калназарова Италиянын борбору Римдеги Тор Вергата университетинде магистратурада окуйт.
Коомдук транспорт же такси кызматын колдонуудан кыйналган майып кыздар «Азаттыкка» өз окуяларын айтып беришти. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, борбордо жалпысынан 150 троллейбус бар, анын 87синде гана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыктуу шарттар каралган.
Эмне үчүн K-pop жаштар арасында тренд болуп жатат? Z-pop же KG-pop? Алар башкалардан эмнеси менен айырмаланат? "Азаттык плюс" бул жолу Z муундун кумир туткан жаңы топтор тууралуу айтып берет.
Атабек эгерде депутат болбосо, дудуктардын маселеси чечилбейт деп эсептейт. Сейилдин ар бир көчөгө чыкканы чакан жеңиш. Исабек көзү соо туруп, көйгөйдү көрбөгөндөргө күйүп жүрөт. “Азаттык+” бул жолу майыптарды түйшөлткөн маселелерге кайрылды.
Буга чейин телеканалдарда журналист болуп иштеген Салтанат Адылбек азыр "Ютубда" "Эне күндөлүгү" деген канал ачып, бала тарбиялоого арналган пайдалуу кеңештер менен бөлүшөт. Кыргыз "Ютуб" контентинде мындай социалдык-агартуучу каналдар дээрлик жокко эсе. Блогер видеолорун кантип даярдайт?
"Азаттык плюс" бул жолу Кыргызстандын желегин чет жакта желбиреткен азаматтардан кабар алды. Берүүнүн бул жолку каармандары кичинекей кезинен жер кезип, тунук акылы, кайталангыс таланты менен көпчүлүктү таң калтырып келишет. Алар учурда эмне менен алек?
Нурила Козубаева Түштүк Кореянын KBS деген каналынын мультфильм чыгарган студиясында иштейт. Ал Кореяда билим алып, анимация багыты боюнча адистикке ээ болгон. Чыгыш өлкөсүндөгү эң ири маалымат каналында иштөөгө ал кантип жетишти?
Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13% түзөт. Элет жеринде өспүрүм курактагы никелер да шаарга караганда 2,5 эсе көп катталат. Төмөндө Жамиланын (аты өзгөртүлгөн) окуясын сунуш кылабыз.
"Азаттык +" бир жыл ичиндеги берүүлөргө саресеп салып, эң кызыктуу, эфир сыртында калган учурлар менен бөлүшөт. Өткөрүп жибербеңиз! Саат 21:30да төмөнкү даректерден көрүңүз: ЭлТР, Youtube: Azattyk каналы, сайт: azattyk.org, Instagram: azattyk.kg, Facebook: Kyrgyz Azattyk Unalgysy.
АКШнын мыкты университетинде акысыз билим алып жаткан Курманжан Токтоболотова келечекте Кыргызстанда соттук-медициналык экспертиза чыгарган борбор ачкысы келет.
Кыргызстанда балдар үйлөрүнөн жыл сайын 300дүн тегерегинде бала тарбияланып чыгат.
Берүүнү жума күнү 21:30да ЭлТР каналынан, "Азаттыктын" сайтынан жана социалдык баракчаларынан көрүңүздөр.
Дагы жүктөңүз