Жалал-Абад шаардык соту мурдагы милиция кызматкерин 36 жаштагы келинди зордуктоого айыптап, жети жылга эркинен ажыратып, бирок үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алууну өкүм кылды. Өкүмгө нааразы жабырлануучулар кийинки инстанцияга даттана турганын айтышууда.
Кыргызстанда аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү жеңил жазага тарткан сотторго байланыштуу буга чейин жаңжал чыгып, бир судья жумуштан бошотулган. Буга карабай коомчулуктун нааразылыгын жараткан жосундар тыйыла элек.
"Зордуктоого айыпталып, эркиндикке чыкты"
7-сентябрда Жалал-Абад шаардык соту быйыл июнь айында Ала-Бука районунда 36 жаштагы Күмүшайдын (аты өзгөртүлгөн) зордукталышы боюнча ишти карады.
Судья Бакыт Сарыбаев 36 жаштагы келинди зордуктоого шек саналган мурдагы милиция кызматкерин жети жылга эркинен ажыратып, бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл чектеди.
Соттун бул өкүмү менен айыпталган адам абакка отурбайт, эркиндикте жүрөт. Үч жыл ичинде мыйзам бузбаса, жазадан бошотулат.
Жабырлануучунун иниси Сактанбек (аты өзгөртүлдү-ред.) сот чечимине нааразы болуп, кийинки деңгээлдеги сотко апелляциялык арыз жаза турганын "Азаттыкка" билдирди:
"Сот айыпталуучуну жети жылга кесип, "төрт баласы бардыгы, мурда соттолбогону эске алынды" деп, кайра үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарып койду. Биз айыпталуучу менен бир айылдан болобуз, айылдагы элдин баары "кантип ушундай болсун?" деп таң калып жатат. Бул эмне деген чечим өзү? Зордуктоо оор кылмыш болсо, аны кылып коюп, кайра "пробация" деп, боштондукта жүрө берсе болобу?".
Жабырлануучу тарап Жалал-Абад шаардык сотунун чечимине каршылыгын билдирип, облустук сотко кайрылмакчы.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 36 жаштагы тургунун өзүнүн алысыраак тууганы, мурдагы милиция кызматкери зордуктаганы, тергөө учурунда сот аны үй камагына чыгарып жибергени тууралуу "Азаттык" буга чейин да макала жазган.
"Жумшак өкүмдүн артында чоң акча бар"
Шектүү 42 жашта, жогорку билимдүү, Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. 2004-жылдан бери милиция кызматкери болуп иштеп, 2022-жылы пенсияга чыккан.
Сот өкүмүндө "шектүү күнөөсүн моюнуна жарым-жартылай алганы жана кылганы үчүн өкүнгөнү, окуя болгон күнү мас болгонун айтканы" жазылган.
Сот шектүүнү Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү ("Зордуктоо. Жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашуу") менен айыптап, жети жылга эркинен ажыраткан, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөгө өкүм кылган.
Ошол эле өкүмдө айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин 1-бөлүгү менен "Үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынып, боштондукка чыгарылсын" деп жазылып турат.
Жабырлануучунун эжеси Алтын зордуктоого айыпталган адамды үч жылдык пробация көзөмөлүнө алуу чечиминин артында коррупция турат деп эсептейт.
"Биз зордукчу менен айылдашпыз. Ал башында бизге, менин сиңдиме акча сунуштаган. Кийинчерээк "керек болсо сотторду да акчага сатып алам" деп айтканын айылдаштарыбыздын баары билет. Бул жерде өтө чоң суммадагы акча роль ойноп кетти. Акчанын арты менен ушундай адилетсиз чечим чыгып отурат. Биз кийинки сот бутагына, президентке жана башка бардык бийликте отурган адамдарга кайрылабыз. Адилеттик талап кылабыз. Менин зордукталган сиңдим үйдөн чыга албай калды, аны "зордуктады" деп сот айыптаган адам ээн-эркин жүрөт. Бул эмне деген адилетсиздик?", - деди эжеси.
"Оор кылмышка айыпталгандарга пробация колдонулбайт"
Укук коргоочулардын белгилөөсүндө пробациялык көзөмөлгө кылмышка кокусунан же аргасыз баргандар, ал кылмыштын кесепетин билбегендер, мурда соттолбогон адамдар алынышы мүмкүн.
"Кылым шамы" уюмун түптөгөн укук коргоочу Азиза Абдирасулова 36 жаштагы келинди зордуктоого айыпталган мурдагы милиция кызматкерине пробация режимин колдонуу таптакыр туура эмес деп эсептейт:
"Пробация кылган кылмышы далилденип, бирок аны жасаган адам кылмыш ишине билбестиктен, кокусунан же аргасыздыктан барганы аныкталса, мисалы, жол кырсыгына дуушар болгондо, анча кымбат эмес буюм-тайым уурдаса жана башка учурларда колдонулат. Бирок мурдагы милиционер зордуктоо Кыргызстандын Кылмыш кодексинде оор берене болуп саналарын билет. Мыйзамды билет. Өзү тартип сакчысы болуп жүрүп, жоопкерчилик бар экенин, жазасы да оор болорун билип туруп андай кылмышка барган адамга пробация колдонулбашы керек. Бул жоопкерсиздик. Мындан кийинки соттор - облустук сот, Жогорку сот бул ишке өтө аяр, жоопкерчилик менен мамиле кылат деп ишенем".
Жалал-Абад шаардык сотунун 36 жаштагы келинди зордуктоого айыпталган адамга чыгарылган чечими боюнча "Азаттык" Жогорку сотко кайрылды.
Жогорку соттун жообу төмөнкүдөй болду:
"Сот иштин ичиндеги топтолгон материалдарга баа берип, Н.У. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, жети (жети) жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнүн негизинде үч (үч) жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонууну туура деп тапкан. Өкүм менен макул болбогон тарап мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте даттанууга укуктуу", - деп жазылган Жогорку соттун басма сөз кызматы берген маалыматта.
"Мыйзамсыз чыгарылган чечимдер көп"
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков айрым кылмыштар боюнча туура эмес чечимдер көп болуп жатканын билдирип, кээ бир иштерде өзүнүн мамилесин көрсөтүп келет.
Базарбеков былтыр Чүй облусунда соттор менен жолугушуу учурунда айрым судьялар мыйзам бузуу менен өзгөчө оор кылмыштарды, анча оор эмес кылмыштарга квалификациялап, айыпталуучуларды жазадан бошотуп жиберген учурлар көп экенин айткан.
“Жогоруда айтылган нерселер сот системасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн билинип калган, коомчулукта кызуу талкууга алынган аз эле бөлүгү. Билинбей жасалып жаткан жат көрүнүштөр көп экенин баарыбыз жакшы билебиз”, - деген ал.
Быйыл августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун судьясы Абдисалам Мойдунов кызматтан кеткен. Ал кызматтан кетерден мурда зордуктоого шектүү жаранды үй камагына чыгарганы коомчулуктун талкуусуна түшкөн.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бул окуяга байланыштуу ыкчам жыйын өткөрүп, жыйынтыгында судья өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазган.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Жалал-Абад шаардык сотунун зордуктоого айыпталган адамды пробациялык көзөмөлгө алуу менен эркиндикке чыгарууну чечкен судья Бакыт Сарыбаев боюнча пикирин айта элек.
Кыргызстанда иштеп жаткан же кызматтан кеткенден кийин оор кылмыштарга шек саналган, айыпталган милиция кызматкерлери көбөйүп баратканына байланыштуу былтыр укук коргоочулар ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан.
Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөн.
Укук коргоочулар бул катталган жана кылмыш иши козголгон гана иштер экенин белгилеп, сексуалдык ыдыкка жана зордуктоого кабылган аялдар милицияга кайрылууну каалабай турганын айтып келет.
Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылы зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бейпилдиги боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.