"Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!": аялдар кордолгон коом ыдырайт

Бишкекте Айзаданын өлүмүнөн улам ички иштер министринин иштен алынышын талап кылган нааразылык акциялар өткөн. 8-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция башталды. Бул жылы Баткенден старт алган өнөктүк "Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!" деген ураан алдында өтүүдө.

Жылда өткөрүлгөн глобалдык акция 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген. Акция 25-ноябрь - Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда - Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

Кыргызстанда соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук көрүнүштөрү күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү дагы моюнга алууда. Быйыл Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 97-орунга түштү. Бул - Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө дегенди билдирет.

Баткендеги иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, зомбулукту кыскартуу үчүн чукул аракеттер көрүлөрүн айтты. Ал зордук-зомбулук боюнча Кыргызстанда маалыматтар жаап-жашырылбай, ачык айтылганынан улам көрсөткүчтөр жогору болуп жатат дейт.

“Кыргызстан аялдар үчүн эң кооптуу өлкө дегенге эч кандай негиз жок. Биз ушундай эл аралык кызматташууга ачык мамлекет болгонубуз үчүн, өзүбүз умтулганыбыз үчүн, өзүбүздүн ар бир статистикабыз ачык болуп, бул жаатка көп көңүл бурулгандыктан. Эмне үчүн милицияга ушундай кайрылгандардын саны өсүп жатат. Анткени, милиция өзүнчө статистика жүргүзүп жатат. Келин-кыздарыбыз мындай учурду жаап-жашырып койбой ачык кайырылып, зомбулукту жектеп жатканы үчүн кийинки жылы дагы көбөйүп калышы мүмкүн. Себеби, мындай терс көрүнүш көмүскөдө калбай ачыкка чыгып жатат. Биз туура эмес жагдайларды жаап жашырбайбыз. Аны ачык айтып, оңдойбуз. Бул саясатты улантабыз”.

Коомдо резонанс жаратып, үрөй учурган быйылкы зомбулук окуяларын тизмектейбиз. Бул коомчулукка билинип, ачыкка чыккан гана окуялар.

"Өзү асынганына ишене албай турабыз"

Ноябрдын башында Токтогул районунда 24 жаштагы келиндин асынып алганы белгилүү болду. Милиция бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирүүдө.

Асынып алган жеринен табылган 24 жаштагы Салтанаттын бир тууган агасы Бакыт Назаралиев карындашынын өлүмүнө күйөөсүн, абысынын жана анын баласын күнөөлүү деп шек санап милицияга кайрылган.

Карындашы асынардан мурда кат жазып, аны Орусияда жашаган жеңесине WhatsApp аркылуу сүрөткө тартып жибергенин, ал катында "өлүмүнө күйөөсү менен абысыны күнөөлүү экенин" жазып кеткенин белгилөөдө.

Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Туугандарынын айтымында, Салтанаттын беш айлык боюнда болгон. Артында эки жарым жаштагы кызы калды.

Келиндин өлүмүнө байланыштуу Токтогул райондук милициясы Кылмыш-жазык кодексинин 136-беренеси ("Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Маркум келиндин күйөөсү кармалып, эки айга камакка алынган.

Макаланы толугу менен бул жерден окуңуз:

Дагы караңыз Өз жанын кыйган Салтанаттын жоголгон каты

Өз жанын кыйган жана кыюуга аракет кылгандар

Кыргызстанда жыл башынан бери онго жакын келин өз жанын кыйган жана кыюуга аракет кылган. Адистер мындай жагдайга түрткөн себептердин бири катары үй-бүлөлүк чыр-чатакты, ата-эне жана жакындардын түшүнбөстүгүн, социалдык абалды айтып келет.

Дагы караңыз "Кайындарыман запкы көрдүм, жашоодон чарчадым..."

Январь айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жаш келин өз жанын кыйган. Апрелде Кара-Суу районунда 32 жаштагы келин, төрт баланын энеси жоолукка асынып каза болгон. Июль айында Ош шаарында 33 жаштагы келин, октябрда 30 жаштагы келин асынып алган.

23-апрелде Сузакта беш балалуу, 24 жаштагы келиндин сөөгү өз короосунда асылып турган жеринен табылган.

Дагы караңыз Төркүн менен кайын-журтту касташтырган өлүм

16-июндан 17сине оогон түндө Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну, күйөөсү менен 15 жылдан бери чогуу жашап, үч баланы тарбиялап жаткан келин өрүк бакта асынып турган жеринен табылган.

Келиндин аманат катында ал кайненесин жана эки кайын сиңдисин айыптарын жазып кеткен. Бул иш боюнча октябрдын аягында соттук териштирүү болуп, сот маркум айыптаган адамдарды эки жылга кести.

Сот чечимине ылайык, алар үй камагында болушмакчы. Сот жараяны учурунда келиндин ата-энеси ал күйөөсү жана кайын журту менен көп чатакташып жүргөнүн, жанын кыйган күнү да телефон чалып, "кайын сиңдилери урганын, мындай жашоого чыдап болбосуна" даттанып ыйлаганын айтышкан.

29-октябрда Ош шаарында 35 жаштагы келин көп кабаттуу үйдөн секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери куткарып, "Тез жардам" чакырып өткөрүп беришкен. Милициянын маалыматында, келиндин бул кадамга барышына үй-бүлөлүк чыр-чатак себеп болгону айтылат. Алты баланын энеси күйөөсү менен ажырашкан учурда, сот алардын кенже баласын атасынын колунда калтырууну чечкен. Келин мындан көрө жанын кыюуну артык көргөн.

Дагы караңыз Сабалган, муунган, уксус ичкен келиндер

БУУнун кылмышка жана маңзатка каршы комитетинин иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда келиндердин өз жанын кыюусуна негизги себеп - үй-бүлөлүк зомбулук, чыр-чатактар, кайын журт менен пикир келишпестик аталган.

Расмий маалыматтар 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталганын көрсөттү. Бул былтыркыга караганда 30% көп.

Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.

Айзаданын өлүмү

Быйыл жазда он гүлүнүн бири ачыла электе адам уурдоонун, кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду. Бул окуядан кийин милициянын ишине ачуу сындар айтылып, Бишкек менен Ош шаарында нааразылык акциялары өткөн. Социалдык тармактарда ала качууга жана зомбулукка кабылган кыз-келиндер өз окуясын ачык жарыялаган кампания жүрдү.

2021-жылы 5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз адамдар күчкө салып уурдап кетишкен. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада токтоп турган автоунаадан табылган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өмүрүнө кол салганы аныкталган.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзада Канатбекованы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу жалпы беш адам кармалган.

Айзаданын өлүмү боюнча иштеги жаңы жагдай Айзаданын өлүмү боюнча иштеги жаңы жагдай

14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту адам уурдоого күнөөлүү деп үч адамды жети, эки адамды алты жарым жылга кести. Ошондой эле алардын баары биригип, маркумдун жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары жалпы 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилди.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Асел Рысбаеванын айтымында, маркум Айзада Канатбекованын жакындары өкүм адилетүү чыкканын белгилешип, жаза дайындоодо иштин баардык жагдайлары эске алынган деп эсептеп жатышат.

"Айзаданын апасы Назгүл Шакенова өкүм менен макул. Өкүм адилетүү эле болду деп айтып жатат. Жаза дайындоодо мыйзамдын, иштин бардык жагдайлары эске алынды, бул боюнча апелляциялык даттанууга барбайбыз деп айтты. Ал эми моралдык жана материалдык зыян үчүн биргеликте 100 миң сом төлөп берүү боюнча сүйлөшүп бир чечимге келебиз деп ойлойм".

Жабырлануучу тарап эми милиция кызматкерлеринин жазага тартылышын күтүп жатышат. Милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат. Азырынча тергөө аягын чыга элек.

Дагы караңыз Айзаданын өлүмү: Беш киши абакка кесилди

Каргашалуу окуядан кийин Ички иштер министрлигинин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, кыркка жакынына сөгүш берилгени расмий жарыяланган.

Бишкектин прокуратурасы да Айзада Канатбекованын окуясынан улам милиция кызматкерлеринин иш-аракетин “Шалаакылык” беренеси менен тергеп-иликтей баштаган. Бирок жарандык активисттер Айзаданын өлүмү үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан алууну талап кылышкан.

27 жаштагы Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы эле. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Нурайымдын окуясы

Июнь айында Таласта 19 жаштагы жигит 18 жаштагы кызды атып өлтүрүп, андан соң өзү асынып алганы белгилүү болду.

Маркум Нурайым Талипова

Маркум Нурайым Талипова жети бир туугандын экинчиси, үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу. Ал мектепти быйыл эле аяктап, Бишкекке окууга тапшырууга камданып жүргөн.

Нурайым өзү туулуп-өскөн Талас облусундагы Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында 5-июнда жерге берилди. Кыздын сөөгү 4-июнда токтоп турган авто унаанын ичинен табылган. Текшерүү учурунда ал ок атуучу куралдан жараат алып каза тапканы аныкталган.

Маркум Жаңы-Жер айылындагы Тилемиш Айтмамбетов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү. Ал кондитер болууну самачу.

Бул кылмышка шектүү катары коңшу Кара-Суу айылынын 19 жаштагы тургунуна издөө жарыяланган. Анын сөөгү 5-июнда асылган абалда табылган. Кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу дагы бир жаран Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүгүнө жеткирилген. Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Дагы караңыз Нурайымдын чырактай өмүрүн кыйган ок

Кыргызстанда мындай кандуу окуя биринчи жолу болгон жок. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон.

Анын Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала тарабынан бычактап өлтүрүлүшү коомдо катуу резонанс жараткан. Ала качкан адам андан кийин ошол эле милицияканада өз жанын кыюуга аракет кылган.

Бурулай зомбулуктун элеси Бурулай зомбулуктун элеси

Кыргызстанда кыздарды уурдагандарга жаза эки ирет күчөтүлгөн. 2013-жылы күнөлүүнү жети жылга кесүү тууралуу мыйзам күчүнө кирсе, 2019-жылы аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренеси (175) менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен.

Зөөкүрдүк курмандыктары

Уурдалып андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын үрөй учурган окуясынан кийин зомбулуктун курмандыгы болгон кыз-келиндер өз окуясын айтып чыга баштаган.

Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.

“Ажырашканыбызга бир жылдай болгон. Бир күнү үйдө отурсам кирип келди. “Эшикке чык, сүйлөшөлү” деди. Мен макул болгон жокмун. Ал мени чачымдан сүйрөгөн бойдон көчөдө турган машинасына алып барды. Эшигин ачып, машинанын ичине күчтөп салды. Мен жашаган үй шаардын четинде болгондуктан, машинаны катуу айдап жөнөдү. Жолду катар жалдырап акырын айдашын сурандым. Ал “мени менен сүйлөшпөйсүң, чогуу жашоого макул болбойсуң” деп күнөөлөп жатты. Жолдун жээгиндеги мүрзөнү көрсөтүп “мен ошол жерде жай даярдап койдум, эгер мени менен жашабасаң өлтүрүп туруп, көөмп кетем” деп коркутту. Машинадан түшкөндөн кийин коргонууга аракет кылдым. Алыштым. Бирок аял киши болгондон кийин алым жетпей койду. Ошол жерден мени катуу сабады, зордуктады. Алым калган жок. Кыздарым көз алдыма келип, аларды аядым. Ажал ушинтип келет турбайбы деп ойлодум. Акыры “өлтүрбө, сени менен жашайын” деп жалдырадым”, - деп айтып берген алардын бири 28-жаштагы Астра аттуу келин.

Бул окуядан кийин Астра милицияга арыз жазып, күйөөсү "Адам өмүрүнө кол салууга" айыпталып 2020-жылдын башында эки жылга кесилген. Келин эки кызын алып ата-энеси менен чогуу жашап, жумуш таап, ирденейин дегиче абакта жаткан күйөөсү мунапыска илинип абактан бошоп чыккан. Ал кайрадан үй-бүлөсүнүн тынчын ала баштаган.

“Абактан чыккандан кийин бир ай ичинде арыз жазсаң болот дешти. Бирок мыйзамдын иштешинен күмөн санап ал оюман кайттым. Анткени буга чейин укук коргоо органдарына он чакты жолу кайрылгам. Айып пул салып коёт. Бул жолу деле аны жоопко тартарына көзүм жеткен жок. Жалпылап айтканда мен өз өлкөмдө өзүмдү коопсуз сезбейм. Мыйзамдар гумандуу. Мурдагы жолдошум абактан бошонуп чыккандан бир ай өтпөй кайра тынчымды ала баштады. Бир күнү көчөдө кыздарым менен турсам келип калды. Баягыдай эле “мени менен жашайсың” деп коркута баштады. Уруша кеттик. Мени ошол жерден адатынча кол көтөрдү. Кыйкырып элден жардам сурадым. Жанымда тургандар ортого түшүп, милиция чакырып беришти”, - деген Астра күйөөсүнөн жашынып, "Сезим" кризистик борборуна барганын айткан эле. Зордукчул күйөөсү кайра таап келеби деп коркуп күн кечирип жатканын жашырган эмес.

Бул сыяктуу ондогон кыз-келиндердин тагдырларын жергиликтүү басылмалар жарыялап келет.

Көчөдө сабалган келиндер

Коомдук жайларда аялга кол көтөргөн бир нече окуянын тасмасы интернетке тарап кетип, коомчулуктагы курч реакциялар менен коштолду.

Соңкусу ноябрда эле Бишкекте чаламандын чак түшүндө күйөөсү аялын катуу сабап жатканы тартылган тасма тараган. Аялды кордогон окуя 8-ноябрда түш ченде соода борборлордун биринин жанында болгон. Шектүү катары 28 жаштагы эркек кармалып, факт Жазык кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Көп өтпөй эле тойкананын биринде эркек киши бир кызды жаткыра тепкен тасма талкууга түштү. Чүй облустук милициясы Аламүдүн районундагы тойкананын биринде ресторандын кызматкерин жаткыра тепкен шектүү 27 жаштагы адам экенин билдирди. Расмий маалыматка караганда, анын иши Жоруктар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси менен иликтенип жатат жана шектүүгө бул тууралуу кабарлама 10-ноябрда берилди.

Дагы караңыз Тойканадагы токмок, кордук көргөн кыз-келин

Жабырлануучу кыздын эжеси Зарина Байышбекова “Азаттыкка” окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берген. Анын сөзүнө караганда, тойканада фотограф болуп иштеген 19 жаштагы сиңдисин тойго келген адам мас болуп алып эч себепсиз кол көтөргөн. Окуя 25-сентябрдан 26-сентябрга караган түнү болгон жана ошол эле күнү милицияга арыз жазылган. Бирок ишти тергөө кечеңдеп жатат деп нааразы болгон эле.

Зомбулук күчөдү

Кыргызстанда кыз-келиндерге карата зомбулук маселеси оор экенин өкмөт өкүлдөрү дагы моюнга алган. Жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов быйылкы жети айда 8405 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын ырастаган. Өткөн жылы жети айда 6060 окуя болгон. Ички иштер органдары быйыл 7316 убактылуу коргоо ордер берген. Бул 2020-жылдын жети айына салыштырмалуу 1179 көп.

"Президент жана Министрлер кабинети өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук маселесине өзгөчө маани берет. Министрлер кабинети зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын сөз менен эле эмес, иш жүзүндө коргоого алат. Министрлер кабинети 2022-жылы аялдар кризистик борборлорун каржылоону 20 миллион сомго чейин жогорулатуу жана дагы 5 миллион сомду үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү тууралуу маалымат алууну жакшыртуу боюнча мамлекеттик буйрутма алкагында коомдук уюмдар үчүн маалыматтык кампанияга бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Быйыл кризистик борборлор үчүн 7 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада, аталган борборлорду каржылоону үч эсеге жогорулатуу тууралуу кеп болууда”, - деген Эдил Байсалов.

“Азыр айыл жерлеринде кыз-келиндер зомбулукту көп учурда жаап-жашырып коюшат. Маселе биротоло чечилишине ишеним аз. Кимдир бирөөгө кайрылып маселени андан ары оорлотуп алам деп коркушат. Акыркы чекке жеткенде гана жакындарына же аялдар кеңешине билдириши мүмкүн. Көпчүлүгү өз көйгөйүн жаап жашырып эле жүрө беришет. Мыйзамда айтылгандай ар бир кызмат өз милдетин так аткарып, зомбулукка кабылган кыз-келиндер үчүн калыбына келтирүү борборлорун уюштурушу керек. Андайлар региондордо жок. Зомбулук жасаган кишилерди да калыбына келтирүү борборлору болушу керек. Түшүндүрүү чаралары жүрбөйт. Аялдарда мамлекет тарабынан толук корголгонмун деген ишеним аз. Бир жолку акциялар маселени толук чечип койбойт. Системалуу иш болушу керек. Ар бир аял колдоону, коргоону сезип тургандай болушу керек”,-дейт Лейлек районундагы аялдар укугу боюнча иш алып барган “Активист” коомдук бирикмесинин өкүлү Гулсана Сатыева.

10-11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитетинин сессиясында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары Жолболду Көчкөнов быйыл апрелде адегенде уурдалып, анан мыкаачылык менен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын ишин эстеп, шаарларда кылмышкерди "изин суутпай кармаганга" көзөмөл камералары үзгүлтүксүз иштеп турарын айтып, уккандарды ишендирүүгө аракеттенген.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп баратат. 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. 2020-жылы бул көрсөткүч 9000ден ашкан. Статистика көрсөткөндөй алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аялдарды абакка түрткөн зомбулук