Үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасы катаалдашат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүгө ылайык, жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көп учурда тараптардын жарашуусу менен аяктап, сотко жылына миңге жетпеген гана иш өтөт.

«Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун парламент 20-январда экинчи окууда кабыл алды. Документ Жогорку Кеңеште бул ирет көп талкууланбай эле өттү.

Мыйзамды депутат Исхак Пирматов былтыр март айында сунуштап, ошол эле жылдын июнь айында парламентте биринчи окууда кызыл чеке талаш болгон. Айрым эл өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар тосмо арыз жазганына карабай, ага зомбулук көрсөткөн кишини жазага тартууга каршы чыгышкан. Алар чатакташкан тараптарга бири-бирин кечирүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек деген жүйөнү келтиришкен.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко акыркы убакта үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөнүн айтып, мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгын түшүндүрдү.

Наталья Никитенко.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон адамга кылмышкер жана үй-бүлөсү басым кылгандыктан ал жарашууга аргасыз болот. Ошондуктан иш сотко жетпейт. Демек, жабырлануучу корголбой калат. Андыктан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адам чындап эле жабыр тартса, ден соолугуна зыян келсе тараптардын жарашуусуна тыюу салуу сунушталууда. Мыйзам кабыл алынса, мындай окуяларды жаап коюуга болбойт».

Ички иштер министринин (ИИМ) орун басары Октябрь Урмамбетовдун маалыматына ылайык, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 025 факты катталган. Анын 947си гана сотко ашты. Бул үй-бүлөлүк зомбулукка шек саналгандардын 10 пайызынын гана иши сотко жеткен дегенди билдирет.

«Баарыңыздар билгендей эле үй-бүлөдө жубайлар бүгүн урушуп, эртең эле кайра табышат. Кээ бири ачуусу келип же башка жагдайда милицияга арыз жазат. Бирок кийин кайра тосмо арыз берет», - деди Урмамбетов.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп баратат. 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. 2020-жылы бул көрсөткүч 9000ден ашты. Статистика көрсөткөндөй алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.

Үй-бүлөдө көбүнчө эркектер аялдарына зомбулук көрсөтөт. 2019-жылдын сегиз айындагы көрсөткүч боюнча катталган окуялардын ичинен 71% денеге залал келтирүү, 26% психологиялык басым кылуу болгон. Айрым учурларда аялдар күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болот. Быйыл 9-январда эле Түп районунун 40 жаштагы тургуну Гүлмайрам күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Уулуу зат ичип алган күйөөсү 19-январда ооруканада көз жумду.

Дагы караңыз Сабалган, муунган, уксус ичкен келиндер

Мындан тышкары, 2021-жылдын январь айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки келин өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышты. Үч баланын энеси, мектепте чет тилден сабак берген Аруузаттын (аты өзгөртүлдү) жакындары ал үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болду деп эсептешет.

Ал эми экинчи келин - үч баланын энеси Гүлзат (аты өзгөртүлдү) 12-январга караган түнү асынып алган. 29 жаштагы келинди бул кадамга эмне түрткөнү белгисиз бойдон калды.

Аялдар күйөөлөрүнө карата зомбулук кылган фактылар да бар. Ага байланыштуу 2019-жылы 158 окуя катталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сөз болуп жаткан долбоорду кабыл алгандан тышкары үй-бүлөлүк зомбулукка каршы дагы башка чараларды сунуштады.

Дастан Бекешев.

«Үй-бүлөлүк зомбулук – бул трагедия. Зомбулук билимдүү, каражаты жетиштүү үй-бүлөлөрдө да болот экен. Биз ушул мыйзам долбоору менен аны кичине болсо да азайталы. Кийинки кадам катары кечинде алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салышыбыз керек. Мындан башка да чаралар бар. Биз азыркы мыйзам долбоорун кабыл алсак, зомбулук көргөн аялдарга жардам болот. Анткени алар жок дегенде коргоого алынат».

Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча үй-бүлөлүк зомбулук үчүн 30 миңден 60 миң сомго чейинки айып пул же болбосо коомдук же түзөтүү жумуштарына тартуу жазасы каралган.

Жаңы мыйзамда айып пулду алып анын ордуна шектүүнү коомдук жумуштарга тартуу сунушталды. Буга Кыргызстанда адамдардын айыпты төлөөгө шарты жоктугу негиз болгон.

Исхак Пирматов иштеп чыккан документ кабыл алынса, укук коргоо органдары жабырлануучудан арыз түшкөн-түшпөгөнүнө карабай кошуналар, тууган-туушкандар жана башка адамдардан алынган билдирүүлөрдүн негизинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзө алат.

Жабырлануучу тосмо арыз жазса да ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылат. Укук коргоо органдары жана соттор шектүүлөргө карата камакка алуу түрүндө бөгөт чарасын кабыл алса болот.

Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мыйзамдын кабыл алынышын колдойт. Бирок ал ишке кирсе, үй-бүлөдөгү зомбулукка арыздангандар көмүскөдө калып калышы мүмкүн деп кооптонууда.

«Милицияга аз кайрылып калышы мүмкүн. Жакшы түшүндүрүш үчүн атайын маалыматтык өнөктүк жүргүзүш керек. Себеби, жубайлар уруша кетсе күйөөсүн камап салса аял киши эмне кылат? Ошондуктан мыйзамдын аткарылышы бир аз кыйын болот. Бирок жабыркаган адамга жакшы. Биз бул маселе менен көп жылдан бери иштеп келаткандыктан аялдар көп эле келет. «Эми кайда барам?» деп сарсанаа болушат. Анан айласыздан кайра үйүнө барганга туура келет».

Бүбүсара Рыскулова маселени чечүүнүн бир жолу катары аялдарды коргоо боюнча кризистик борборлордун санын көбөйтүш керек деген пикирде. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө мамлекеттик бир да кризистик борбор жок экенин билдирди. Ал эми жеке менчик 17 борбор иштеп жатат.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянып, былтыр өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтой турганын билдирген.