26-декабрда Түркиянын Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык Р.К.нын өлүмү боюнча Анталия шаардык прокуратурасы тергөө ишин баштаганын кабарлады.
Жергиликтүү «Демирөрен» кабар агенттиги Анталия шаарынын Муратпаша районунун тургуну, түрк жараны Е.О. кыздын өлүмү боюнча жалгыз шектүү катары сурак бергенин жазды. Ошондой эле түрк басылмалары бул окуяны «сырдуу» деп сыпаттап, тергөө кылдат жүргүзүлөрүн баса белгилешкен.
Анткен менен Түркияда зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон же киши колдуу болгон айрым чет өлкөлүктөрдүн кылмыш иштери жеткиликтүү иликтенбей келет.
Түркиялык адвокат Энис Зияли мындан үч жыл мурун Анталияда сабалган жана оор операциялар жасалган кыргызстандык Малика Ноотиеванын кылмыш иши ушул убакытка чейин аягына чыкпаганын эске салды:
«Мен сотто Малика Ноотиеванын кызыкчылыгын коргойм. Соттук-медициналык экспертиза «Малика оор темир менен катуу сабалган» деген жыйынтык чыгарган. Бирок сот улам жылып отуруп өкүм али чыга элек. Айыпталуучу түрк жараны кандайдыр бир жолдор менен абактан чыккан. Бул тууралуу мен кайра сотко кайрылгам. Мындай окуялар Анталияда акыркы жылдары көбөйдү. Дем алыш күнү каза болгон кыргызстандык кыздын да кабарын көрдүм. Шектүү түрк жараны сурактан кийин бошотулганын уктум. Албетте, бул адилетсиз чечим деп ойлойм».
2017-жылы кыргызстандык Малика Ноотиеванын окуясы Түркияда чоң резонанс жараткан. Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени келген Малика 2016-жылы тааныш кызынын тилине кирип, каргашалуу окуяга кабылган. Түрк жараны М.Й. кызга зомбулук көрсөтүп, башына темир менен бир канча жолу чаап, жолдун жээгине таштап кеткен. Малика Ноотиеванын башына үч жолу оор операция жасалып, учурда Кыргызстанда соттун чечимин күтүп жатат.
Түркиядагы Дүзже университетинин социология бөлүмүнүн доценти Эмел Жошкун мигрант аялдар туш болгон зордук-зомбулук темасын изилдеп келет. Ал быйыл өзгөчө коронавирус пандемиясында иштөөгө мажбур болгон мигрант кыз-келиндердин мораладык абалын изилдегенин айтты:
«Түркияда өзгөчө үй кызматтарында иштеген чет өлкөлүк мигранттар көбөйгөнүн байкасак болот. Бирок Түркияга жумуш издеп келген ар бир мигранттын жагдайы жакшы деп айта албайбыз. Эң маанилүү тоскоолдук - бул мигранттарга эмгек визасын же туруктуу жашоого уруксат алуу жараяны өтө татаал. Ушундан улам чет өлкөлүк мигрант аялдар Түркияда кооптуу жумуштарда, аз айлыкка кайыл болуп иштөөгө мажбур. Быйыл өзгөчө пандемия учурунда жумуштан чыгып калган мигрант аялдардын абалы оор болду. Көбү депрессия болгонун да байкадык. Анткени коронавирустан улам сыртка чыга албай, үй кызматтарында иштегендиктен иши эки эсе көбөйүп, толук эс алганга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ушунун баары келип мигранттардын моралдык ден соолугуна залакасын келтирет».
Көп жылдардан бери Анталияда иштеп жаткан «Айымдар коомунун» жетекчиси Периза Асанаалиева Түркиядагы мигрант кыз-келиндердин абалын эки тараптуу кароого чакырды:
«Биз 23 жаштагы кыздын өлүмүн угуп кабыргабыз кайышып турат. Бирок бул окуяга эки тараптуу карашыбыз керек деп ойлойм. Балким жаш болуп алданды деп айталы десек, айрым учурларда кыргыз кыз-келиндерден да кетип жатат. Айрым мигрант аялдар иштегени келаткан өлкөнүн мыйзамдарын, менталитетин үйрөнүп келишсе дейм. Ушуларды билбегендиктен, маалыматтын жетишсиздигинен өзгөчө пандемияда акыр аягы өлүмгө, суициддерге жетип жатат. Андыктан мамлекеттен бул көйгөйгө чара көрүшүн суранат элек».
2020-жылы Түркияда канча чет өлкөлүк мигрант көз жумганы белгисиз. Бирок март айында Стамбул шаарында 56 түркмөнстандык мигрант жасалма арака ууланып каза болгону кабарланган. Ал эми 2019-жылы Түркиядан Кыргызстанга 17 сөөк («Жүк 200») жөнөтүлгөн.
Жалпысынан Түркияда расмий түрдө 25 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет.