Бишкек жылуулук борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөө иштерине Орусиядан адистер келди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-февралда кырсыктын кесепетин жоюу үчүн түзүлгөн Ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Ал арада негизинен энергетика тармагындагы кадр саясатынан улам айрым жетекчилердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлө баштады. Буга чейин жылуулук борборунун жетекчиси кыштын чок ортосунда күтүүсүз алмашканы дагы талкууланып жаткан.
Өкмөттөн кабарлашкандай, 5-февралга карата Бишкек ЖЭБинде жалпы кубаттуулугу 308 МВтка жеткен тогуз казан агрегаты жана төрт турбогенератор иштеп жатат. Анда 6,6 миллионго жакын кВт саат электр энергиясы өндүрүлүүдө.
Бишкекке Орусиядан адистер келди жана алар жергиликтүү энергетиктер менен биргеликте жылуулук борборун оңдоо, узак убакытка долбоорлоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашмакчы.
"Министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштерин тездетүү жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Адистер жарым-жартылай модернизациялоо, бүтүндөй ЖЭБ системасын модернизациялоо же объектти толук жаңылоо варианттарын изилдей турганын айтты. Андан сырткары аймактардагы отканаларды модернизациялоо зарыл экенин кошумчалады", - деп жазылган маалыматта.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев соңку абал тууралуу маалымат берип жатып, 6-февралга чейин ысык сууну берүү толук калыбына келтирилерин белгиледи.
"Жылуулук 53 градустан 65 градуска чейин берилип жатат. Шаардагы бардык батирлерге жылуулук берилген. Ысык сууну берүүнү 70% жеткирдик. Буюрса бүгүн кечке чейин 100% жеткирүүнү пландаганбыз. Экинчи күнү таң атканга чейин шаардыктарга ысык суу берүү 100% болот”, - деди министр.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ЖЭБди калыбына келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатканын кабарлады. Ага ылайык, миңге чукул адам, ондогон техника тартылды.
Энергетикадагы кырдаал: кадрлар баарын чечет
Ал арада соңку кырсыкка байланыштуу айрым жетекчилердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлдү.
Буга кыш чилдеде аталган борбордун директорунун күтүүсүз алмаштырган жагдай дагы себеп болду.
ЖЭБдин азыркы жетекчиси Алпбек Садыров 18-январда гана дайындалган. Энергетика министринин орун басары дагы алмашып, Насипбек Керимов келген. Ага чейин ал президенттин администрациясында иштеген.
Дагы караңыз Өкмөт жаңы үйлөрдү Бишкек жылуулук борборуна кошууга тыюу салат
Эксперт, "Түндүкэлектр" ишканасынын мурдагы башчысы Сапар Аргынбаевдин пикиринде, энергетика тармагындагы кадр саясатында маселелер бар.
"Ишти билбегендер, квалификациясы төмөн адамдар жетекчилик кызматтарга коюлуп калып жатат. Буга чейинки маектеримдин биринде энергетиктер тууралуу айтып, "буларды бир авария эле эстерине келтирет го, болбосо ушинтип жүрө беришет" дегем. Мен ГЭСтерде авария болсо керек деп ойлогом. Себеби, ГЭСтерде дагы ушундай кадрларды коюп жатышат деп угуп калам. Кырсыкты илктөөгө көз карандысыз эксперттерди тартуу керек эле. Дагы кудайдын боору ооруду окшойт, авария сууктун күчү кайтып калганда болду, эгер катуу ызгаар болгондо кесепети оор болмок".
Былтыр ноябрда өкмөт башчы Акылбек Жапаров ЖЭБдин абалын, кышка даярдыгын текшерген. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда тиешелүү түзүмдөрдү күчөтүлгөн тартипте иштөөнү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн ыкчам чара көрүү тобун түзүүнү, жабдуулардун корун камдап коюуну тапшырганын кабарлаган. Жылуулук менен камсыздоону үзгүлтүккө учураткан жетекчилердин жоопкерчилиги караларын эскерткен. Учурда кырсыктын себебин мамлекеттик комиссия иликтеп жатат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошова 2022-жылы, биринчи элдик курултайда энергетика министри Таалайбек Ибраевди ага чейин коррупциялык иштерде аты аталып келгенине байланыштуу сынга алып, президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал соңку кырсыкка байланыштуу министрдин жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт.
"Ибраевдин аты көмүргө байланыштуу чырларда аталган. Таалайбек Ибраев жетектеген уюмда чоң суммадагы мамлекеттин акчасы кымырылган. Ал ушундай нерселерге карабай энергетика министринин орун басары, андан кийин министр болду. Орусча айтканда анын "крышасы" күчтүү окшойт. Жылуулук борбору көмүр жаккандан эле жарылып кетпеген чыгаар, башка себептери да болсо керек. Оңдоп-түзөп, техникалык жагын катуу караш керек болчу. Ансыз деле бизде ал жерде буга чейин авария болгон".
Кырсыкка байланыштуу Башкы прокуратура 2-февралда кылмыш ишин козгогон. Көзөмөлдөөчү орган "кызмат адамдары кызматтык милдеттерин так аткарбагандыктан, магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан жарылуу болгон" деп билдирген.
Анда "Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу), 317-беренеси (магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү УКМКга тапшырылды", - деп жазылган маалыматта. Башкы прокуратура ЖЭБдеги террордук акт жана диверсия белгилери аныкталбаганын белгилеген.
ЖЭБде 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында катуу жарылуу болуп, беш адам ооруканага түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.
Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигиндеги соңку маегинде авария ЖЭБдин эски бөлүгүндо болгонун, аны толугу менен модернизациялоо тапшырмасын бергенин айткан.
2018-жылы 26-январда катуу суукта Жылуулук электр борборунда авария болуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.