Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Өкмөт жаңы үйлөрдү Бишкек жылуулук борборуна кошууга тыюу салат


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.

Бишкекте жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш калаанын мэрине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна ушундай тапшырма берди.

3-февралда таратылган расмий маалыматка караганда, бул маселени чечүү үчүн кошумча отканалар курулат.

Азыркы тапта агенттиктин башчылары атайын буйрук иштеп чыгууну көздөп жатат. Бирок бул чаралар жыйынтык бербей, ашыкча чыгымдарга алып келүү ыктымалдыгы бар экенин энергетиктер эске салууда.

Бишкекте соңку үч күндөн бери Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштери уланып жатат. Бул маалда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мындан ары Бишкек шаарында курулган көп кабаттуу үйлөрдү борбордук жылытуу системасына туташтырууга тыюу салуу керектигин айтты.

Жапаров буга байланыштуу Бишкек мэри жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысына тапшырма берди.

Аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары Талантбек Иманакун уулунун айтымында, мекеме буга чейин турак үй салына турган жердеги долбоордун алкагында инженердик инфраструктурасын иштеп чыгып, тиешелүү кызматтардын макулдугунан кийин уруксат кагаздары берилип келген.

Бирок соңку үч-төрт жыл ичинде курулуш компаниялардын көбү автономдук жылытуу системасына өтүп, долбоорлорун ошого жараша иштеп чыгып турган.

Талантбек Иманакун уулу
Талантбек Иманакун уулу

"Шаардын "Алтын квадрат" деп аталып келген жеринде Бишкек жылуулуктун кубаттуулугуна жараша курулуш компаниялар долбоорлорун ылайыктап иштеп келип, жылытуу системасына ушуга чейин кошулуп келген. Ага уруксатты "Бишкекжылуулуктармагы" берчү. Эми Жылуулук электр борборуна келтирилген күчтү азайтып, ишинде тоскоолдуктар жаралбашы үчүн Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен биз иш алып барабыз. Тагыраагы, эми бардык жеткиликтүү башкармалыктарга жана Башкы архитектурага тапшырма берип, буйрук түшүрөбүз. Жаңы курулган көп кабаттуу үйлөр өзүнчө, автономдуу жылытуу системасына өтүшү керек болот", - деди Иманакун уулу.

Борбордук жылытуу системасына кошулууга техникалык жана инженердик шарттарды аталган агенттикке "Бишкекжылуулуктармагы" даярдап берет, мекеме турак жайдын туура салынышын көзөмөлгө алышы керек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2017-жылдан 2021-жылга чейин борбордук жылытуу системасына жыл сайын орточо эсеп менен 200 миң чарчы метр турак жай кошулган. Соңку үч жыл боюнча маалыматты таба алган жокпуз.

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров ошондой эле кошумча отканаларды куруу керектигин да белгилеген. Азыркы тапта Курулуш агенттиги жаңы отканалар шаардын кайсы бөлүктөрүндө курулары тууралуу айтуу кыйын экенин, приоритетте Бишкек жылуулук электр борборун калыбына келтирүү турганын, андан кийин гана адистер маселеге байланыштуу иш алып барарын белгиледи.

Жылуулук берүүнүн алтернативдүү жолдору

Соңку жылдары көп кабаттуу үйлөрдү салган курулуш компаниялардын көбү батирлерди газ же электр энергиясы менен жылытууну тандап калганын Талантбек Иманакун уулу кошумчалады.

"Мисалы Бишкектин Түштүк Магистралынан өйдө карай салынган, курулуп аткан үйлөрдүн бири да борбордук жылытуу системасына кошулган жок. "Газпром" ал жерде өзүнүн отканасын салып, газдаштырууну колго алган. Ошондуктан бул жерде маселе жаралбайт. Ал эми борбордук жылытуу системасына өткөн жерлерде курулуп аткан турак үйлөрдүн көбү автономдуу жылытууну тандап жатат. Себеби куруучулар өзүлөрү деле борбордук жылытуунун кубаттуулугу аларды тейлөөгө жетпей турганын түшүнүп калышты. Айрымдары күн панелдерин да колдонууну көздөөдө".

Аталган мекеменин башчысы Нурдан Орунтаев болсо ЖЭБди калыбына келтирүү иштерине байланыштуу жаңы эрежелер тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилерин айтты.

"Бишкекжылуулуктармагы" мекемесинин расмий сайтында борбордук жылытуу системасына кошулууга уруксат бериле турган аймактарды атайын бөлүп, жашыл өң менен белгилеген. Анда Бишкектин батыш тарабынан Исанов көчөсү, чыгыштан Курманжан Датка көчөсүнө чейинки тилкеде, ал эми түштүк жагынан темир жол, түндүктөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин жайгашкан жерлерде курула турган үйлөрдү борбордук жылытууга туташтырса мүмкүн экени жазылган.

"Кыргызстанга жаңы электр борбору керек"

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков тармакта системалуу иш алып болмоюнча отканаларды куруу, жаңы үйлөрдү автономдук жылытуу системасына өткөрүү менен маселе чечилбейт деген оюн ортого салды.

"Азыр завод, фабрикалар жок. Бирок ага карабастан шаар кеңейип, үйлөрдүн саны көбөйүүдө. Алардын баары электр энергия менен үй жылытат, бул кымбат. Энергетикада мыйзам бар, эгер бир чоң жылуулук борбору 1200 мегаватты берип, ага 12 же 24 кичи отканалар байланган болсо, анын нарк баасы 10 эсеге кымбаттап кетиши ыктымал. Ошондуктан бул чоң борборлор шаар ичинде курулуп калган. Бизге бул электр борбору азырынча керек. Эгер биз майда отканаларды салып, шаардагы үйлөрдү аларга байласак, анда экология бузулат, экинчиден, баа өсүп кетет. Көмүр болобу, газ болобу анын баарын биз ташып келүүдөбүз. Бул жерде системалуу иш жолго коюлганы жакшы. Ошол эле көмүрдү ташып келүүнүн кереги жок. Андан көрө көмүр кенинин жанына жаңы, азыркы талаптарга шайкеш келген электр борборун куруу зарыл. 1200 МВт болсо, анын жанын эле 500 метр аралыкта "Датка-Кеминдин" электр линиясы өтөт. Демек, ошол аркылуу электр энергиясын алып, элге арзан берсек болот. Бул бизге өз ресурстарыбызга өтүүгө шарт түзөт",- дейт Карыбеков.

2023-жылы Бишкек шаары боюнча 322 миң чарчы метр турак үй курулган. бул 2022-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 60 миң чарчы метрге аз.

Улуттук статистика комитети чыгарган маалыматтарга ылайык, 2023-жылы борбор калаа боюнча 518 жеке турак үй курулган. Ал эми 2022-жылы бул көрсөткүч эки эсе аз сандарды көрсөткөн. Бирок бул курулуштардын канчасы көп кабаттуу үйлөр экени белгисиз.

Мамлекет дотациядан кутулгусу келеби?

"Бишкеккурулуш" турак жай куруу компаниясынын ээси Аскарбек Молдобаев да жылуулук менен камсыздоону борборлоштуруу эффективдүү жана элдин, өкмөттүн өзүнүн капчыгы үчүн пайдалуу болот дейт.

"Азыр ЖЭБ дотацияда турат. Эгерде жаңы үйлөр жаңы отканалардан тейлене турган болсо, анда дотация жоюлуп, жылуулуктун баасы өсөт. Анан эң башкысы - майда отканаларды башкарып турган кесипкөй адис керек, өзүңүздөр билгендей азыр Кыргызстанда бул чоң көйгөй. Андан көрө электр борборду реконструкция кылып, андан ары колдоно бергенибиз жакшы. Бирок мамлекет болгону дотациядан кутулууну көздөп жаткандай сезилип жатат. Азыр бизге - курулушчуларга альтернативдүү дегендин өзү анчейин түшүнүксүз болуп турат. Көгүлтүр от, электроэнергия же көмүр менен жылытууга өтөбүзбү, белгисиз. Бул дагы чоң көйгөй. Эгер көмүр десек, көмүр менен камсыздай алабы? Жетеби деген суроо пайда болот. Анан эң башкысы абоненттерге бул кандай таасир этет? Капчыгы ошону көтөрө алабы? Бул өзгөртүүлөр курулуштун баасына да таасир этиши ыктымал".

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар.

Калаадагы Жал кичи районунда өзүнчө жылуулук борбору бар. Андан тышкары, жаңы салынып жаткан айрым үйлөргө жеке жылуулук системасы орнотулган.

2018-жылы 26-январда дагы катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн бою жылуулуксуз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда, 2017-жылы Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.

XS
SM
MD
LG