Жер кодекси: "Кызыл китепти" жоюу сунушталды

Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты - "кызыл китеп".

“Жер кодексинин” жаңы редакциясында Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны же эл оозунда "кызыл китеп", "жашыл китеп", “көк китеп” деп аталган документти жоюу сунушталды.

Мыйзамды иштеп чыккан агенттик мунун ордуна жер ээлерине кадастр планы камтылган QR код берүүнү демилге кылууда. Ал код аркылуу тилкенин картасын, планын жана ага ким ээлик кыларын онлайн көрүп алууга болот.

Бул жагдай менчик ээлеринин арасында кабатырланууну жаратты.

Кызыл китептин ордуна QR код

Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жоюу каралып жатканы 17-сентябрда “Жер кодексинин” жаңы редакциясын Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде талкуулоо маалында белгилүү болду.

Документти иштеп чыккан мекеме өкүлдөрү анда киргизилип жаткан жаңы жагдайлар, өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу баяндама жасап, анын ичинде "кызыл китепти” жоюу сунушталып жатканын билдирди.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Асылбек Сатывалдиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып буларга токтолду:

Асылбек Сатывалдиев

"Бул жерде кадастрдык план деген документ болот. Ар бир кадастрдык пландын өзүнүн QR коду болот. QR кодду ачсак, анда ошол жердин аянты, түрү, категориясы, жеке менчиктеби же мамлекеттик менчиктеби, айтор жер тилкеси тууралуу толук маалымат камтылат. Бул жерде “кызыл китепти” да, “жашыл китепти” да жок кылып, ошол кадастр планга өтөлү дегенбиз. Баарыбызга белгилүү, мисалы, “кызыл китептерди” жасалма кылып чыгарып коюп жатышат. Мындан сырткары коррупцияга түрткөн жагдайлар бар. Ошондой эле дагы бир нерсе, мамлекеттик актыны жасоого акчасы да көп кетет. Мында QR код менен жарандарга да ыңгайлуу болот го деп ойлоп жатабыз”.

“Жер кодексинин” жаңы редакциясы 2022-жылы иштелип чыккан. Документ бир жылдай коомдук талкууда жүрүп, 2023-жылы парламентке киргизилген. 2024-жылдын жай айларында анын долбоорун Жогорку Кеңештин бир нече комитети биринчи окууда карап, жактырган. Анда талкуу көп болгон эмес.

Бул ирет андагы жаңы жагдайларды медиалар жазып чыккандан кийин коомчулукта кызуу талаш-тартыш жаралды. Мисалы, айрымдар менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты жоюлуп, онлайн болуп калса, анда опурталдуу жагдайлар көп болот деп чочулап турушат.

Бишкек шаарынын тургуну Светлана Антропова "Азаттыка" буларды айтты:

Светлана Антропова

“Жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт - биздин үйүбүздүн алдындагы жерге болгон укугубузду ырастаган документ. Мына биздин үй – 48-батир 2012-жылы ушул тилкеге мамлекеттик акт алганбыз. Чек арабызды чийип, кызыл китеп алганбыз. Эгер алар мунун баарын электрондоштуруп, кадастрга киргизип коюшса, ал биздин колубузда болбой калат. Азыр паспорттун, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн деле электрондук версиясы бар, анда алардын деле кагаз версиясын жоюп салыш керекпи? Менин оюмча, бул абдан опурталдуу. Коррупция бар болсо, кайсы бир документтерди өзгөртүп жиберишсе же таптакыр эле жок кылып салышса эмне болот? "Кызыл китеп" деле паспорт сыяктуу эле документ. Кадастрда маалымат жок болуп кетсе, мен ушуну алып барып көрсөтөм. Мамлекеттик базада көп маалыматтар жок болуп кеткенин биз жакшы билебиз”.

Коомчулукта чуу чыккан соң Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик өз сайтында жана социалдык баракчаларында түшүндүрмө таратып, кадастрдык план жана андагы QR код кадимкидей эле юридикалык күчкө ээ болорун билдирди.

Кодексте талаштуу жагдайлар көп

СССР маалында жер тилкелери жана башка мүлктөр мамлекеттик болуп саналчу. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Конституциясында менчиктештирүүгө уруксат берилип, 1990-жылдары үлүш жерлер, жер тилкелери жана башка мүлктөр жеке колго өтө баштаган.

Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты - "кызыл китептин" жана убактылуу пайдаланууга укук берген күбөлүктөр: "жашыл китеп" менен "көк китептин" үлгүлөрү.

Натыйжада жарандарга Жер участогуна карата жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты – “кызыл китеп”, мындан сырткары жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга укук берген күбөлүктөр – "жашыл китеп" жана “көк китептер” берилип келген.

Айрым адистер жалпы санариптештирүүнүн алкагында паспорт, күбөлүк жана башка документтерден сырткары жер тилкенин менчик укугун ырастаган акты да электрондошуп жатканын кубатташат. Ошол эле маалда буга өкмөт өзү даяр эмес дегендер да бар.

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, академик Жамин Акималиев мындай деди:

Жамин Акималиев

“Буга чейин бир жер тилкеге төрт-беш кожоюн чыгып калган учурлар болуп келчү. Мыйзамдаша келсе, баарында "кызыл китеп" чыгып калат. Мунун баары чылгый коррупциядан улам болуп келген. Мына ошол коррупцияны жоюу үчүн, жер тилкесинин кимге берилгенин аныктоо үчүн жана башка жагдайлар үчүн Жер ресурстары агенттигинин сунуштарын колдойм. Бирок ошол агенттик өзү "кызыл китепти" жоюп, баарын кадастрга киргизүүгө даярбы? Талаш болуп жаткан жер тилкелери кимдики экенин, Ташматовдукубу же, Акматовдукубу, баарын тактап бүттүңөрбү? Көпчүлүк жерлер боюнча сот иштери болуп жатат. Соттордун жыйынтыгы качан чыгат? Анан азыр "кызыл китебин" жоюп, ага кадастр планын берип койсо, бул үчүн кийин ким жооп берет? Ошондуктан, менин оюмча, бул аракеттердин баары туура, бирок агенттик шашып жатат. Мына ушундай иштердин баарын бүтүрүп, анан гана реформа жасаш керек”.

Кыргызстанда Жер кодекси алгачкы жолу 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүн шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.

Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирүүдө. Маселен, ал кабыл алынса, Кыргызстандагы жер тилкелеринин баары бир сыйра ревизиядан өтүшү мүмкүн экен.

Бул жана башка жагдайлар депутаттар арасында талкууларды жараткан. Айталы, “жер тилкелери узак убакытка чейин өз багытында иштетилбей турса, аны мамлекет кайра өзүнө алууга укуктуу” деген жагдайлар да суроолорду пайда кылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин соңку жыйынында бул жагдайларды белгиледи:

Кубанычбек Самаков

“Эгерде айдоо жерлери өз багытында иштетилбей калса, үч жылдан кийин мамлекетке алыш керек деп жатасыздар. Бирок айдоо мүмкүнчүлүгү жетпесе, суу жетпесе же башка себептер болсо, айдалбай, иштетилбей калышы да мүмкүн да. Мында сиздер жарандын жеке менчик укугуна кол салган болуп калып атпайсыздарбы. Мында Баш мыйзамда бекитилген, кол тийгис жеке менчик укук жөнүндө кеп болуп жатат. Же мамлекет ал жерди бекер бердиби беле? Үлүшкө, жалпы менчиктештирүүгө алынган жерлер. Ошондуктан мамлекетке алып алуудан мурда башка жаза чараларын караштырып көрүш керек”.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү бул жана башка маселелер боюнча сунуш-пикирлерди кийинки окууларга чейин карап чыгып, оңдоп-түзөтүүгө болорун айтышты.

Документ качан жалпы палатага чыгарылары азырынча белгисиз.