Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Жер мунапысы: арыздарды кабыл алуу апрелде аяктайт


Ак-Ордо жашоочуларынын президент Жапаров менен жолугушуусу. Архивдик сүрөт
Ак-Ордо жашоочуларынын президент Жапаров менен жолугушуусу. Архивдик сүрөт

Кыргыз өкмөтү жер мунапысына байланыштуу арыздарды кабыл алууну быйыл жаз айларында токтото турганы белгилүү болду. Эми жер мунапысына байланыштуу иштердин баарын жаңы түзүлгөн агенттик көзөмөлдөйт.

Өкмөт өкүлдөрү билдиргендей, жогорку чыңалуудагы электр линиялары, газ түтүктөрү өткөн жерлерге салынып калган үйлөргө техникалык паспорт гана берилип, ээлери каттоого туруу, мектеп, бала бакчага балдарын киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатат.

8,5 миң гектар жер мыйзамдаштырылды

Өткөн жылдын соңунда, 25-декабрда президент Жапаровдун жарлыгы менен Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Агенттик жер мунапысын жүргүзүү боюнча маселелердин баарын өзүнө алып, арыз жазган 140 миңден ашуун үй ээсинин маселеси менен алектенет. Агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиевдин айтымында, элден арыз кабыл алуу ушул жылдын жаз айларында аяктайт. Ал үчүн жер мунапысын жүргүзүү боюнча жобого өзгөртүү киргизилүүдө.

Асылбек Сатыбалдиев
Асылбек Сатыбалдиев

"Мунапыс мыйзамынын чеги болуш керек. Бүгүнкү күндө биз айыл чарба министрлиги жана президенттин администрациясы менен биргеликте түзүлгөн комиссия жобого өзгөртүү киргизип атат. Ага ылайык, апрель айында арыз кабыл алуу токтотулат. Арыз кабыл алынбайт, бирок андан аркы иштер улантылат. Мисалы, элдин өтүнүчтөрүнүн баары каралып, тийиштүү документтер берилет", - дейт Сатыбалдиев.

Жер мунапысы боюнча кампания башталгандан бери өлкө боюнча турак үйлөр салынган жерди мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүп 140 миң 889 арыз жазылган. 26 700 техникалык паспорт берилген. Жер тилкелерине 39 103 кызыл китеп берилген.

Жер мунапысы боюнча жобо иштей баштагандан 2024-жылдын 8-январына чейин 8 536 гектар жердин багыты калктуу конуш болуп которулду.


Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Асылбек Сатыбалдиевдин айтымында, канча жердин багыты которула электиги тууралуу атайын талдоо жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы январь айынын ичинде белгилүү болот.

"Техпаспорт берилип, "мыйзамсыз салынган" деген мөөр басылууда"

Жер мунапысын жүргүзүү боюнча жобого ылайык келбеген жерлер чоң көйгөй жаратууда. Маселен, газ түтүктөрү өткөн, жогорку чыңалуудагы электр линияларына бөлүнгөн аймактарга салынып калган мыйзамсыз үйлөрдү жобого ылайыктап чыгуу мүмкүн эмес.

Жер талаштын тамыры кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:01 0:00

Мындай үйлөргө техникалык паспорт гана берилүүдө. Андай үй ээлери каттоого туруп, бардык тейлөөлөргө укук алат. Мындай маалыматты Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Асылбек Сатыбалдиев айтты:

"Комиссия мындай жерлерде салынган үй ээлерине техникалык паспортторду берүү чечимин кабыл алган. Демек, ал мүлк ээлери жерди мыйзамдаштыра албаса да, жашап аткан үйүн мыйзамга ылайыктап алууда. Эми техпаспорттун негизинде алар шайлоолордо добуш берип, бала бакча жана мектептерге каттоого туруп, өз аймагындагы бейтапканаларга кыйналбай эле кайрылуу укугуна ээ болууда. Бизде ошол эле жогорку чыңалуудагы линиялардын астына түшүп калган үйлөр абдан көп, ал жерлер элдин өмүрүнө кооптуу болуп эсептелет. Жер көчкү жүрүп кетүү коркунучу бар, тоонун этектерине салынган турак үйлөр да көп. Алардын ээлерине жок дегенде жарандык укук берип атабыз. Ошондуктан жер мунапысы тууралуу мыйзам кабыл алынып, жобо иштегени жарандарга жакшы болду деген пикирдебиз. Убагында гектарлаган жерлерди басып алып, кийин мунапыс башталганы чыга келгендер да тоскоолдук жаратты. Мындай көйгөйлөрдөн улам жобого өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип аттык. Айрым учурларда сот департаментинен комиссияга адистерди чакырган да күндөр болду".

Көйгөйлөрдүн көбү Бишкектин жака-белиндеги кийинки жылдары негизделген конуштарда көп чыкты.

Жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссия алгач жашыл зонада турган үйлөрдү мыйзамдаштырып берүүнү көздөп жатат. Андан кийин экинчи этап менен Энергетика министрлиги газ түтүктөрүн өткөргөн жана аны тейлеген компаниялар менен биргеликте көйгөй жараткан аймактарда өзүнчө иш алып барат.

"Ак-Ордонун 35% кызыл китебин колго алды"

Активист Мирбек Осмонов Ак-Ордо конушунун 14 миңден ашык тургуну арыз жазып, беш миңдин тегерегиндегиси кызыл китеп алганын айтууда. Эми бул аймактын тургундары да өз үйүнө каттоого туруп, бардык социалдык тейлөө укуктарына ээ болду.

Ошол эле учурда конуш жайгашкан Сокулук районунун жетекчилиги жерлерди жана үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштерин жүргүзүүдө бир топ ката кетиргенин жарандык активист Мирбек Осмонов айтууда. Буга тийиштүү адистердин жетишсиздиги да кошумча болгон. Маселен, 2023-жылдын жай айларында Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын 20 кызматкери бир күндө иш таштап, мекемеден чыгып кеткен.

"Алар ишти эки этапка бөлдү. Биринчи этап деп курулуп калган үйлөр жана фундаменти туруп калган жерлерге кызыл китеп берүүдө. Ал эми эч нерсе салынбаган бош жерлерге кызыл китеп берүү иши баштала элек. Менин пикиримде, бул чоң ката. Маселен, бош жерлердин мурдагы ээлери дагы бирөөлөрдүн аты-жөнүн киргизип, арестке коюп, маселени татаалдаштырып койду. Бүгүнкү күндө мына ушундай маселеси бар 350 кишинин көйгөйү күн тартибинде турат. Эми булар кантип чечилет, ким чечет деген суроо турат. Сот деле, комиссия деле буга кийлигише албай турат, анткени тийиштүү документтер толук эмес. Андан тышкары 2023-жылы Сокулук районунун мамкаттоосунан 20 киши бир күндө иш таштады, кайра кадр чогултуп, ишти улап кетүү ошондо кыйынга турган. Компьютерлер жетишпей, жергиликтүү бийлик органдары кыйналды. Ага кошумча, күнүгө жүздөгөн киши айыл өкмөт, акимчиликтерге каттап, тынчын алып жатты", - деди Осмонов.

Жер мунапысы жүрүп жаткан мезгилде Ак-Ордо конушунда 2023-жылы март айында жергиликтүү тургун Марал Шаболотованын үйү түрттүрүлгөн.

Мындан улам ондогон тургундар митингге чыгып, Сокулук районунун акими кызматынан алынып, Шаболотовадан жер талашкан тарапка мораторийге карабай 2017-жылы кызыл китеп бергендер жоопко тартылган. Конуштун тургундары ошол кезде жер мунапысына байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иштер өтө жай жүрүп атканын айтып, нааразы болушкан эле. Алар ошондой эле ондогон үй-бүлөлөр кызыл зонада жайгашкан үйлөргө кызыл китеп берилбей жатканын айтып сындашкан.

Элдин нааразылыгынан улам жободогу 27-пункт жоюлуп, "жер ээсинин макулдугу менен кызыл китеп берилет" деген жери алып салынган. Бул өзгөртүү бир топ кишинин документ алуусуна жол ачкан.

Мирбек Осмонов
Мирбек Осмонов

"Биз буга байланыштуу бир нече жолу нааразылыкка чыкканбыз. Акыркысы июль айында болду. Анда нааразылыгыбызды угалы деп Энергетика министрлигинен, район акимиятынан адистер келген. Биз кызыл зонада турган үйлөрдү да мыйзамдаштырып берүү талабын койгонбуз. Ошондон улам Энергетика министрлиги чечим кабыл алып, жогорку чыңалуудагы 110 кВт линия менен турак үйдүн ортосундагы аянтты төрт метрге, ал эми 10 кВт линия менен үйдүн ортосундагы аянтты эки метрге чейин кыскартып берген. Бул жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн кызыл китеп же техпаспорт алуусуна шарт түзүп берди. Бирок 110 кВт жогорку чыңалуудагы электр линияларынын так астына түшүп калган 28 үй бар, алардын көйгөйү азыр деле күн тартибинде турат. Эгер аларга документ берилсе, кийин жооптуу адамдар жазага тартылып калышы мүмкүн. Бул үй ээлерин башка жакка көчүрүү же жер берүү, кенемте төлөөгө мамлекеттин шарты болбой турганын барыбыз көрүп турабыз. Дагы 303 бош жер тилкелеринин тагдыры чечиле элек, алар кандай болору да белгисиз", - деп билдирди жарандык активист Мирбек Осмонов.

Ак-Ордо конушу жайгашкан Сокулук районуна Шопоков шаары жана 19 айыл өкмөт карайт. Бул аймактардан райондук бийликке 24 миңге чукул арыз тапшырылган. Комиссия бүгүнкү күндө алардын 14 миң 516 арызы боюнча тийиштүү чечимдерин чыгарып берди.

Жергиликтүү бийлик элдин жерлерди этапка бөлүп мыйзамдаштыруу боюнча нааразылыгына да жооп берди. Алардын айтымында, элдин көптүгүнөн улам бардык документтерди бирдей шартта кароого жана алар боюнча тез арада чечим чыгарууга мүмкүн болбой турат.

"Документ алуу үчүн мыйзамсыз аракеттерге баргандар да бар"

Чүй облусу бюнча жер мунапысын жүргүзүү иш-чарасынын алкагында элден келип түшкөн арыздардын жалпы саны бүгүнкү күндө 41 661ди түзөт. Коомдук талкуудан алардын 27 миңге чукулу өткөн. Чечимдерин алгандардын саны 18 561 болду. Дагы 401 гектар жер камактан бошотулган.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Табылды Муратбеков жер мунапысынын алкагында биринчи этап менен үйүнүн пайдубалы турган же үйү салынгандарга документ берүү каралган. Бош турган жер тилкелери кийин мыйзамдаштырылары айтылгандыктан, көбүнчө жер ээлери мыйзамсыз аракеттерди көргөн экен.

"Жерин мыйзамдаштыруу боюнча кайрылгандардын ичинен Сокулук жана Аламүдүн райондорунда маселе көп, ошондуктан айыл өкмөт жана райондук администрацияларга күч келүүдө. 2024-жылы да иш улана берет. Президенттин жарлыгы чыккандан кийин көбү мунапыстын алкагында тийиштүү документтерди алып калайын деген ой менен кум-шагылын төгүп, пайдубалын тургузууга шашууда. Биз аларга кайрылып, мындай кадамдарга барбоого чакырат элек. Анткени бул иштер да акырындык менен экинчи этапта каралат деп турабыз. Мындай аракеттерди жергиликтүү бийлик да, милиция кызматкерлери да тыкыр карап, көзөмөлдөп жатат", - дейт Муратбеков.

Чүйдүн Аламүдүн району да бүгүнкү күндө эң көйгөйлүү аймактардын бири болуп турат. Мында ушул тапта да камакта турган, бир эмес бир канча адамдын ортосунда талашка түшкөн, кызыл зонада жайгашкан жер тилкелеринин саны арбын. Жергиликтүү бийлик элден түшкөн арыздарды ушул жылдын алгачкы алты айында карап бүтүп, жер мунапысы боюнча иштер жыйынтыктала турганын билдирди.

"Жерибизге ээ болуп, каттоого турдук"

Жогоруда айтылган Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнө караган Өскөн-Ордо конушу 40 гектарга чукул жерди ээлеп турат. Мында соңку 15 жылда жүздөгөн үйлөр салынып, 1,5 миң түтүн эл отурукташып калды. Бул конуштун тургундары да нааразылыкка чыгып, жерлерди мыйзамдаштырып берүү талабын койгон эле.

Өскөн-Ордодогу жер талаштын өзөгү кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

Алардын арасында конуштун 14 жылдан берки тургуну Абазбек Алиев да бар болчу. Жерлерге документ берилгенге чейин жергиликтүүлөр маселелерди өзүлөрү чечип, бир топ кыйынчылыктар менен да күрөшүп келген. Алардын эң орчундуусу таза суунун жоктугу болгон.

Конуштун түптөлгөнүнө он жылдан ашса да, тургундар сууну ташып ичип, электр энергиясын жеке компаниялардан сатып алып, жолдорун өз каражатына салып келген.

"Ар бир короодо 2-3 тонналык суу сактагычтар бар, алы жетпегендери чака-чайнегине чейин суу топтоп алганга аракет кылат. Сууну болсо жеке тараптар аптасына бир жолу акчага ташып келип берет. Кызыл китепти биз эрте жазда алдык, техпаспорт болсо колго тие элек, бирок аз калды деп жатышат. Биз үйлөрүбүздү мыйзамдаштыргандан бери көп нерсе өзгөрдү. Жолдорубузга жаз алды менен асфальт басат экен, көчөлөр жарыктандырылды. Лебединовка айыл өкмөтү суу чыгарып берди, аз күндө лабораториялык текшерүүлөрү бүтсө колдоно баштайбыз. Коомдук транспорт каттабай, иштегендер, мектеп-бала бакчаларга балдарын жөнөткөндөр кыйналчу. Азыр күнү кечке бир эмес үч маршрут боюнча автобус, кичи автобустар каттап атат. Эң башкысы, өзүбүздү толук кандуу жаран катары сезе баштадык. Өмүрү келбеген "Тез жардам" чакырсак дароо келет, балдарыбыз тууган-туушкандыкында катталбай өз үйүндө катталып, жакын жерлердеги мектепке бара баштады. Азыр эми атайын бөлүнгөн жерге мектеп түшөт деп атышат. Ооруканага барсаң мурда карабай коюп, барбаган жерибиз калчу эмес, азыр каттооң бар экен деп кабыл алышат. Эми техпаспорт алсак, мындан ары да конушубуз өнүгөт деп турабыз", - дейт Абазбек Алиев.

Кыргызстанда миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен. Ушуга байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр жаралып, социалдык чыңалууну жараткан. Нааразылык жана жерге байланышкан башаламандыкты чечүү үчүн үч жыл мурун Жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG