Украинанын Орусия менен чек арасынан түштүк тарапта 30 чакырымдай аралыкта жайгашкан Харьков шаары... Калаа тургуну Вера Гречка талкаланган үйдүн сыртында ыйлап турат:
"...Тетиги кызыл биздин ашкана… Телевизор салаңдап калыптыр… Коңшулар "биздикине келип жаша" деп жатышат. Бирок мен өзүмдүн үйүмдү жакшы көрчүмүн да… Башка эч жакка кетким келбейт. Харьковду жакшы көрөм. Өз үйүмдү жакшы көрөм. Украинаны жакшы көрөм. Бул шайтандан деги качан кутулабыз!?".
Согуш башталгандан бери шаар орус аскерлеринин түрдүү курал-жарак, анын ичинен авиа бомба менен жасалган чабуулдарына кабылып келе жатат.
Бул жолу аралыктан башкарылуучу бомба тогуз кабат үйлөрдүн бирине тийди. Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, кеминде 35 киши жараат алды, үч киши каза болду. Өмүрү кыйылгандардын экөө 12 жана 15 жаштагы балдар экени тастыкталды.
Харьков облусунун губернатору Олег Синегубовдун айтымында, 500 килограммдык бомба үйдүн так өзүнө барып тийген.
Украин президенти Владимир Зеленский балдар да Орусиянын соккуларынан курман болуп, урандылар тазаланып жатканын айтып, адамдардын өмүрү өнөктөштөрдүн жардамынан көз каранды болгон абал түзүлгөнүн белгиледи.
"Күн сайын эмне болуп жатканын өнөктөштөр көрүүдө. Азыркы шартта алардын чечими кечиккен сайын Украина Орусиянын ушул сыяктуу кеминде ондогон, керек болсо жүздөгөн бомбаларынын соккусуна кабылууда. Алардын чечиминен биздин адамдардын өмүрү көз каранды болуп турат. Мына ошондуктан биз Орусияны колубуздан келген бардык аракетибиз менен биргелешип токтотушубуз зарыл", - деп жазды Зеленский Х социалдык түйүнүнө.
Украинадагы соңку кырдаал жана Орусиянын уланып жаткан агрессиясы 30-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде талкууланды. Жыйын Орусия Түндүк Кореянын аскерлерин Украинага каршы согушуна салганы жатканы тууралуу украин тараптын жана АКШнын билдирүүлөрүнөн улам уюштурулду.
Украинанын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Сергей Кислица Орусиянын Украина менен чек арасын көздөй Чыгыш аскердик округунан 2100дөй аскер кызматкери түшкөн кеминде жети учак учуп чыкканы, алардын саны 4500гө жетери жана украин аскерлерине каршы кармашка катышары тууралуу маалымат бар экенин айтты.
"Украинага жардам берип жаткан өлкөлөрдүн бири дагы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин санкциясына кабылбаганы бул жерде Орусиянын элчисине гана эмес, жада калса чычкандар менен таракандарга да белгилүү. Ал эми толук бойдон санкция алдында турган Түндүк Кореядан жардам алуунун өзү Улуттар Уюмунун Уставынын одоно бузулушу болуп эсептелет", - деди Сергей Кислица.
Орусия мындай айыптоолорду четке кагууда. Улуттар Уюмундагы орус элчиси Түндүк Кореянын аскерлери тууралуу маалыматты "карандай калп" деп атады.
"Биздин кызматташтыгыбыз ачык-айкын. Биз бири-бирибизге каттап, эл аралык макулдашууларга, эки тараптуу кызматташтыктын түрдүү багыттары боюнча коммерциялык келишимдерге кол коёбуз. Бул биздин суверендик укугубуз. Орусиянын Корея элдик демократиялык республикасы менен аскердик жана башка тармактардагы алакасы эл аралык укук нормаларына дал келет жана аларды бузбайт", - деди Василий Небензя.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде, аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк келишими бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.
Орусия Түндүк Кореянын аскерлерин Украинадагы согушунда колдонгону кырдаалдын курчушуна алып келиши ыктымал деген кооптонуусун бир катар өлкөлөр да, НАТО да билдирүүдө.