Украинанын бийлиги Запорожьенин тургундарына радиоактивдүү заттарга каршы дары-дармектерди (йод) тарата баштады. Расмий аткаминерлер муну аймактагы атомдук электр станциясындагы ыктымал кырсыкка алдын ала даярдык катары түшүндүрүүдө.
Акыркы айларда Запорожье АЭСинин айланасында атыш кескин күчөгөн. Андагы аткылоолор үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.
Согуш бутасына айланган АЭС
Тиешелүү профилактикалык иш-чаранын башталганына бир апта болгонуна карабай украин бийлиги өнөктүк тууралуу эми гана кабарлады. Радиация тараган учурда колдонула турган таблеткалар биринчи этапта Запорожье шаарынын Хортицкий районунда таратылууда. Жергиликтүүлөр үчүн таблеткаларды берүүчү түйүндөрдүн даректери жарыяланды.
Запорожье шаардык кеңешинин катчысы Анатолий Куртев өз Телеграм-каналында кабарлагандай, өткөн шейшембиден бери жалпы 4 миңден ашык кишиге препарат берилди:
“Дарыгерлер жашоочуларга 125 миллиграммдык калий йодун (йодид калия) берип жатат. Мындай чечим Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин сунушунун негизинде кабыл алынды. Ага ылайык, радиациянын очогунан 50 чакырым аралыктагы калктуу конуштардын тургундары тиешелүү дары менен камсыз болушу шарт”, – деп жазды ал.
Кооптуу болуп жаткан Запорожье атомдук электр станциясы облустун Энергодар шаарында жайгашкан. Башкача айтканда, ал Днепр дарыясынын бир тарабында, ал эми кеп болуп жаткан Хортицкий району экинчи тарабында, бир аз өйдөрөөктө. Аралыгы 45 чакырымды түзөт.
Анатолий Куртев тургундарды камтама болбоого чакырып, ушул убакка чейин Запорожьеде радиациялык уулуу заттардын нормадан ашканы аныкталбаганын билдирди. Ага карабай станцияга жакын жашагандардын баары этияттык үчүн дары менен толук камсыздаларын белгилеп, таблеткалар авария тууралуу кабар чыккандан кийин гана ичилиши керектигин кошумчалады.
Европадагы эң чоң атомдук станция – Запорожье АЭСин Орусия Украинага кол салгандан бир нече күндөн кийин, мартта эле басып алган. Анда атышуулардан улам өзөктүк реактор жабыр тарткан болушу мүмкүн деген коркунучтар болгон. Ал тургай өрт дагы чыгып, араң басылган. Бул Чернобыль АЭСиндеги 1986-жылкы кырсыкка окшош чоң аварияга себепчи болуп калышы мүмкүн эле.
Ортодо кармаш башка багыттарда күчөп, станциянын айланасындагы атышуулар акыркы айларга кайрадан күчөдү. Украин күчтөрү бул үчүн орус аскерлерин айыптаса, алар тескерисине украиндерди күнөөлөп келет. Атышуу АЭСтин айланасында эле эмес, станциянын өзүндө да катталууда.
“МАГАТЭнин өкүлдөрү эртерээк келиши керек”
Станция Орусиянын аскерлери көзөмөлдөп турганы менен анда украиналык адистер иштеп жатат. Ошолорго таянуу менен Киев орус тарап станциянын аймагына аскердик техника жайгаштырып алганын билдирип келет. Имараттын ичинде турган техника тууралуу видео да чыгып кеткен. Мындан сырткары станциянын өзү электр менен камсыздоо улам үзгүлтүккө учурап жатат, толук үзүлсө ал дагы анын ишин токтотуп коюшу ыктымал. Бирок ишембиде ал кайра туташтырылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видеокайрылууларында АЭСтин электр тармактарынан үзүлүшү Орусия Украинаны жана Европа өлкөлөрүн радиациялык апаатка кептегенин эскертти. Ал өз сөзүндө кайрадан орус аскерлерин станциядан чыгып кетүүгө чакырды:
“Мен станциянын айланасындагы кырдаал өтө опурталдуу, коркунучтуу бойдон калып жатканын белгилегим келет. Кечээгиндей окуялардын, башкача айтканда станциянын электр тармактарынан үзүлүшү, реакторлорду өчүрүү боюнча Орусиянын аракеттери дагы кайталанса, бул станцияны катастрофага алып келиши мүмкүн. Ошондуктан МАГАТЭнин миссиясы мүмкүн болушунча эртерээк станцияга келип, АЭСти Украинанын көзөмөлүндө кармоого жардам бериши керек. Орусиялык аскерлер станциянын аймагынан, коңшу райондордон чыгып кеткени жана станция менен электр линияларын аткылоо коркунучун жок кылуу абдан маанилүү”, – деди Зеленский.
Дагы караңыз Украина: кан күйгөн согушка жарым жылМАГАТЭ – Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Рафаэл Гросси Запорожье атомдук электр станциясынына (АЭС) байланыштуу кооптонуусун улам-улам жарыялап, Орусия менен Украинаны эл аралык эксперттердин станцияга коопсуз кирүүсүн камсыздап берүүнү өтүнгөн.
The New York Times басылмасы 27-августта кабарлагандай, МАГАТЭ станцияга барчу жумушчу топту чогултуп бүттү. Топко “нейтралдуу өлкөлөрдүн” эксперттери киргени, Гросси өзү да бар экени айтылды. Бирок алар качан Украинага келери белгисиз.
“Эл аралык мамлекеттик кызматкер катары, эл аралык уюмдун жетекчиси катары мен эки тарапты тең бул иштерди аткарууга уруксат берүүсүн көптөн-көп суранам”, – деген Рафаэл Гросси өзүнүн мурдагы кайрылууларында.
Ал ортодо ишембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди аткаруу боюнча конференциясы эч жыйынтыксыз аяктады. Жыйынтык документинин долбоорунда Орусиянын Украинанын Запорожье аймагындагы атомдук электр станциясын басып алганын сындаган, өзөктүк кырсык коркунучу жаралып турганы айтылган бүтүмдөр бар болгондуктан орус тарап ага кол коюудан баш тартты.
14-августта Европа Биримдигинин бардык мүчөлөрү жана АКШ, Канада, Астралия, Түштүк Корея, Жапония баштаган 42 мамлекет Орусияны Запорожье атомдук электр станциясынан чукул арада аскерлерин алып кетүүгө чакырган. Запорожье облусун басып алган орусиялык күчтөр станциянын айланасында ок атышпоо режимин сунуштаган.
Фронттун башка линиясындагы кармаш
Согуштун башка багыттарындагы кармаштар уланууда. Украин аскерлери соңку суткада Донбасстагы стратегиялык шаарлардын бири саналган Бахмутта орусиялык күчтөрдүн чабуулунун мизин кайтарганын маалымдады.
Бир нече апта мурда Северодонецк менен Лисичанск шаарларын алгандан соң орус тарап күчүн көбүнчө Бахмуттун тегерегине жыйнап жатат. Аталган шаар жана ага жакын жайгашкан Соледар жана Зайцево шаарлары да 27-28-августта артиллериялык аткылоого кабылды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын билдирүүсүндө, башка ири шаарлар Славянск менен Краматорскиде да баскынчылыкты токтото алышканы кабарланат. “Азаттыктын” украин кызматынын кабарчысы орус тараптын түнкү аткылоосунан Славянск шаарында бир нече көп кабаттуу үйлөр талкаланганын кабарлап, анын кесепеттеринин видеолорун чыгарды.
Мындан сырткары Авдеевка шаарларында да атыш кескин күчөдү. Ал эми Орусия басып алган Мелитополь шаарынын украин мэри бул күндөрү Киев тарап аталган шаардагы орус күчтөрүнүн аскердик базасына сокку урганын ырастады.
Дагы караңыз "Оккупацияланган жерде туубуз кайра желбирейт". Украинадагы Туу күнүУкраин тарап ошондой эле Орусиянын аскерлери Днепропетровск облусунда катуу аткылоо жасаганын, Харьков, Николаевск облустарынын айрым айылдарында да адам өлүмүнө алып келген чабуулдар катталганын билдирди. Орусия оккупациялап алган Луганск облусунда орусиялыктар алты тараптан чабуул жасоого аракет кылышканы, Донецкиде да атышуу болгону, украин армиясы Херсондогу орус курал-жарак кампасын жок кылганы жана эки ири көпүрөгө чабуул койгону маалымдалды.
Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготту. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер 45 миңдей орус аскери өлдү деп билдирип жатышат.