Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:01

Украина: кан күйгөн согушка жарым жыл


Украинанын аскери Харьков облусундагы талкаланган көпүрөдө турат. 2022-жылдын май айы
Украинанын аскери Харьков облусундагы талкаланган көпүрөдө турат. 2022-жылдын май айы

Украина 24-августта эгемендик күнүн белгилеп жатат жана Орусия украин жергесине басып киргенине толук алты ай болду.

Бул убакыттын ичинде cогуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон украиндер качкынга айланды. Айыл-шаарлар талкаланды. Азырынча Киев менен Москванын сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыга элек. Талдоочулар айыгышкан салгылаш көпкө созулган согушка айланат деп болжошууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский көз карандысыздык майрамына карата куттуктоосунда, Украина Крым менен Донбассты кайтарып алмайынча артка кайтпай турганын айтты.

Алты айлык согуштун фонундагы Эгемендик майрамы

Владимир Зеленский 24-августта Украинанын эгемендик күнүнө карата видео кайрылуусун жарыялады. Куттуктоо Орусиянын согушта талкаланган аскердик техникаларынын көргөзмөсү өтүп жаткан Киевдин Майдан жана Крещатник аянтында тартылган.

Зеленский украин элин каз катар тизилген орус армиясынын жарактан чыккан техникаларынын фонунда куттуктап жатканынын да жөнү бар. Дал ушул күнү Орусия Украинага каршы согуш ачканына туура алты ай болду.

Владимир Зеленский эгемендиктин алгачкы 30 жылы менен соңку алты ай бир тең болгонун, Орусия аларды багынтып алууга аракет кылып жатканы менен Украина эркин өлкө бойдон каларын билдирди.

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

“Биз тандоо жасадык. Кээ бирөөлөр Мариуполду, айрымдар Монакону тандады. Бирок биз кимиси көбүрөөк экенин билебиз жана акыр аягы чындап бириктик. 24-февралда таңкы саат төрттө жаңы төрөлгөн эмес, кайра төрөлгөн эл пайда болду. Ыйлабаган, коркпогон эл. Алар качкан жок, багынган жок. Биздин желек кайсы жерде болушу керек болсо, буюрса ошол жердин баарында желбирейт. Анын ичинде Донбасска да, Крымга да илинет. Душман биз аларды гүл, шампан менен тосуп алат деп ойлогон. Анын ордуна Молотов коктейлдерин алды. Баскынчылар бир нече күндөн кийин өлкөнүн борборунда парад өткөрөбүз деп ойлошкон. Бүгүн ал “парадды” Крещатниктен көргүлө. Душмандын техникасын Киевдин борборунан ушундай гана талкаланган абалда көрөсүңөр. Бизге силердин армиянын кандай экени эмес, биздин жерибиз кандай экени маанилүү. Биз ал үчүн акырына чейин күрөшөбүз. Ар бир жаңы күн - душманга багынып бербөө үчүн жаңы себеп. Башыбыздан ушунун баарын өткөрүп, акырына чейин барбай коюуга акыбыз жок. Буга чейин биз “тынчтык” деп келген болсок эми “жеңиш” гана дейбиз”.

Украин президенти Орусия менен кармашта мындан ары бир да жер берилбей турганын, Крым менен Донбассты кайрадан кайтарып алышарын кошумчалады.

“Биз колубузду бир гана шартта - жеңишти майрамдаганда гана көтөрөбүз. Биз үчүн бир эле Украина бар - ал бүтүн Украина. Баардык 25 аймак. Донбасс - бул Украина. Кандай гана татаал жол болбосун аны кайтарып алабыз. Крым да – Украина. Биз аны кайтарып алабыз. Жоокерлериңердин өлүмүн, энелердин көз жашын каалабасаңар жерибизди бошоткула. Бул биз койгон эң жөнөкөй жана түшүнүктүү шарт”.

Жеңиш биз тарапта болот”

Ушул күндөрү украиндер өлкөнүн эгемендик күнүн ар кайсы жерде белгилеп жатат. Бири Орусиянын аскерлеринин ракетасынан коргонуп жер төлөдө, согуштан улам үй жайын таштап качкынга айланган миллиондогон киши чет өлкөлөрдө, ал эми аскерге жарамдуулар кан күйгөн согуш майданында.

“Ооба, абал курч, бирок азырынча тынч. Эки тарап тең кол салууга көнүп калган. Алар да, биз да даяр турабыз. Бирок алдыга жылууда биз ийгиликтүү болдук. Анткени биздин техникабыз заманбап, оккупанттарга каршы чабуулду так жасайбыз. Өзүбүздү жакшы сезип турабыз жана жеңиш биз тарапта болот деп ишенебиз. Бизди бардык украиналыктар, башка мамлекеттер да колдоп жатат”, - деди Украинанын аскери Евгений.

Согуш башталгандан бери Украинадан 8,8 миллионго жакын адам чыгып кетип, кийин кайра дээрлик 3,3 миллион киши мекенине кайтып барган. Качкындардын көбү аялдар жана балдар. Июнь айынын башындагы маалымат боюнча орус аскерлери Украинанын аймагынын 20% жакынын басып алышкан. Forbes журналынын эсебинде, 24-февралга чейин Украинанын 7% Орусиянын көзөмөлүндө болгон. Согуштан Украинанын бир катар шаарлары дээрлик толугу менен талкаланып, миңдеген жайкын тургундар набыт болду.

“Мен 21-кылымда адамдар келечекке багыт алып, тынчтык жөнүндө ойлонушу керек болгон тапта согуш башталат деп күткөн эмесмин. Бирок “Путлер” (Орусиянын президенти Владимир Путинди айтып жатат) башкача чечим кабыл алды. Мен согуш ашып кетсе жайдын аягына чейин, эң көп дегенде жарым жылга созулат деп күткөм. Бирок, менимче, бул дагы узакка созулганы калды өңдөнөт”, - деди Киевдин тургуну Юлия.

Орусиянын согушта талкаланган аскердик техникаларынын көргөзмөсү. Крещатник аянты.
Орусиянын согушта талкаланган аскердик техникаларынын көргөзмөсү. Крещатник аянты.

Орусия чабуулун күчөттү

Украина эгемендик күнүн белгилеп жаткан тапта Орусиянын армиясы Харьковго соккуларын күчөттү. Облустун губернатору Олег Синегубов 24-августка караган түнү орус аскерлери Харьков шаарын жана облусту аткылоодон кеминде төрт киши жаракат алганын айтты.

Харьков дээрлик күн сайын Орусиянын бутасына кабылууда. 7-августта облустук прокуратура Орусиянын аймактагы агрессиясынан 1000ден ашык тургун набыт болгонун, анын ичинде 50ү балдар экенин билдирген.

Полтава облустук аскер администрациясынын башчысы Дмитрий Лунин 24-августта Миргород шаарына ракеталык чабуул жасалганын кабарлады.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай Орусия акыркы түнү артиллериядан 13, ракеталык системадан 17 жолу аткылап, орус аскерлери алты ирет кол салууга аракет кылып артка артка чегинүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Ал тапта Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинада орус аскерлеринин “атайын операциясынын” (Орусияда Украинага каршы согуш ушундай аталат) жай жүрүп жатканына түшүндүрмө берди. Ал муну жайкын тургундардын арасында курмандыктарды болтурбоо үчүн болуп жаткан аракет катары баалады.

Сергей Шойгу.
Сергей Шойгу.

“Атайын операция учурунда биз гуманитардык укуктун нормаларын катуу сактайбыз. Соккулар Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфраструктурасына – командалык пункттарга, аэродромдорго, кампаларга, аскердик өнөр жай комплексинин объектилерине жогорку тактыктагы куралдар менен жасалууда. Карапайым калк арасында жоготууларды болтурбоо үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Албетте, бул чабуулдун ыргагын басаңдатат”.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Адегенде Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “деназификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (ДНР), “Луганск Элдик Республикасы” (ЛНР) деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Андан кийин Орусия Украинанын чыгышында гана эмес, өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө да согуштук аракеттерди баштады.

Алты айдан бери Киев 9 миңдей жоокерин жоготту. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер 45 миңдей орус аскери өлдү деп эсептешет. Бирок согуш маалында эки тараптын тең жоготуулары тууралуу маалыматты тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG