Акын ыр менен узап кетти...

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Ый менен эмес, ыр менен узаталы!” деп замандаштары белгилүү акын Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатышты. 1-майда “Азаттык” радиосунун журналисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Акынды акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген калемдештери, кесиптештери кыргыз маданияты оор жоготууга учурганын айтып, ыйлап турушту. Зайырбек Ажыматов 29-апрелде кан басымы түшүп, ооруканада каза тапкан.