Акын элин таштап кетти
«Азаттыктын» кабарчысы, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов менен коштошуу зыйнаты бүгүн өзүнүн үйүндө өттү. Маркумдун сөөгү бүгүн 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.



Коштошуу зыйнаты Ажыматовдун үйүндө, «Дордой» жаңы конушунда өттү.

Акын менен коштошуу зыйнатына президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов баштаган бийлик өкүлдөрү, маркумдун калемдештери, коомчулук өкүлдөрү, кесиптештери жана жакындары катышты.



Эл акыны Шайлообек Дүйшеев кыргызга таланттар топ-тобу менен келип, топ-тобу менен кетерин айтты. "Мен азыр дал ушул Элмирбек менен Зайырбектей дүйнөдөн эрте өтүп кеткен Орусиянын улуу акындары Александр Пушкинди, Сергей Есенининди, Владимир Маяковскийди бу жалган дүйнө менен эрте кош айтышкан Юрий Лермонтовду эстедим".









Кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, комузчу, обончу, манасчы, Кыргызстандын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Бул окуядан кийин Зайырбек Ажыматов катуу кайгыга түшүп, өзүн коёрго жер таппай жүргөн. Анан эле кан басымы капыстан түшүп кетип, 29-апрелде каза болуп калды.



