"Заара чыкпай канга аралашат". Байкатпай жыккан бөйрөк оорусу

Кыргызстанда соңку жылдары баласынын же өзүнүн бөйрөгүн алмаштыруу үчүн элден жардам сурап, акча чогулткандарды көп учуратып жатабыз. Дарыгерлер жылдан жылга оору жашарып баратканын да айтууда.

“Сергек жашоо” подкастында Улуттук госпиталдын дарыгери, уролог Жыргал Аскаров жана "Жашоо жана гемодиализ" коомунун жетекчиси Анара Раимкулова менен бөйрөк оорулары, анын кесепети жана алдын алуу жолдору тууралуу кеп кылабыз.

- Жыргал мырза, бөйрөк ооруларынын негизги себептери эмнеде? Тийиштүү изилдөөлөр барбы? Оорунун көбөйүшүнө кандай факторлор себеп болууда?

Жыргал Аскаров

Жыргал Аскаров: Бөйрөктүн негизги функциясы - кандан уулу заттарды ажыратып, заара менен сыртка чыгаруу. Бөйрөк дарты биринчи кезекте сасык тумоодон башталышы мүмкүн. Сасык тумоо болгондо өз убагында дарылануу керек. Жок дегенде үч күн төшөктө жаткан оң. Вирустук же болбосо инфекциялык ооруларды өз убагында дарылабаса, биринчиден, бөйрөктүн жетишсиздик оорусуна чалдыгат.

Экинчиден, өнөкөт бөйрөк жетишсиздигине айланып, кандын курамындагы креатин деген зат көбөйүп кеткенде кан ууланат. Уулуу заттар сыртка чыкпай, оору пайда болот. Жылдан-жылга бул оорулар жашарууда.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар. Ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6500 сомдон бөлөт. Бул процедуралар үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 2,5 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт. 2019-жылдан бери органдарын алмаштыруу үчүн кезекке турган кыргызстандыктар 4 миңден ашкан.

Биздин урология борборубуз 15 жаштан жогоруларды кабыл алат. Он жыл мурда 18 жаштагылар арасында бөйрөктүн дартына чалдыккандар сейрек эле. Азыр аябай көп кездешүүдө. Өз убагында дарыгерге көрүнбөй жүрө берүү - оорулардын көбөйүшүнүн бирден бир себеби болушу мүмкүн.

- Анара айым, Кыргызстанда гемодиализ алган бейтаптарды дарылоо жолго коюлганбы? Каражат жагы кандай?

Анара Раимкулова

Анара Раимкулова: Гемодиализ алганыма тогуз жылдын жүзү болду. Башында өз чөнтөгүбүздөн төлөгөндүктөн 2,5 жылдай кыйналдык. 2019-жылдан бери гемодиализге чалдыккандарды дарылоону мамлекет өз колуна алган. Бейтаптар бир-эки эле сеансты төлөйт. Аябай жеңилдик болуп калды.

Өткөндө акыйкатчы кыдырып, мониторинг жүргүзүлгөн. Кыргызстанда 38 гемодиализ борбору бар. Гемодиализди жеке борборлор жакшы деңгээлге көтөрүп коюшту. Менин байкашымча, акыркы эки жылда эл да гемодиализ алып жашаса болорун түшүнүп калды. Мурда гемодиализге түшкөндөрдү "адам болбойт" деп ойлошчу.

- Гемодиализге чейин бөйрөгүңүз ооручу беле?

- Бөйрөгүм ооруганын боюмда болгондо билгем. Шишип кетчүмүн. Дарыланып жүрдүм. Экинчи баламды төрөгөндө таптакыр эле шишип кеттим. Энтигип ооруканага келсем, дароо гемодиализге жаткырышкан. Мага окшоп өз оорусун билбей түшкөндөр көп экен.

Гемодиализ алган күндөн тарта кайсы дарыны кайсы убакта ичүү керек, ортосундагы аралык кандай болушу керек экенин баарын үйрөндүк. Мисалы, антибиотиктердин аралыгы жок дегенде алты ай болушу керек. Бизде кичине ооруп калсак эле, антибиотик ичип, бөйрөктүн нефрон деп коет, чыпкаларын талкалайт экенбиз.

- Жыргал мырза, Кыргызстанда ондогон бейтаптар элден акча сурап, болгон мүлкүн сатып, Түркияга, Индияга барып, операция жасатып жатышат. Ошол эле учурда дартты аныктоо үчүн дагы чет жактарга баргандар бар экен. Мисалы, биопсия үчүн. Буга эмне себеп болууда? Бизде адистер жетишпей жатабы? Же медициналык технологиядан артта калдыкпы?

Жыргал Аскаров: Ооба, Индияга же Түркияга барып бөйрөгүн алмаштырам деген жарандар чындыгында көп. Бул өтө өкүнүчтүү. Буюрса, Кыргыз-Түрк “Достук” клиникабызда бөйрөк алмаштыруу операциялары пландалууда. Медициналык жабдыктар жок болгондугуна байланыштуу, сиз айткан биопсия боюнча Түркия, Индия, Казакстан мамлекеттерине жөнөткөнгө мажбур болобуз.

Анара Раимкулова: Бейтаптар дарт менен алышып жүрүп, мамлекет көңүл бөлбөгөндүктөн, Ак үйдүн, Саламаттык сактоо министрлигинин алдында митингдерге чыгып атып, гемодиализди акысыз алган деңгээлге жеттик, буга да шүгүр. Биздин мамлекет азыр бир бейтап гемодиализден өтүп турушу үчүн жылына 1 млн сомдон ашык сарптайт.

Айта кетчү нерсе, Кыргыз-Түрк “Достук” клиникасы ачылганга чейин, биздин кыргыз дарыгерлер бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасап эле жүргөн. 2012-жылы Беларустун дарыгерлери менен команда болуп жасаган. Мен билгенден, 56 бейтапка жасаса керек. Экөө оңунан чыкпай калган. Кээде ушундай болуп калат.

Дагы караңыз Аденома, простатит, рак. Ооруга эрте чалдыккан эркектер

Бөйрөк алмаштыруу боюнча биздин коом былтыртан баштап жакшы эле чуркады. “Жал кичи районундагы ооруканада биздин эле дарыгерлер жасайт, заманбап жабдыктарды алып берсеңер, башка мамлекеттерге барбай, өзүбүздө эле болсо” деп айтып, суранып келебиз.

“Донор бар, бирок каражаты жок бейтаптарга бир жылдык акчасын жеке клиникага эле которуп берсеңер, операция өзүбүздө эле жасалса жакшы болмок” деп жүрөбүз. Буга чейин министр “орган алмаштырууга керектүү жабдууларга 21 млн бөлүндү” деп убада берген. Бирок ал сөз бойдон эле калып келет.

- Жакындан тарта Кыргызстанда дарыгерлер орган алмаштырууну колго алары айтылбады беле?

- Айтылды, “7 миң долларга эле кылабыз” деп элге жарыялашты. Чет жактан көрө, ушул жерде эле жасаталы деп, жүздөн ашуун адам кезекке турган. Бирок бизге жеткен маалымат боюнча, үч адамга операция кылышкан. Андан кийин донорлук боюнча мыйзам жок экен деп токтотуп коюшту.

Дагы караңыз Орунбеков Бишкекте орган алмаштыруу операциялары жасаларын айтты

Мен быйыл бөйрөгүмдү алмаштырайын деп акча чогултуу үчүн эсеп ачтым. “Президентибиз 7 миң долларга эле кылып беребиз деп жатпайбы. Эмне үчүн чет жактан жасатасыңар? Калп эле акча чогултуп жатасыңар” деп ишенбегендер чыкты.

Азыр бир туугандарын донор кылат элем деген жапжаш улан-кыздар кезекте турат. Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамдарды толук даярдап, баарын жолго коюп алгычакты жарыя кылбай турса болот беле?

- Гемодиализ алган бейтап кандай режимди сакташы керек?

Анара Раимкулова: Бизди көрүп соо эле турбайбы деп таң калып атсаңар керек. Акча чогултуу үчүн концерт өткөргөндө да эл таң калды. Анан сахнага чыгып “сыртымдан тың көрүнгөнүм менен ички аппараттарымдын баары туура эмес иштейт” деп айтууга туура келди.

Гемодиализ алган киши заара ушатпайт. Аны айтсаң, “кантип эле?” деп таң калышат. Заара кылбаганга байланыштуу банан, коон, шабдалы, өрүк сыяктуу курамында калийи бар азыктарды жебейбиз. Бирөөнү эле жеп койгону үчүн өлүмгө учурагандар бар.

Кыргыздар жеген тамактардын баарында фосфор бар, ал заара менен чыгып кетпегени үчүн канда калып сөөккө зыян келтирет экен. Кальций сиңбей, фосфор көбөйүп, сөөктүн бекемдиги жоголуп, морт боло баштайт. Ошого жол бербеш үчүн атайын дарыларды ичип турабыз.

Эң башкысы, суукка урунбашыбыз керек.

- Сиз гемодиализди жумасына үч жолу аларыңызды айттыңыз. Канды чыпкалаган жерлерде абал кандай? Кезек күтүү, адистердин жетишсиздиги деген көйгөйлөр барбы?

Анара Раимкулова: Медициналык кызматкерлерин жеке борборлор колунан келишинче өздөрү үйрөтөт. Бизде Нурлан Айылчиевич, Динара Алыевна деген нефрологдорубуз адистерди окутуп, маалымат бергенге аракет кылып жатышат.

Адистер жетишпегени чоң көйгөй чынында. Ортодон ызы-чуу чыгарган бейтаптар дагы бар. “Ушул врач жакпайт” дегени үчүн эле эки дарыгерди иштен кетиришти. Башка 50-60 бейтаптын “бул дарыгерлер кетсе биз кайда барабыз, иштесин” деген үнүн угушкан жок. Гемодиализ - оор процедура. Кан төрт сааттын ичинде чыпкадан өтөт. Ошон үчүн айрымдар ачууланып, чыргоо болуп калат экен.

Жеке борборлордун бир жакшы жери, медиктерди "эч качан бейтапка өйдө карап сүйлөбөгүлө” деп көндүргөн.

Мисалы, Кыргызстанда 3 миңге жакын бейтап болсо, анын 90% жеке борборлор кызмат көрсөтөт. Мамлекет гемодиализдин акчасын жеке медициналык борборлорго которот, ал жерде кызмат көрсөтүү жакшы.

Мамлекеттин өзүнүн төрт борбору бар, ачыгын айтканда кызмат көрсөтүүсүнө ичиң чыкпайт. Ал жерде санитарка да сага чоң болушу мүмкүн.

- Ооруканадагы мамилени айттыңыз. Үй-бүлөдөгү, коомдогу мамиле кандай? Гемодиализ алган кишини бирөө коштоп жүрүшү керек. Айрыкча кары-картаң болсо. Жаш болсо, төрөш керек деген стреотиптер бар эмеспи...

Бир күнүң гемодиализ менен өтөт. Процедура төрт саатка созулат.
Анара Раимкулова.

Анара Раимкулова: Үй-бүлөдө ар кандай. Үйлөнүп, турмушка чыга эле жаш кыздарды, балдарды көрүп жүрөм. Аларды ата-энелери, бир туугандары камсыз кылып, карап турат. Ажырашып кеткен, жалгыз бой аялдарга кыйын эле.

Бир күнүң гемодиализ менен өтөт. Процедура төрт саатка созулат. Канды чыпкалап, кайра куюп, жүрөгүң лакылдап, кан басымың түшүп келсең, этектеп балдарың, кайын-журтуң турат. Үйдүн түйшүгү деген бар. Абалыңды жакындарыңдын баары эле түшүнө бербейт.

Аял биринчи өзүн карашы керек экен. Төрөп, ден соолугу калыбына келе электе дагы төрөп, өзүнө зыян келтире берет экен. Мен жайкысын айылга барганда чоң сууну кечип, килем жууган жаш келиндерди көрүп калам. Тамандан өткөн сыз деле бөйрөктү билинбей талкалайт экен. Балдардын же өзүбүздүн тишке курт түшсө этибар албайбыз, анын айынан ангина менен ооруп калабыз. Бул оору дагы бөйрөккө бычактай тиет дешти. Кайсы жашка чыкпайлы, тишке кам көрүү маанилүү тура.

Өзү же үй-бүлө мүчөсү ооруга чалдыкканда, эң биринчи аял киши эле кыйналат. Аял күйөөсү ооруса чыдап, кам көрөт экен. Бирок аялы ооруганда чыдабай кетип калган эркектер толтура.

- Жыргал мырза, урология бөлүмүнө бөйрөгү жарабай калганча жүрүп келгендер көппү?

Жыргал Аскаров: Дем жетишпей, башы айланып, ооруп, табити качып, заарасы жакшы чыкпай калган бейтаптар көп келет. Кандын курамындагы креатин деген уулу зат заара менен чыкпаса, организмде айланып жүрө берет. Бөйрөктү текшерип, анализ алганда ошол креатиндин өлчөмү 2 миңге чейин чыгып кеткен болот. Адамдын жаны ушунчалык бышык болот экен, ошого да чыдап жүрүшөт. Гемоглобини 40-50гө чейин түшүп кеткендер бар.

- Бардык эле келген бейтаптар гемодиализ албайт да? Жөн эле бөйрөгүнө суук тийип же сезгенип келгендерчи?

Жыргал Аскаров: Биз азыр бөйрөктүн жетишсиздиги, гемодиализ деп өтө терең темага кирип кеттик. Андан башка деле толтура оорулар бар. Мисалы, пиелонефрит - бөйрөккө суук тийгенден пайда болот. Бул оору менен 70% аялзаты ооруйт. 30% эркектер жабыркашы мүмкүн. Жогоруда айткандай, пиелонефрит менен суук тийгизип алганда жана жижиң болгондо ооруйт. Жижиң - заараны бат-бат келтирген оору. Себеби эмнеде? Аялдардын уретрасы кыска болгондуктан, инфекция, вирустарга бат чалдыгат. Эки-үч күн эле дарыланбаса, дароо бөйрөгүнө жетет. Дене табы көтөрүлүп, табити начарлап, бел тушу талыйт.

"Бир бөйрөк менен жашагандар бар"

- Адамдын бөйрөгү жакшы иштебей жатат дейли. Аны адам өзү сезбейт. Бирок организм белги берет да. Ошону кантип байкаса болот? Мисалы, көзүнүн асты же буттары шишип, же болбосо жапжаш болуп туруп эле кан басымы көтөрүлүп кеткен учурларда бөйрөгү белги берип жатышы мүмкүнбү?

Көздүн асты шишип, заарасынын өңү өзгөргөндө, уролог же нефрологго кайрылуу керек.
Жыргал Аскаров

- Мүмкүн. Биринчи белги, табит качат, дем алуу оорлошот. Жумушка көңүл чаппайт. Буту-колу муздап, чымырашы мүмкүн. Негизи алты айда бир жолу дарыгерлерге көрүнүп туруу керек. Бизде андай эмес да. Айыл жергесинде анализ тапшырганга мүмкүнчүлүгү жок болуп калабы же кенебестик кылабы, айтор, кеч кайрылган бейтаптар аябай көп. Дагы бир айта кетчү нерсе, азыр интернеттен маалымат издеп, өзүн өзү дарылагандар бар. Ар кайсы фирманын витаминдерин догдур менен кеңешпей туруп ичип атышат. Бул өтө кооптуу.

Көздүн асты шишип, заарасынын өңү өзгөргөндө, уролог же нефрологго кайрылуу керек. Эгер айыл жергесинде болсо, сөзсүз түрдө терапевтке барып, текшерилсе болот. Ал анан тийиштүү адистерге жиберет.

Бөйрөк - өтө маанилүү, заараны заара, канды кан кылып бөлүп турган орган. Өз убагында дарыгерге барбай жүрө берсе бөйрөктүн түтүкчөсү кысылып, өз функциясын аткара албай калат. Аны алып салбаса, экинчи бөйрөккө да зыян. Бизде бир бөйрөк менен жашагандар аябай көп. Бирок, бир бөйрөк менен жашаса болот экен деп, дарыгерлерге барбай, убагында текшерилбей коюудан алыс болуңуздар.

- Бөйрөккө суук тийип, адам антибиотиктерди алып дарыланды дейли. Андан ары эмне кылуу керек? Кандай режимди сактоо зарыл?

- Бөйрөккө бир суук тийгизип, дарылангандан кийин туура тамактануу керек. Тузу өткүр, куурулган тамактан алыс болуп, жер-жемиш, жашылчаларды көп жеш керек. Азыркы жаштар тез татымга качырып, газдалган суусундуктарды, энергетиктерди көп ичип жатат. Энергетик суусундуктар бөйрөктү гана эмес, жүрөктү дагы токтотуп койгон учурлар бар. Азыркы жаш ата-энелерге, жаштарга айтарым, энергетиктен алыс болсок, дене тарбия, спорт менен машыксак, иммуниттети чыңдасак, баары жакшы болот.

Эртең менен күчтүү тамактанып, кечинде жашылча, жер-жемиш кошулган тамактарды жешибиз керек. Муну менен жүрөктүн ашказандын, бөйрөктүн иштөөсүн жеңилдетип, жакшы уктайбыз. Тойго барып, кетерде бешбармакка тоюп алсак, организм кыйналат. Жүрөктүн, бөйрөктүн оорушу, толуп кетүүбүздүн бардыгы туура эмес тамактануудан келип чыгат.

"Бөйрөктөгү таштын пайда болуусуна эмне себеп?"

- Бөйрөктөгү таш же кум, туз эмнеден улам пайда болот?

Жыргал Аскаров: Ошол эле туура эмес тамактануудан, туздуу, куурулган тамакты көп жегенден, сууну аз ичкенден. Биз чоргодон аккан сууну ылгабай иче беребиз. Биздеги суунун курамында ар кандай микроэлементтер көп. Андыктан чыпкаланган, газдалбаган таза сууну гана ичүү керек. Айрыкча, Баткен, Ош, Жалал-Абад жергеси, түндүк аймактарга караганда ысык. Аба ырайы ысык болгондуктан, суунун сапаты дагы начар. Бөйрөктө таштардын пайда болушу көп учурда суудан.

Дагы караңыз "Таза суу тартыш аймактарда бөйрөк оорусу көп катталат"

- Анара айым, сиздердин бейтаптардан турган коомуңуздарга канча мүчө катталган?

Анара Раимкулова: Бизде гемодиализ боюнча эки коом бар. Экөө эки башка ишти алып барат. Мамлекеттик деңгээлдеги иштерди кээде кошулуп, бирге алып барабыз. ММКФте(Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) комиссияда ушул эки коом, шаршемби күндөрү чогуу отурат. 3 миңге жакын адам эки коомдо тең жүрө беришет.

- Оору жашарууда деп жатпайбызбы. Сиздердин коомуңуздарга келген адамдар дагы жашардыбы?

Анара Раимкулова: Быйыл Жаңы жылда жеке борборлордогу кары-картаңдарды куттуктайбыз деп, кыдырганбыз. Жалдагы ооруканада 8 айлык кыз гемодиализ алат экен. Бул эмнеден десек, кээ бир балдар бөйрөгүнүн ичинде нефрондор аз болуп төрөлөт экен. Нефрология бөлүмүндө гемодиализге түшөт деген балдардын кичинекейи эки, чоңу 15 жашта экен. Чоң кишилер аралыгы бир күн кылып алсак, кичинекей балдар күндө алышат экен. Биз оору жашарды деп чочулай берет экенбиз. Мен деле ошентип ойлочумун. Ооруга чалдыкканы, бул коом түзүлгөнү көп нерсени билип калдым. Оору жашарбай эле, кээ бир балдар ушиндай болуп төрөлөт экен.

Оштогу гемодиализ борборлорунун бири. Кыргызстан.

- Донор деп жатпайбызбы, эгер туугандары, эч кимиси жок болсо, бейтап бөйрөктү кайдан алат?

Анара Раимкулова: Кыргызстанда донору жоктор үчүн өлгөн адамдыкын ала турган мыйзам киргизип бергиле десек, “кара базар" өнүгүп кетет дешти. Чоң-чоң мамлекеттер бул жагын карашырып койгон. Мисалы, Орусияда, Казакстанда бар. Бир адам аз дегенде жети кишиге донор боло алат.

- Жолдо же ар кандай себептерден улам кырсыктап каза болгондордун органдарын алуу тууралуу айтып жатасызбы?

- Ооба, чет өлкөдө кээ бир адамдар тирүү кезинде эле органдарын алууга макулдугун берип коет экен. Бизде ушул мыйзамды кабыл алгандан коркуп атышат. Биз операцияга акча чогулта баштаганда, "бөйрөгүмдү сатам" дегендер чалышат. Бирок, андайларга ишенүү кыйын. Ошентип айтып, акчасын алып, алдап кеткендер толтура болот экен. Анан калса бизде башка кишини донор кылганга уруксат берген мыйзам жок. Бизде Кыргызстанда жакындары донор болсо гана алмаштырат. Бирок ага дагы мыйзам чыга элек. Орган алмаштыруу жолдорун жеңилдетсе, адамдар операция үчүн чет жакка кетпейт эле.

Жыргал Аскаров: Сатам десе эле ала бербейт да. Ал киши мурда кандай оору менен ооруган, дал келеби, ошонун баарын карап чыгат. Бөйрөк туура келбей калса, бейтап өлүмгө да учурашы мүмкүн.