Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Орунбеков Бишкекте орган алмаштыруу операциялары жасаларын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков август айынан тартып Кыргызстанда бөйрөк, боор органдарын алмаштыруу операциялары жасала башталарын билдирди.

Ал 12-июлда Фейсбуктагы баракчасына учурда Бишкекке Түркиядан 120 адис келгенин, алар "Семетей" мейманканасына жайгаштырылганын, операция жасоого даярдык көрүлүп жатканын жазды. Анын ырасташынча, алгачкы операция кийинки айда, августта жасалат.

"Арабызда бөйрөгүнөн, боорунан жана ички органдарынан жабыркагандар бар. Алар өтө чоң суммадагы каражат сарптап, чет өлкөлөргө барып операция жасатып келет. Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор тек гана өмүрү менен коштошуп, тагдыры аянычтуу аяктайт. Бул көйгөй президентибиз Садыр Жапаровду көп түйшөлтүп жүргөн. Жакында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары Кыргызстанда ички органдарды алмаштыруу, операция кылуу маселесин чечти. Бөйрөк жана башка ички органдарды алмаштыруу Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк “Достук” клиникасында жасалат. Тиешелүү заманбап лабораториялар даярдалууда. Мисалы, Белоруста бөйрөк алмаштыруунун чыгымы 65 миң, Түркияда 25 миң долларга бааланса, Бишкекте болжолдуу чыгымы 7 миң доллардын тегерегинде болот", - деп жазды Орунбеков.

Кыргызстанда расмий маалыматка ылайык, 2019-жылдан бери органдарын алмаштыруу үчүн кезекке турган кыргызстандыктар 4 миңден ашты. Боор, бөйрөк, жүлүн алмаштыруу үчүн бейтаптар коомчулуктан жардам сурап, он миңдеген доллардык операцияга акча чогултууга мажбур болушат.

XS
SM
MD
LG