Ысык-Көлдө эс алуу учурунда эки адам каза таап, бирөө ооруканага оор абалда түштү. Кырсыкка моторлуу кайыкка чиркелген "таблетка" баллондун токтоп турган катерге күү менен чабылганы себеп болгон. Моторлуу кайыкты айдаган 16 жаштагы улан камакка алынды.
Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого тапшырма берди.
Ойдо жок жерден кырсыкка кабылган 23 жаштагы Мирлан Эдил уулу 24-июлда Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасында эсине келбей жатып каза болду. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер бир сутка күрөшкөн. Маркумдун сөөгүн жакындары Ысык-Ата районунун Алиаскар Токтоналиев айылына алып кетишкен.
Укук коргоо органдары "таблетка" баллонуна отурган дагы бир 19 жаштагы кыз ооруканада үзүлгөнүн билдирди. Кырсык Чолпон-Ата шаарындагы "Келечек" эс алуу жайына жакын пляждардын биринде болгон.
"Сууда сүзгөндү билбейбиз деп эскерткен"
Кара-Балта шаарындагы мунай кампаларынын биринде иштеген Мирлан 22-июлда эс алуу үчүн Чолпон-Атага барган.
Дагы караңыз Ысык-Көл: аквапарктагы үрөй учурган кырсыкЭртеси анын кырсыкка кантип кабылганын атын атагысы келбеген агасы айтып берди.
"Чолпон-Атага достору, кесиптештери менен барган экен. Жээк бойлоп, басып баратканда моторлуу кайык айдаган бала эки кишини "таблеткага" отургузганын, дагы бирөө керек экенин айткан экен. Иним макул болуп, "таблеткага" отуруп алыптыр. Айдоочу бала өтө эле жаш экен. Ага "сүзгөндү билбейм, акырын айда" деп айтканын жээкте тургандар угуптур. Мирландын антип эскерткенине карабай тиги бала учуруп айдап ушундай болуп атпайбы. Азыр биз дендароо абалдабыз. Ак көңүл, жайдары жүргөн уулубуздан айрылып калганыбызга ичибиз ачышып турат. Оор жоготуу болду".
Үч бир туугандын кенжеси Мирлан быйыл күздө үйлөнмөкчү болгон экен.
Мирлан менен "таблеткага" отурган кыздардын үчүнчүсү, 21 жаштагы кыз Ысык-Көл аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.
Окуяга шектүү катары кармалган 16 жаштагы уландын жакындары менен да байланыштык. Бирок анын апасы жооп берүүдөн баш тартты.
Кайыкты башкарган 16 жаштагы бала камакка алынды
Ысык-Көл облустук милициясы окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, шектүү катары моторлуу кайыктын 16 жаштагы айдоочусун кармап, тергөө иштерин баштады.
Мындан сырткары соттук-медициналык, соттук-техникалык экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы аныкталууда.
Бул тууралуу Ысык-Көл милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Айгүл Такырбашева билдирди.
"23-июлда милициянын Ысык-Көл районундагы ички иштер бөлүмүнө маалымат түшкөн. Анда үч адам денесинен оор жараат алып, бири жандандыруу бөлүмүндө каза болгону, экинчиси ушул эле бөлүмгө жаткырылганы айтылган. Окуя каттоого алынып, моторлуу кайыкты башкарган жаран бөлүмгө жеткирилип, көрсөтмөлөр алынган. Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө амалдары уланууда. Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат айтылат".
23-июлда болгон окуя тууралуу ар кыл кептер айтылууда азыр. Айрым күбөлөрдүн билдиришинче, жаш улан айдап бараткан моторлуу кайыкка байланган "таблетка" катердин капталына күү менен урунган.
Баллон сүзгөн катердин ээси, Чолпон-Атадагы "Кристалл" яхта клубунун жетекчиси Ольга Ильчищина кырсыктын чоо-жайын түшүндүрүп берди:
"Биздин катер Чолпон-Атадагы "Тихая Бухта" деп аталган жерде дайыма токтоп турат. 8-10 кишиге гана ылайыкташып, акырын жүрө турган транспорт. Ал күнү эс алуучулар катер менен көл үстүнө чыгабыз деп буйрутма берген. Рулда биздин көп жылдык тажрыйбасы бар капитаныбыз болгон. Алар "Тихая Бухтадан" ары сүзүп, ортолоп калганда катуу ылдамдыкта келаткан моторлуу кайыкты көрүшкөн. Капитаныбыз ошол замат катерди токтотконун айтууда. Анткени жүрүп бараткан катердин мотору аркан жана башка предметтерди бурап, чайнап кетиши мүмкүн. Бирок моторлуу кайыкты башкарган бала эч нерсеге карабай катуу ылдамдыкта катердин түбүнөн өтүп кеткен экен. Аркасына байланган "таблеткасы" катуу ылдамдык менен биздин катердин бортуна (капталына) урунган".
Көл үстүндөгү транспорттун саны белгисиз
Моторлуу кайыктын 16 жаштагы айдоочусу соттун бөгөт чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда маалым болду.
Эки адамдын өлүмү менен аяктаган окуядан кийин 25-июлда президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берди.
Буга байланыштуу 26-июлда ушул сыяктуу окуяларды болтурбоо жана эс алуучулардын ден соолугун сактоо максатында тармактар аралык комиссия түзүлгөнү маалым болду. Бул комиссия көл жээгинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тейлөө көрсөткөндөр менен иш алып бармакчы.
Бирок Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов көл үстүндөгү транспорттун канчасы жайкы эс алуу мезгилинде иш алып барары тууралуу маалыматы жок экенин айтууда.
Ал мунун себебин бул багытта иш алып барган Транспорт министрлигине караштуу атайын инспекция жергиликтүү бийлик менен иштешпей турганына байланыштырды.
Жумадылов мындан улам жергиликтүү бийликке суу транспортун көзөмөлдөө укугун берүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи.
"Транспорт прокуратурасы, облустук өкүлчүлүк жана райондук администрация биригип, бүгүн биринчи жолу рейдге чыкты. Биз мындай иштерди алып барган күндө деле мониторинг гана жүргүзө алабыз. Азыр союздан калган мыйзамдар менен иштеп жатабыз. Ал кезде туризм мынчалык деңгээлде өнүгүп, скутер, катамаран, катер сыяктуу суу транспорттору үзгүлтүксүз колдонулары эске алынган эмес. Негизи эле Ысык-Көл районунун өзгөчөлүгүн эске алышыбыз керек. Бүт тиешелүү кызматтардын ишин көзөмөлдөө укугун берсе жакшы болмок, биз андай жоопкерчиликти алууга даярбыз. Ошол эле транспорт инспекциясынын өкүлдөрү Тоңдо, Балыкчыда же Караколдо отурбашы керек, алар Ысык-Көл районунда болсун, биз менен иштешсин. Өкмөткө ушундай сунуш бергени жатабыз. Бизге азыр бир дагы министрликтин өкүлчүлүктөрү, кызматы баш ийбейт".
Айлана чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттиги 2019-жылы көл үстүндө жүргөн кайык жана скутерлерге тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыккан.
Бирок анда агенттик транспорттун бул түрү көлдүн суусун булгап жатканы гана мындай сунушка негиз болгонун билдирген. Бүгүнкү күндө демилге ишке аша элек.
Жылда кайталанган кырсык
Июль айынын башында Бостери айылындагы көл жээгинде моторлуу кайыкка байланып, абага көтөрүлгөн парашют айланма атракционго илинип калып, эки киши бир сааттан кийин куткарылган.
Дагы караңыз Пансионаттарда коопсуздук ойдогудай эмес
Өткөн жылдары да парашюттун жиби үзүлгөн, көл үстүндө бараткан катерде өрт чыккан, скутер көлгө түшүп аткан эс алуучуну сүзүп кеткен, "банандан" ыргып кеткендердин колу-буту сынган учурлар катталган.
Мындай окуялардан улам көлдөгү оюн-зоок жабдыктарын иштеткендерге, жээктеги коопсуздукка нааразы болуп, социалдык тармактарга жазгандар арбын. Алардын айрымдарын бул жерге топтодук:
"Мурда пансионаттын жетекчилиги эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкер болчу. Азыр көл жээктерин ачып салып, ар ким каалаганын кылууга шашылууда. Өзгөчө скутер айдагандар эч кимди укпайт".
"Скутер, моторлуу кайыктар үчүн өзүнчө токтоочу жай, катуу ылдамдыкта жүрүүгө көл үстү бөлүнүшү керек. Бизде болсо скутери деле, кишиси деле, майда балдары деле бир жерде түшүп жүрөт. Анан кайдагы коопсуздук тууралуу сөз болот?".
"Суу транспорттору иштей берсин, бирок алар үчүн бир эле пляж кызмат кылганы жакшы. Мисалы, кайсы пансионатка кирбе, баарында ушу транспорт. Аларды бир айылдын пляжына бөлүп, каалагандар ошол жерге барсын деп элди көндүрсө жакшы болмок".
"Коопсуз эс алуу болбойт, ар бир адам өз өмүрү үчүн сак болушу зарыл. Ошол эле "таблеткага" отуруу, кырк жеринен жамалган парашют менен учуу абдан кооптуу экенин билип, көрүп туруп болбой эле тобокелге бара беребиз. Ар ким акча табуунун жолун издейт дечи, бирок жергиликтүү ишкерлердин көзөмөлсүз калганы ушундай абалга алып келүүдө".
"Суудагы транспорттун көбү кримчөйрөнүн көзөмөлүндө"
Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Чакиев суу үстүндө жүргөн транспортту Ички иштер министрлигинин бирдиктүү реестрине киргизип, жоопкерчиликти күчөтүү зарыл деген пикирде.
"Катамаран, скутер, моторлуу кайыктын автоунаа же учактан эч айырмасы жок. Абада жүргөн транспортту башкарууга лицензиясыз, жерде жүрүүчү транспортко күбөлүксүз уруксат берилбейт. Суу транспортун башкаруу үчүн эч нерсеге жарабаган кагаз алып койсоң болот. Анан кырсык болгон учурда сурап алар эч ким болбой атат. Мамлекеттин буларды коомдук транспорт катары реестрге каттабай жатканы кемчилик, кайдыгерлик деп эсептейм. Буга өзгөчө көңүлдү ИИМ бурушу керек эле. Экинчи маселе - бул транспорттун түрү үчүн өзүнчө жээк бөлүнүшү керек, бул дүйнөлүк тажрыйба. Жок дегенде ушул талапты ишке ашыруу менен мындай кырсыктардын алдын алса болот".
Туризм жаатындагы дагы бир эксперт Кайрат Итибаев көл жээгинде иштеген суу транспорттору кримчөйрөдө жүргөн адамдардын көзөмөлүндө турганын айтып, мындан улам аларды жоопко тартуу кыйын экенин белгиледи.
"Биз унитардык мамлекетте жашайбыз, андыктан Экономика министрлиги башка тармактар менен биргеликте суу үстүндө кызмат көрсөтүүнү аукционго коюп, бул тармакты саналуу компаниялардын колуна бериши керек. Алардын атайы шаймандары, коопсуздук чараларын сактаган эрежелери, кепилдиги болсо, жоопкерчиликти сурап алуу да жеңил болмок. Бул үчүн ондон ашуун талап коюп, ошого жооп бергенине ишти берсе болот. Дагы бир маселе - көл жээгиндеги скутер, кайык жана башкаларынын көбү криминалдык чөйрөдөгүлөрдүн колунда. Бул да маселесинин чечилишине тоскоолдук болуп жатса керек. Бирок Кумтөрдү алып иштетип аткан өкмөттүн муну деле жөнгө салып коюуга кудурети жетет. Мамлекет мыйзамдуу жол менен иш алып барса, жыйынтык болот".
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, ушул жылдын июнь айынан бери 55 киши сууга чөгүп мерт болду. Алардын 21и балдар. Былтыр ушул маалда 48 өлүм катталган, быйыл сууга чөгүп көз жумгандардын саны 18% өстү.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 60тан ашык адам сууга чөгүп каза болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу бери дегенде 25% көп.