Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен беш жаштагы бала табыла элек. Баланын атасы Талант Жаркынов каналдагы суунун көптүгү издөө ишине тоскоол болуп жатканын айтып, коомчулукка кайрылды.
«Тиешелүү мамлекеттик мекемелерге «сууну токтотуп бергиле» деп кайрылдык. Азырынча жыйынтык болбой жатат. Сууну жок дегенде бир метр ылдыйлатып беришсе болот эле. ӨКМдин балдары таап бере турганын айтышты. Беш күндөн кийин сууну бир аз азайтышты. Азыр суучулдар чынжыр болуп тизилип, издеп жатышат», - деди баланын атасы.
Окуя 10-августта Бишкектеги Патрис Лумумба көчөсүндө болгон. Чоң Чүй каналына жакын жердеги көчөнүн балдары ойноп жүрүп, беш жаштагы бала сууга түшүп кеткен.
Талант Жаркынов издөө иштерине катышып жүрүп куткаруучулардын кейиштүү абалына күбө болгонун айтууда.
«Шаардагы куткаруучулардын же кайыгы, же кийими жакшы эмес экен. Айрымдары жыртылган кийимдерди кийип жүрөт. Көрүп боорум ооруду, чөгүп кетпейби деп корктум. Негизи эле мамлекет көңүл бурбаса, бул кызматтын абалы жакшы болбой калыптыр».
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштерине 26 куткаруучу тартылганын, азырынча жыйынтык чыкпай жатканын кабарлады.
13-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул эле күнү 33 жаштагы эркек киши Ак-Суу районундагы Каракол суусуна түшүп кеткенин кабарлады. Издөө иштерине министрликтин куткаруучулары тартылып, азырынча жыйынтык чыга элек.
Ушул тапта сууга чөгүп кетип изделип жаткан өлкө боюнча төрт учур бар. Аларды издөө иштерине жалпы 12 куткаруучу топ тартылган. Кыргызстанда жарым жыл ичинде ар кандай себептер менен 60ка жакын киши сууга чөгүп каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматынын башчысы Урмат Шамырканов быйыл сууга чөккөндөрдүн саны былтыркыга салыштырмалуу аз болгону менен пандемияда түшүндүрүү иштери толугу менен жүрбөгөнүн кошумчалады.
«Жыл сайын февралдан тарта түшүндүрүү иштерин баштайбыз. Мектептерди кыдырып, окуучу, мугалимдерге эрежелерди эске салабыз. Бирок, быйыл андай иштердин көбү аткарылган жок. Ошол эле учурда куткаруучуларды толугу менен окута албай калдык. 1-июлда гана окууну баштап, 78 адамды үйрөттүк».
Суучулдар кызматы жыл сайын 270ке жакын куткаруучуну окутуп, даярдачу. Мекеменин маалыматында пандемия шартында быйыл алардын саны дээрлик үч эсе азайган.
Кыргызстанда куткаруучулардын санынын аздыгы жана суучул кийим, издөөгө керектүү шаймандардын жетишсиздиги дайыма эле айтылып келет. Суучулдун бир костюму 3000 доллардан кымбат. Сапаттуу кийим өлкөнүн ар бир аймагындагы куткаруучуларга жетишсиз экенин мекеме өзү да танбайт.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аталган министрликтин бюджети жалпыга ачык эмес, мындан улам муктаждыктары жана чыгымдары тууралуу маалымат аз деген пикирде.
«Булардын бюджети дайыма жабык бойдон калууда. Акча кайда жумшалып, эмне болгону түшүнүксүз. Ошол эле каналды тазалоо иштерине дайыма каражат бөлүнөт. Бирок, анын канчасы аткарылганы белгисиз. Ошол эле кезде бул министрлик чыгым келтиргич мекеме экенин ла эске алуу керек. Аны системалуу өзгөртүү үчүн акчалай колдоо жетишсиз».
Кыргызстанда 2019-жылы өлкөдө 148 адам сууга чөгүп кеткен, алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.