Нооруз-2023: "Ынтымак" дагы чемпион

Көк бөрү боюнча республикалык мелдешке 37 команда катышты. Алар өз ара төрт лигага бөлүнүп ойноду. Жогорку лигада алты команда күч сынашып, финалга "Ынтымак" менен "Сары-Өзөн" чыкты. 

"Ак-Кула" ат майданында өткөн финалдык беттеш кечка саат 17:20да башталды. 

Биринчи бөлүктө "Ынтымак" эсеп ачты. Эки улакты тең "Сары-Өзөндүн" тайказанына Нуржан Мелисбек уулу салды. 

Көк бөрүнү көрүү үчүн келген эл ат майданга батпай турду.

Экинчи таймда да "Ынтымактын" оюнчулары атаандашынын тайказанына дагы эки улак салды. Бул ирет Өмүрбек Эсен уулу өзгөчөлөндү.

Үчүнчү бөлүктө Нуржан Мелисбек уулу командасына дагы бир упай алып келди. Оюн 5:0 эсебинде "Ынтымактын" жеңиши менен аяктады.

Ушуну менен "Ынтымак" командасы сегизинчи жолу (2007-жыл, 2014-жыл, 2017-жыл, 2018-жыл, 2019-жыл, 2021-жыл, 2022-жыл) аталган мелдештин жеңүүчүсү болууда. 

Көкбөрү боюнча республикалык мелдештер "Ак-Кулада" 2019-жылдагы Нооруз майрамынан бери өтпөй, оюндар Чолпон-Ата шаарындагы жана аймактардагы ат майдандарда өтүп келген. Буга Бишкектеги ипподромдун авариялык абалга кептелип, адамдар үчүн кооптуу экени, техникалык абалы нормаларга жооп бербей калганы себеп болгон. 
Быйыл өкмөт Нооруз майрамына арналган мелдешти ат майданда өткөрүүгө уруксат берген. 

Көрүүчүлөр. 

Жогорку лигада мелдештин мыкты оюнчусу деп "Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу (сүрөттө сол жактагы оюнчу) табылды.

1-лигада Жалал-Абад облусунун “Жаштык” командасы жеңүүчү болду. Финалдык оюнда жалал-абаддыктар Бишкектин “Четинди” командасын 7:2 эсебинде утуп алды.

Көкбөрү Кыргызстандагы популярдуу улуттук спорттун бири. Спорттун бул түрүнөн республикалык мелдештер жылына үч жолу: Нооруз, 9-Май Жеңиш күнү жана 31-август Эгемендик күнүндө өтүп келет. 

Борбордук "Ак-Кула" ат майданын жаңыртуу маселеси 2017-жылы Нооруз майрамындагы ат оюндарынан кийин көтөрүлгөн. Көк бөрү оюнун көргөнү баргандар ага батпай, сырттагы бак-дарактардын жана аянтка жарык берүүчү мамынын үстүнө чыгып алып көрүшкөнү Интернетте кызуу талкууга алынган.
2019-жылы ат майданды реконструкциялоо боюнча өкмөттүк жыйында оңдоп-түзөөгө 650 млн. сом кете турганы айтылып, эскиздик долборго архитектуралык сынак жарыяланып, кийин 2020-жылы өкмөттүн токтому менен 19 млн. сомго оңдоого тендер жарыяланып, арыз түшпөгөнү белгилүү болгон.