Йеменде козголоңчулар ийге келеби?

Йемен

АКШнын аскер-деңиз флоту Араб деңизинен курал-жарак жүктөлгөн кеме кармалганын жарыялады. Андагы курал-жарак Ирандан Йемендеги шиит козголоңчуларына жиберилгени боолгонууда.

Бул арада Кувейтте ушул айда Йемендеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү өтөрү кабарланды.

АКШнын аскер-деңиз флоту Араб деңизинде кармалган бир шектүү чакан кеменин бортунан катылган курал-жарактар табылганын 4-апрелде жарыялады. Марттын соңунда кармалган бул жүктүн ичинде 1500 даана Калашников автоматы, 200 гранатомет жана 21.50 калибрлүү ондогон пулеметтор болгон.

Ал Ирандан Йемендеги шииттердин хуси козголоңчуларына жөнөтүлгөнү боолголонууда. “Бул аскер-деңиз күчтөрү тарабынан кармалган мыйзамсыз курал-жарактардын акыркы партиясы”, - деди АКШнын аскерий өкүлү.

Сауд Арабия баштаган коалиция былтыр марттан бери Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы аскерий операция жүргүзүүдө. Иран Йемендеги козголоңчулардын колдоочусу саналат.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест Ирандын хуси козголоңчуларын колдошун аймакты дестабилдештирүүчү аракет катары баалап, соңку кармалган мыйзамсыз курал-жаракка байланышкан маселе Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде каралышы ыктымалдыгын айтты. “Биз бул окуяга тынчсызданып жатабыз. Йемендеги козголоңчуларды колдоо БУУнун коопсуздук кеңешининин резолюцияларына караманча каршы келет”, - деди Ак үйдүн өкүлү.

Былтыр апрелде Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши шиит козголоңчуларына санкцияларды кеңейткен резолюция кабыл алып, аларды курал-жарак жана аскерий жактан жабдууга тыюу салган.

АКШ аскер-деңиз флотунун өкүлдөрү буга чейин Ирандын хуси козголоңчулары менен түздөн-түз байланышы чектелгени менен иран аскерийлери аларды машыктырып жана жабдып жатканын айткан. Иран жана Йемендеги шиит козголоңчулары мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Сауд Арабия баштаган араб өлкөлөрүнүн коалициясы Йеменде хуси козголоңчулары тарабынан кулатылган президент Абу Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтирүү максатында бир жыл мурда аба соккуларын баштаган.

18-апрелде Кувейтте Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен Йемендеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү башталганы жатат. Ал сүйлөшүүлөрдүн алдынан 10-апрелдин түнүнөн тарта тараптар ок атышпай, тынчтык жараянын баштаары күтүлүүдө.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адель ал-Жубейр 4-апрелде Эр-Рияддагы маалымат жыйынында буларды айтты:

- Биз Йемендеги каршылашкан тараптардын Кувейтте өтчү сүйлөшүүсүн кубаттайбыз. Биз кризис жөнгө салынып, тараптар Йеменге тынчтык жана туруктуулук орношу зарылдыгын түшүнүү менен тил табыша аларына үмүттөнөбүз.

Сауд министри Хуси делегациясы азыр Сауд Арабияда жүргөнүн жана сүйлөшүүлөр уланып жатканын да билдирди. Анда негизинен Сауд Арабия менен Йемендин чек арасындагы кырдаал боюнча сөз болууда.

- Мен бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы жакшы болууда деп эсептейм. Эми биз ошол жакшы жыйынтыкка жетишүү үчүн сүйлөшүүлөр уланышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз, - деди Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адель ал-Жубейр

Йеменде өкмөтчүл согушкерлер менен шиит козголоңчуларынын ортосундагы уруш 2014-жылдын августунда башталган. Андан бери алты миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылып, эки жарым миллиондой киши өз үй, өлөң төшөгүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Улуттар уюмунун эсебинде мындан тыш 21 миллион адам, же өлкө калкынын 82 пайызы эң зарыл гуманитардык жардамга муктаж.

Йемендеги каршылашкан тараптарды элдештирүү боюнча буга чейинки аракеттерден майнап чыкпай келген.