Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Дүйнөдө террордук чабуулдардын саны өстү


Ооганстандагы Башкы прокуратуранын согушкерлер жардырып жиберген автобусу. Жардыруудан кийин коопсуздук күчтөрү текшерип жатат. Кабул, 4-май, 2015-жыл
Ооганстандагы Башкы прокуратуранын согушкерлер жардырып жиберген автобусу. Жардыруудан кийин коопсуздук күчтөрү текшерип жатат. Кабул, 4-май, 2015-жыл

Дүйнөдө былтыркы жылдын жыйынтыгы менен террордук чабуулдардын саны үч эсеге көбөйүп кетти. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин терроризм маселелерине арналган жылдык жаңы баяндамасында айтылат.

Мамлекеттик департаменттин баяндамасында көргөзүлгөндөй, 2014-жыл ичи дүйнө өлкөлөрүндө катталган террордук чабуулдардын саны 13,5 миңге (13,463) жакындаган. Бул 2013-жылга салыштырмалуу алардын саны 35%га өстү дегенде туюндурат.

Жалпысынан террордук чабуулдар дүйнөнүн 95 өлкөсүндө болгон. Бирок алардын 60%дан ашууну Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия, Батыш Африка аймактарына, атап айтканда Ирак, Сирия, Пакистан, Ооганстан, Индия, Нигериянын үлүшүнө туура келет. Ал эми террордук чабуулдардан өлгөндөрдүн болжол менен 85% Сириянын жарандары.

2014-жылы террордук чабуулдардан дүйнөдө 32,700дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган. Бул да 2013-жылга салыштырмалуу 81%га жогору.

"Ислам мамлекети" тобунун айынан жер кезген ирактык качкындар.
"Ислам мамлекети" тобунун айынан жер кезген ирактык качкындар.

Былтыр ошондой эле дүйнөдө согушкерлер тарабынан 9400дөн ашуун адам уурдалган же барымтага алынган. Бир жыл мурда эле террорчулардын же террористтик топтордун уурдоосуна кабылгандар саны 3200дүн тегерегинде болчу.

АКШнын тышкы саясий мекемесинин баяндамасында белгиленгендей, жолбашчыларына олуттуу сокку урулганы менен “ал-Каида” азыр деле активдүү террордук уюм бойдон калууда, бирок глобалдык жихаддын лидерлик ордун азыр абдан ыкчам кеңейип жаткан “Ислам мамлекети” тобуна алдыргандай.

Мамдепартаменттин терроризм маселелери боюнча координатору Тина Кайданов Вашингтондо жаңы баяндаманы коомчулуккка жарыялап жатып, буларга токтолду:

- Биз былтыр октябрда Оттава жана Квебек шаарларында (Канада), декабрда Сидней (Австралия) шаарында күбө болгондой, жалгыз-жарым аракеттенген террорчулар саны көбөйдү. Бул чабуулдар “ал-Каида” жана “Ислам мамлекети” топтору тарабынан башкарылган же алардын шыкагы менен жасалды деп бир жактуу баа бериш кыйын. “Ал-Каиданын” жетекчилигине олуттуу сокку урулганы менен, өзгөчө Йемен, Сирия, Ливия, Нигерия, Иракта бийликтин алсыздыгы же башкарууга жарамсыздыгы экстремисттик радикализмдин жанданышына жакшы шарт түзүүнү улантты. Былтыркы жылдын декабрындагы эсеп боюнча Сирияга 90дон ашуун өлкөдөн барган чет элдик согушкерлердин саны 16 000 миңден ашты. Чет элдик террорчу согушкерлердин башка өлкөнү көздөй мындай агымы дүйнөдө акыркы жыйырма жылда болгон эмес.

Өткөн айдагы акыркы маалыматтарга караганда, Сирияга барган чет элдик согушкерлер саны 22 миңге жетип калды.

Сириядагы тажик улутундагы согушкерлер
Сириядагы тажик улутундагы согушкерлер

АКШ Мамлекеттик департаментинин баяндамасынын Кыргызстанга арналган бөлүгүндө да өлкө жарандарынын дээрлик жарым аймагын “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн Сирия мамлекетине кетип жатышы террроризм жаатында бийликтердин тынчын алган негизги маселелердин бири катары аталган.

Бирок бийликтердин аракети согушкер болгусу келген жарандардын Сирияга кетишин алдын алуу жана кайтып келгендери үстүнөн тергөө жүргүзүү өңдүү ички программалар менен гана чектелип жатканы белгиленген.

Баяндамада террорчул согушкерлердин аракети былтыркы жылдын жыйынтыгы менен басаңдаган аймактар катары Пакистан, Филлипин, Непал жана Орусия көргөзүлгөн.

Мамдепартаменттин терроризм боюнча координатору Тина Кайданов мындай дейт:

- Терроризмдин биз тушугуп жаткан чакырыктары өтө тездик менен өрчүүдө. Азыркыдан он жылдан, атүгүл бир жылдан кийин кырдаал кандай болорун биз так айта албайбыз. Анткен менен узак мөөнөттүү келечекти эске алганда, дипломатияны активдүү жүргүзүү, өнөктөштүктү кеңейтүү, эки тараптуу жана аймактык мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу, терроризм жана кыянатчыл экстремизм менен күрөшүүдө мыйзам үстөмдүгүнө таянып иш жүргүзүү аркылуу биз адамдардын кызыкчылыгын коргоону жакшырта алабыз. Алдыдагы айлардагы биздин аракеттенүү планыбыз ушул болот.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү азыр дүйнө өлкөлөрү ортосунда терроризмдин каржы булактарын кыркуу, маалымат алмашуу жаатындагы кызматташтыгы мурдагыдан жакшырганын да кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG