2021-жылда күтүлгөн технологиялык саамалыктар жана санааркоолор

5G технологиясына негизделген "Таза тармак" демилгесин Батыш Европада кызуу колдошууда. Балкан жарым аралында Босния-Герцеговина менен Черногория гана бул багытта артта калып келет. 2020-жылдын ноябры.

Жыл жыйынтыгы чыгарылып жатканда, 2021-жылга да сереп сала кетели. Коронавируска каршы күрөш маалында айрым жаңы технологиялык демилгелер күтүлгөндөн да тездеп жүзөгө ашырылмакчы. Алардын оош-кыйыш жактары барбы?

2021-жылга “Кош келдиң!” деп айтууга камынып жатабыз. Келээрки жыл быйыл башталган COVID-19 пандемиясын оозуктоочу чечүүчү жыл болооруна үмүт көп.

Дал ушул үмүт дүйнө жүзүндө ар башка тармактардагы ар кыл аракеттер менен коштолоору күмөн туудурбайт. Демек, келээрки жылдын технологиясы да ушул алааматты тизгиндөөгө, коронавирус экономикалык жактан тийгизген кесепеттерди жоюуга багытталмакчы.

Ошентип, бир жылга жетпеген убакыт ичинде эле COVID-19 илдети төгөрөктүн төрт бурчун мурда эч күтүлбөгөн жагдайга кириптер кылып койду.

Бул илдеттин алдын алуу технологиясы 2021-жылы да атаандаштык негизинде тездеп өнүктүрүлүүгө тийиш.

Саламаттык сактоо, билим берүү жана соода-сатык тармактарынын санариптик акыбалы коронавирус жайылганга чейинки доорго салыштырмалуу кескин технологиялык өзгөрүүгө учурап келди.

Эл аралык консалтинг иш-аракетин жүргүзгөн Маккинзи (McKinsey) компаниясы:

Соңку маалымат айгинелегендей, кардарлар менен ишкер чөйрөлөрдү санариптик кырдаалга беш жыл ичинде жеткирилет деп күтүлүп жаткан жумуш көлөмү сегиз аптанын ичинде эле орундалып калды”, – деп таң калуу менен жарыя кылды.

Бирок бардыгын тең жагымдуу маанайда чагылдыра берүү да орунсуз. Пандемия маалында Интернетте калайыкты дүрбөткөн жалган маалыматты таркатуу сыяктуу ыкмалардан жумушту автоматташтырууга чейинки ыкмаларга чейин камтыган терс технологиялык көрүнүштөр да улам жаңы тездик менен өсүп чыкты.

Дагы караңыз Кыргызстандагы троллдор фабрикасы улам жаңы кожоюн үчүн иштөөдө: иликтөө

Сырттан караган кишиге жумушту автоматташтыруу – жакшы көрүнүш. Бирок үй-бүлөсүн баккан далай кызматкерлер жана жумушчулар өз кызмат ордунан айрылып, чакан ишканалар банкрот болуп, далай кишилер жумушсуздардын катарын толуктап жатканы, миллиондогон кишилер улам жаңы кызматты тез арада караштырууга аргасыз болушканы да бүгүнкү олуттуу көйгөйгө айланды.

2021-жылга карата күтүлгөн беш өңүттү айта кетелик.

Дагы караңыз COVID-19: вакциналар сыноодо

I. Инфодемиянын жайылтылышы

Германдык жана америкалык компаниялар биргелешип Pfizer-BioNTech вакцинасын быйыл ноябрда шардана кылганда, Европа менен Түндүк Америкада бир катар саясатчылар өздөрүнө бул ийгиликтин үлүшүн «каттатып коюуга» далаалат кылышты.

Бирок бул аракет таптакыр жаңы маанайды – паранойяны (жарабаган идеяларга ырааттуу тартылууну) жаратты.

Албетте, буга чейин деле дүйнөдөгү ар кандай эмдөө заттарына шектене мамиле кылгандар учурап калышчу, бирок төгөрөктүн төрт бурчу коронавируска каршы жапатырмак эмдөөгө өтөөр маалда, бул пандемия атайылап же байкабастан жалган маалыматты таркатуунун «чагылганын өзүнө тарткан сымга» айланды.

Жалган маалыматтардын арасында COVID-19 тууралуу илимде көңүл бөлүүгө эч арзыбаган таштанды идеялар гана эмес, бул оору атайылап кайсы бир күчтөр тарабынан ойлоп табылгандыгы, вакцинанын коркунучтуу кесепеттери тууралуу айың кептер да бири-бирине аралашып калышты.

Коомдук пикирлерди сурамжылоону уюштурган Гэллап институтунун соңку маалыматына караганда, америкалыктардын 58 пайызы вакцина менен эмдөөнү туура кабыл алат. Францияда болсо калктын үчтөн бири гана вакцинага ишене турганын «Евроньюс» каналы маалымдады.

Орусияда болсо «Sputnik-V» вакцинасы чечүүчү үчүнчү сынакка чейин эле бийлик тарабынан жактырылгандыктан, калайыктын 61 пайызы бул вакцинага чочулоо менен мамиле кылып жатканын ноябрдагы «Левада» борбору жүргүзгөн бейтарап сурамжылоо айгинеледи.

«Инфодемия» термини дүйнөдөгү жалган маалыматтардын жаңы эпидемиясын көрсөтүү үчүн колдонула баштады.

Дагы караңыз Иудейлер жана таажы вирусу: Сабатсыздар ар динде бар

The Signals Network компаниясы жакында жарыяланган өз баяндамасында:

«Пандемияга жана АКШдагы шайлоолорго байланыштуу интернет платформалары алгачкы жолу өздөрүнүн колдорундагы аргаларды пайдаланып, маалыматтын туура экендигин белгилөө жана кардарлар үчүн кошумча маалымат сунуштоо боюнча иш-аракет жүрүзүштү», – деп билдирди.

The Signals Network компаниясынын аткаруучу директору Делфин Халганд-Мишра «Азаттык» үчүн маек куруп жатып: «Эми (бул компаниялар) артка чегинишпейт ко деп ойлойм», – деди.

Интернеттин коомдук тармактарында айың кептерди жана атайын жалган кабарларды көбүртүп-жабыртып таркатуу мурда болуп көрбөгөндөй тездеп жүрүүдө.

Дагы караңыз Социалдык тармактар: Талкуулоо же талкалоо

Ал түгүл чындыкка караганда жалган маалымат тезирээк таркап жаткандыгы, атайылап таркатылган айың кептер ар кыл шайлоо өнөктүктөрүндө жана башка олуттуу учурларда калайыктын оюн багыттоого чоң кесепетин тийгизип жаткандыгы белгиленди.

Мунун айынан технологиялык платформаларга «өзүңөрдөгү маалыматтын мазмунун тескегиле» деген чакырыктар улам күчөп жаңырып келет.

Мындай чакырык жасагандар өкмөттөрдү да коомдук медиа ишин жүзөгө ашырган компанияларды тизгиндөөгө чакырышууда.

Дагы караңыз «Фейсбук» Орусияга байланыштуу 100 аккаунтту өчүрдү

«Фейсбук» компаниясы АКШнын Федералдык соода комиссиясы тарабынан эркин атаандаштыкка каршы иш-аракетке барды деген доого ылайык эки башка соттук териштирүүгө кабылууда.

Декабрда «Фейсбук» компаниясы АКШнын башка да он чакты штаттарынын прокурорлору тарабынан ушундай маанидеги доолорго кабылды. Эми компания өзүнүн айрым жаңы сатып алган бөлүктөрүнөн айрылышы да ажеп эмес.

Европа Комиссиясы да декабрда «Санариптик тейлөө акты» деген документти кабыл алды. Бул акт да онлайн мазмунду жөндөп туруу жагын бутага алууда.

Делфин Халганд-Мишра 2021-жылы Атлантика океанынын өйүз-бүйүзүндө тең интернет платформаларын олуттуу жөнгө салуу далаалаттарынын башаттык иштери орун алат ко деген оюн «Азаттыкка» билдирди.

Грузиядагы онлайн оюндар. Азил сүрөт.

II. Онлайн спорт улам тездеп өнүгүүдө

Дүйнө жүзүндө калайыктын чейрегине жакын бөлүгү интернет аркылуу видео оюндарга тартылып келишкен. Эми бул – көңүл ачуу аргасы болуп чектелип калбай тургандай деңгээлге жетти.

Видео оюндары 2021-жылы көбүрөөк коомдук ролду аткарып, улам атаандаштыкты курчутуп, мурдагыдан алда канча көбүрөөк кумарданта баштамакчы. Бул тармак маданий көрүнүш гана болуп чектелбестен, далай компаниялардын чөнтөгүн кампайта тургандай болуп калды.

Электрондук спорт түрлөрү 2023-жылга карата 1,5 миллиард долларлык киреше сересин ашып өтөөрү божомолдонуп жатат.

Бул тармак улам жаңы кишилерди өзүнө тартышы ыктымал. Бул – калайыктын тиешелүү компүтердик жана башка жабдууларды сатып алуусуна жетишүү, азгырып-шыктандыруучу топторду каржылоо сыяктуу өңүттөрдү да камтыйт.

Коронавирус учурундагы үйдөгү камалуу онлайн спорт түрлөрүнүн жайылтылышына зор түрткү болду.

Солдон оңго: Marvel Comics оюнундагы Аарынын, X-Men оюнундагы Пиксинин, Marvel Comics оюнундагы Кызыл Сонянын жана Nintendo оюнундагы Самустун кийимдерин кийип рол аткарган өнөрпоз айымдар. Сан-Диего, Калифорния, АКШ. 2017-жылдын 20-июлу.

2020-жылы март айындагы обочолонуу маалында «Стим» (Steam) аталган компүтер оюндарынын платформасы рекорд жаратты: бир эле учурда анын оюндарына 25 миллион оюнчу катышкан.

«Нинтендо» (Nintendo) компаниясынын баалуу кагаздарынын наркы да 45 пайызга кескин өсүп чыкты.

Эл аралык «Делойт» (Deloitte) консалтинг компаниясынын маалыматына караганда, АКШдагы кардарлардын үчтөн бири дал ушул коронавирус пандемиясы маалында электрондук спорт түрлөрүн ойноо үчүн алгачкы жолу катталышкан.

Электрондук спорт оюндарына капиталдык салымдар да кескин өсүп жатканы маалымдалды.

Солдогу киши: "Коронавирус - жалган. 5G деген нерсе денебиздеги кычкылтекти соруп алат экен", - деп жатат. Оңдогу киши: "Масондор бизди тукум курут кылгысы келип жатат", - деп жооп берүүдө. Азербайжандык сүрөтчү тарткан 5G ушактары тууралуу азил сүрөт.

II. 5G технологиясынын түз жана кыйыр таасири

Интернет байланышындагы улам жаңы өргө чыгуу ар кыл ишкердик чөйрөлөрдөгү саамалыктар, демилгелер, жаңылануулар толкуну, улам жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы менен коштолуп келет.

3G технологиясы калайыкка интернеттеги «жайыттарда» эркин сайран курууга мүмкүндүк берсе, 4G сереси – видео жана музыка платформаларын интернетте ыкчам колдонууга шарт жаратты.

Эми 5G технологиясы турмуш-тиричиликте жана өндүрүштө мурда эч күтүлбөгөн онлайн мүмкүнчүлүктөргө, абдан жогорку тездикте маалымат алмашууга эшик ачмакчы.

Ал эми технологиялык платформалар улам жогорку тездикте ишке ашса, ал, өз кезегинде, башка да технологиялык мүмкүнчүлүктөргө шарт жаратат. Өндүрүштүн автоматташтырылышы тездейт. Машина колдонуу менен татаал ыкмалар оңой-олтоң жасалат. Виртуалдык турмуш чындыгы улам жаңы өңүткө ээ болот. Экономика, тейлөө тармагы тездеп санариптешет. Электрондук саламаттык сактоо тармагы өнүгөт. Интернет аркылуу турмуш-тиричиликтик каражаттарды башкаруу жөнгө салынат.

Дагы караңыз Аймактар жакырчылык сазынан чыга элек

АКШнын Жаңы коопсуздук технологиясы жана улуттук коопсуздук программасынын өкүлү Элза Каниа (Elsa Kania) «Азаттык» үчүн курган маегинде 5G технологиясы өзгөчө тамшандырган жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып жатканын белгиледи:

«Мына, мисалга алсак, пандемия маалында өзүбүз деле күбө болгондой, өз ара байланышуу – турмуштун сапаты үчүн өзөккү мааниге ээ экендиги айрыкча тастыкталды го».

Учурда кытайлык Huawei компаниясы дүйнө жүзүндө 5G технологиясын өнүктүрүү жана таркатуу жаатында сап башында бара жатат.

Расмий Бээжин менен Вашингтон дал ушул компаниянын айынан тирешүүгө барышты. Вашингтондун оюнча, Huawei компаниясынын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү АКШда тыңчылык кылууга огожо болуп жатат жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч түзүүдө. Ошондуктан бул компанияны АКШ «кара тизмеге» да кошту.

Дагы караңыз «Huawei» смартфондору сатыкта эң алдыга чыкты

5G менен байланыштуу саясатчылардын өз ара атаандашуусу 2021-жылы да улантылышы күтүлөт.

Ал эми Швециянын Ericsson компаниясы менен Финляндиянын Nokia компаниясы Европада Huawei компаниясына каршы атаандаш чыгууда.

Жакынкы болочоктогу санариптик технологиядагы атаандаштык бул тармакка ырааттуу капиталдык салымдарды киргизүүгө өбөлгө түзө бермекчи, дейт Элза Каниа айым.

Эркиндикке аралыктан суктануу. Азербайжан сүрөтчүсү Шериф тарткан азил. 2009-жылдын 11-майы.

IV. Жумуш оруну үйгө көчкөн учурлар көбөйдү

Аралыктан туруп иштөө режими демейдеги көрүнүшкө айланганын «Блумберг» (Bloomberg) компаниясынын сурамжылоолору көрсөттү.

Пандемия маалында бул көрүнүш өзгөчө тездик менен жайылтылды.

Карантиндик обочолонуу, коомдук жайларда өздөрүн обочо тутуу талаптары дүйнө жүзүндө онлайн жыйындарды, вебинарларды, видео тасма аркылуу баяндама уктуруу, сабак берүү ыкмаларын тездеп жайылтууга түрткү болду. Докторлук диссертациялар да онлайн жакталып жатат. Өкмөттүк буйруктар да онлайн жыйында берилүүдө.

Баскетболчу Исса Кассиссие жомоктогу Санта-Клаустун кийимин кийип, Өлүк деңиздеги балатынын жанында сүрөткө түштү. Израилдик туризм министрлиги чет элдик туристтерди Ыйсанын туулган күнү жана Жаңы жыл майрамдарын белгилөө үчүн өз өлкөсүнө чакырып, ушул рекламалык сүрөттү даярдады. Эйн-Бокектин жаны. 2020-жылдын 15-ноябры.

2023-жылга карата Европа менен Түндүк Америкадагы ар кыл уюмдардын 40 пайыздайынын кызматкерлери аралыктан иштеп калышмакчы.

COVID-19 илдети «санариптик көчмөндөр» агымын да пайда кылды. Бул агымдын өкүлдөрү жумуш ордуна барбай туруп, ар кыл курорттук эс алуу жайларында деле өндүрүштүк иштерин аралыктан аткара беришет.

Эстония, Грузия, Барбадос, Багама аралдары сыяктуу аймактардын туристтик тармактары эптүүлүк көрсөтүп, өздөрүндөгү туристтик жайлардын наркын кескин азайтып, чет өлкөлүк кардарларга бул жактарга келип, эс алуу менен аралыктан иштөөнү айкалыштыруу үчүн визалык ж.б. жагымдуу шарттарды сунушташты.

Эл аралык космос бекетиндеги астронавттар SpaceX кемесинин астронавттарын кабыл алууда. 2020-жылдын 17-ноябры.

V. Космос да капиталисттик ыкмага өтүүдө

2020-жыл – космоско жекече учуулардын туу чокусу болуп калды. Бул жылы май айында SpaceX компаниясы орбитадагы Эл аралык космос бекетине кишилерди ташуу деңгээлине жетти.

Бирок быйылкы иш-чаралар болочокто күтүлгөн эбегейсиз зор мааниге ээ аракеттердин алгачкы жарчысы гана болуп саналат.

Эми ар кыл жекече компаниялар космостук саякаттардын баасын арзандатуу боюнча өз ара атаандашуусун тереңдетишмекчи. Соода-сатык мүдөөсү бар мамлекеттик эмес SpaceX, Blue Origin жана Virgin Galactic сыяктуу компаниялардын космосту иликтөөдөгү жана космостук туризмди кеңири жайылтуудагы үлүшү 2021-жылдан кийин деле өсө берээри күтүлөт.

Дагы караңыз Куюн менен жарышкан учак чыгат

Алардын айрымдары болочокто Айга да жекече туристтик саякат уюштурууга камынууда.

Boeing компаниясы эми Starliner космос кемесин жасап, аны менен 2021-жылы эле Эл аралык космос бекетине астронавттарды ташуу долбоорунун үстүндө иштеп келет.

Азыркы тапта ондогон өлкөлөр орбитага өз алдынча ракета учуруу жөндөмүнө ээ болду.

АКШнын Флорида жергесиндеги космосту иликтөө институтунун өкүлү, профессор Жошуа Колвилл мырзанын «Азаттыкка» айтымында, космостук туризм дүйнөдөгү өз ара кызматташтыкты да чыңдамакчы. Анткени өкмөттүк программалар кыйла жашыруун сакталат, ал эми жеке менчик компаниялар өз кардарларын өлкөсүнө, этностук тегине, динине, жынысына карабастан издейт жана өз тейлөөсүн кеңири өлчөмдө сунушташат.

Дагы караңыз Бабабыз байыркы Wi-Fi'ды колдонгон

Албетте, мындай кеңири өлчөмдөгү аракеттер тобокелчиликти да күчөтүшү ажеп эмес. Кээде ойдо жок жерден ар кыл технологиялык ж.б. түйшүктөр да жаралышы ыктымал. Адистер коопсуздук жана башка жагдайларын эске алган эл аралык механизмдерди иштеп чыгуу көйгөйү да күн тартибине коюлушу зарыл экендигин белгилешет.