Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

«Фейсбук» Орусияга байланыштуу 100 аккаунтту өчүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбук» компаниясынын 2020-жылдын апрель айындагы эрежени бузган колдонуучулар жөнүндө отчётунда Орусияга байланыштуу жүздөй аккаунт өчүрүлгөнү айтылат. Анын 46сы баракча, эки тайпа жана бир «Инстаграм» аккаунт болгон. Бул тууралуу шейшембиде компаниянын сайтында жарыяланды.

«Фейсбуктун» эксперттери социалдык тармактын эрежесин бузган контент, пост жарыялагандардын дареги бир нече өлкөдө болгонун белгилейт. Отчёттун авторлору эреже бузгандар Орусия, Донбасс жана Крымдагы «NewsFront» жана «SouthFront» уюмдарына байланыштуу деп эсептейт.

Орусиялык ТАСС агентиги «Фейсбуктун» расмий отчётунда айтылгандар күмөн жаратарын жазып чыкты. ««Фейсбук» аталган аккаунттар жана баракчалардын кандай эреже бузганы жөнүндө так далилдерди келтирилген эмес» деп айтылат ТАСС агенттигинин кабарында.

Компаниянын отчётунда Иран, АКШ, Грузия, Мавритания жана Мьянма өлкөлөрүнө байланыштуу да баракчалар өчүрүлгөнү айтылат. Жалпы жонунан апрель айында эреже бузганы үчүн 732 «Facebook», 162 «Instagram» аккаунт жана 793 баракча, 200 тайпанын иши токтотулган.

XS
SM
MD
LG