АКШ: зомбулук аялдарды саясатка түрттү

Демократтардын талапкери Александра Окасио Кортес Бостондо шайлоочулар менен жолугушууда, 1-октбярь, 2018-жыл.

6-ноябрда АКШда Конгресстин, Сенаттын мүчөлөрүн жана штат губернаторлорун шайлоо өтөт. Бул ирет шайлоодо ат салышкан аял талапкерлердин саны буга чейин болуп көрбөгөндөй көп. Алардын көбү Демократиялык партиядан. Арасында мусулман аялдар да бар.

6-ноябрда АКШда Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсү, Сенаттын 35 мүчөсү жана 33 штаттын губернаторлору шайланат. Ошондой эле бир катар штаттарда жергиликтүү парламент мүчөлөрүн шайлоо өтөт.

Нью-Жерсидеги Рутгерс университетинин алдындагы "Америкадагы аялдар жана саясат" борборунун маалыматына ылайык, Конгресске мүчөлүккө 239 аял ат салышып жатса, Сенаттагы орундар үчүн 23 аял өз талапкерлигин койду.

Ал эми эки негизги партиянын ички шайлоолоруна катышкан аялдардын саны мындан көп болгон. Республикалык партия менен Демократиялык партияда да аял талапкерлердин саны көбөйгөнү байкалганы менен демократтарда басымдуулук кылат.

Дагы караңыз Айылдык кеңештен айымдар үнү угулбайт

Жергиликтүү кеңештерге өтчү шайлоого 46 штаттан 3381 аял катышып жатат. 2016-жыл 2649 аял жарышка түшкөн.

“Америкалык аялдар жана саясат" борборунун жетекчисинин орун басары Жан Синдзактын белгилешинче, аялдардын саясатка аралашуусуна дүйнөдөгү соңку эки жылдагы окуялар түрткү болуп жатат.

Алардын бири #me too же #мен дагы деген хэштег менен дүйнөгө жайылган акция. Бул кыймылдын алкагында таанымал аялдар жана карапайым кыз-келиндер белгилүү эркектердин көрсөткөн сексуалдык ыдыгын, айрымдары кандайча зордук-зомбулук көргөнүн ачык айтып чыгышкан.

Акция башталганы ондогон эркектердин кылмышы билинип, көбү кызматтан кетүүгө аргасыз болушту. Ал эми кээ бирлерине кылмыш иши ачылды.

Маселен, жакында эле АКШ Сенатында президент Трамп Жогорку соттун судьялыгына көрсөткөн Бретт Каванону дайындоо боюнча угуулар өттү. Сенатта республикачылар басымдуулук кылганына байланыштуу Каванно дайындаларынан шек жок эле. Бирок Кристина Блази Форд аттуу айым аны 36 жыл мурда сексуалдык ыдык көрсөткөнүн коомго ачык айтып чыгып, кызуу талкуу жаратты.

27-сентябрда Сенаттын атайын комитетинде Форд көрсөтмө берди. Кавано өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке какты. Миллиондогон америкалыктар бул угууну теле аркылуу көрүштү. Синдзактын айтымында, мына ушунун баары аялдардын саясатка аралашуусуна түрткү болду.

44 жаштагы Эяна Приссли Массачусетс штатынан Конгресске ат салышып жатат. Ал бул штаттан Конгресске талапкерлигин коюп жаткан биринчи ынды кара аял. Ал өнөктүк маалында аялдардын, мигранттардын көйгөлөрүнө басым жасап жатат:

- Анткени ойду-келди чыгарылган октон курман болгондордун үй-бүлөлөрү өзгөрүүнү күтөт, чек арадагы дубалдын ары жагында жалдырап турган ага-ини, эже-сиңдилербиз өзгөрүүнү күтөт, качан такылдатып келет деп иммигранттар күтүшөт, укугу бузулган аялдар өзгөрүүнү күтүшөт.

Дүйнөлүк медианын көңүл чордонунда дагы бир аял талапкер бар. Ал Александра Окасио Кортес. Нью-Йорктун Бронкс районунда төрөлүп, өскөн 28 жаштагы Кортес июнь айында өткөн демократтын ички шайлоосунда өзүнүн атаандашы, тажрыйбалуу саясатчы Жо Кроулини жеңип чыкты. Эгер Окасио Кортес Конгресске өтсө ал Өкүлдөр Палатасынын тарыхындагы эң жаш аял болуп калмакчы.

Дагы караңыз Аял эркектен кем дүйнө

"Биз эч ким эч качан барбаган эшиктерди кактык", - деген Кортес бут кийиминин таманы түшүп калгыча шайлоочуларынын үйүн кыдырган.

Быйыл Конгресске жана жергиликтүү кеңештерге ат салышып жаткан мусулман аялдардын да бар. Алар Мичиган штатынан Конгресске өз талапкерлигин коюп жаткан Рашида Тлаиб, Миннесота штатынан Илхан Омар.

Тлаиб палестиналык мигранттардын кызы, ал эми Омардын ата-энеси бир кезде ата-энеси менен Сомалиден келген качкындар болгон. Ал АКШга баргыча Кениядагы качкындар лагеринде чоңойгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.