Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Дүйнөдө 256 миллиардер аял бар


"Форбс" журналы.
"Форбс" журналы.

Америкалык “Forbes” журналы дүйнө миллиардерлеринин жаңыланган тизмесин жарыялады. Ага ылайык быйылкы жылдын башына карата эң ири байлардын саны 2208ге жетти, арасында 256сы аялдар. Миллиардерлердин көч башына быйыл “Amazon” интернет компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос (Jeff Bezos) чыкты.

Дүйнөдөгү ири байлардын мүлкүн акыркы 32 жылдан бери эсептеп келаткан “Forbes” аныктагандай, акыркы бир жыл ичинде миллиардерлер 259 адамга көбөйдү. Байлыгы азайып кеткенине жана саясий себептерге байланыштуу тизмеден быйыл 121 адам чыгарылды.

Миллиардерлердин дүнүйө-мүлкүнүн акчалай көлөмүн “Forbes” быйыл 9,1 триллион доллар деп санаган. Бул былтыркыдан миллиардерлердин байлыгы 18% көбөйдү деген сөз.

Журналдын редакторлорунун бири Луиса Кролл (Luisa Kroll) америкалык CBC телеканалы менен болгон маегинде дүйнөдө быйыл биринчи ирет байлыгы 100 миллиард доллардан ашкан алгачкы миллиардер пайда болгонуна көңүл бурду:

- Биринчиден, бул киреше эбегейсиз өскөн учур. Буга чейин биз сенти (байлыгы 100 миллиардан ашкан) миллиардерди көрбөйбүз го деп айтып келдик эле да. Албетте, адамдар эми "триллионерди көрбөйбүз го" деп тамаша кылып калышты. "Amazon" компаниясынын ээси Жефф Безостун ишкерлиги кеңейгенден-кеңейип олтуруп, ал акыркы он эки айда тапкан пайдасын 39 миллиарддан ашуун долларга көбөйтө алды. Бул феноменалдык көрүнүш, биз миллиардерлердин изине түшкөндөн бери бир жыл ичинде табылган эң ири киреше.

Интернет аркылуу соода кылыш үчүн "Amazon" компаниясын 1994-жылы негиздеген америкалык Жефф Безостун дүйнө-мүлкүнүн акчалай көлөмү 2018-жылга келип 112 миллиард долларга чыкты.

Жефф Безос жубайы МакКинзи Безос менен Оскар сыйлыгын тапшыруу жөрөлгөсүндө. 4-март, 2018-жыл.
Жефф Безос жубайы МакКинзи Безос менен Оскар сыйлыгын тапшыруу жөрөлгөсүндө. 4-март, 2018-жыл.

Безостун кирешесинин акыркы бир жылда 39,2 миллиард долларга өсүшүнө компаниясынын акциялары 59% кымбаттаганы салым кошкон.

Буга байланыштуу былтыр биринчи орунда турган “Microsoft” компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 90,9 миллиард доллар менен экинчи тепкичке түштү.

Аял миллиардерлер

“Forbes” журналынын изилдөөлөрү миллиарддердин 67% өз байлыгына өзү жеткендер экенин, башкача айтканда байлыгын мурастабастан, ага өз күчү, таланты, билими же башка жөндөмү аркылуу жетишкенин көргөзгөн. Миллиардерлердин жалпы тизмесинде аялдар да арбыды.

- Бул адамдардын кээ бирлерин башка бирөөлөр багып алган, айрымдары ата-энесинен бала кезинен айрылган, дагы бирөөлөрү жаштайынан завод-фабрикаларда иштегендер. Миллиардерлердин тизмесиндеги аялдардын арасынан өз эмгеги менен жеткендери жетимиш эки. Алардын ичинен эң байы - кытайлык Чжоу Цюньфэй. 48 жаштагы Цюньфей - биз айтып жаткан адамдардын бири. Энесинен эрте айрылып, он алты жашынан бери заводдо иштеген, - дейт "Forbes" журналынын аткаруучу редактору Луиса Кролл.

Аялдар арасындагы миллиардерлердин жалпы саны быйылкы жылга карата 256га жетти, 42си тизмеге биринчи ирет кирди, алардын колундагы байлыктын акчалай өлчөмү 1 триллион долларга барабар.

Флоридадагы "Walmart" дүкөнү. 7-сентябрь, 2017-жыл.
Флоридадагы "Walmart" дүкөнү. 7-сентябрь, 2017-жыл.

Дүйнөдөгү аялдардын эң байы, супермаркеттер түйүнү "Walmart" компаниясынын азыркы ээси, мүлкү атасынан мураска калган америкалык Элис Уолтондун (Alice Walton) байлыгы 46 миллиард долларга чыкса, акчаны башынан өзү тапкан айымдардын эң байы - кытайлык Чжоу Цюньфэйдин (Zhou Qunfei ) байлыгы 7, 8 миллиард доллардын тегерегинде.

Жетимиш эки эле өлкөдөн чыккан миллиардерлердин саны жагынан мурдагыдай эле АКШ алдыда. Анда 585 миллиардер бар. Кытайга Гонконгду, Тайванды, Макаону кошо эсептегенде кытай миллиардерлеринин саны 476 киши.

Тизмеде Орусиядан чыккан 101 миллиардер бар, алардын эң байы, болот өндүргөн "NMLK Group" компаниясынын ээси Владимир Лисиндин дүйнө-мүлкү 19, 1 миллиард долларга барабар.

Казакстандан тизмеге беш миллиардер кирген. Алардын эң байы - президент Нурсултан Назарбаевдин кыз-күйөөсү - Тимур Кулибаев менен Динара Кулибаева. Алардын ар биринин байлыгын "Forbes" 3,2 миллиард доллардан деп эсептеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG