Венесуэладагы кош бийлик БУУда талкууланат

Өзүн Венесуэланын утурумдук президенти деп жарыялаган Хуан Гуайдо жактоочуларына кайрылууда. Каракас, 25-январь, 2019-жыл.

Кош бийлик орногон Венесуэладагы кырдаал 26-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралганы жатат.

Саясий-экономикалык гана эмес, гуманитардык кризистин кучагында калган бул өлкөдө үч күн мурда оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялап, Кошмо Штаттар жана Түштүк Америка аймагынын бир катар мамлекеттери анын бийлигин дароо тааныган.

Ошол эле учурда Орусия, Түркия, Кытай президент Николас Мадурого колдоо көргөзүштү.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин 26-январдагы чукул жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы анын мүчөлөрүн Венесуэланын утурумдук президенти катары Хаун Гуайдону таанууга чакырмакчы.

“Мамлекеттик катчы Майк Помпео Коопсуздук кеңештин мүчөлөрүн жана эл аралык коомчулукту Хуан Гуайдону Венесуэланын конституциялык утурумдук президенти деп таануу менен эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого, өткөөл өкмөттүн демократияны, мыйзам үстөмдүгүн калыбына келтирүү мүдөөсүн колдоого үндөйт”, - деп айтылды АКШнын тышкы саясий мекемесинин 25-январдагы билдирүүсүндө.

Ал эми Орусия Коопсуздук кеңештин отурумунда эл аралык мыйзамдарды сактоо маселесин көтөрө турганын айтууда. Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун мына ушундай сөздөрүн РИА Новости агенттиги таратты.

Венесуэлада болсо өзүн утурумдук президент катары жарыялаган Хуан Гуайдо 25-январда кайрадан эл алдына чыкты.

Хуан Гуайдонун жактоочулары. Каракас, 25-январь, 2019-жыл.

Каракаста миңдеген адамдар алдында сүйлөгөн сөзүндө ал өлкөгө гуманитардык жардам көргөзүүгө уруксат бергенин жарыялады:

- Элдин көйгөйүн чечүү үстүндө иштеп жатканыбыз бизди легитимдүү кылат. Ишенимден, мыйзамдуулуктан жана Конституцияны урматтоодон улам биз эки күндө эле алар (президент Николас Мадуронун өкмөтү) алты жылда аткара албаган ишке жетиштик. Өлкөгө гуманитардык жардамдын киришине уруксат бердик. Биздин өтүнүчкө улам бир өлкө жооп берүүдө.

Гуайдо ага катар Николас Мадуронун экинчи мөөнөтү “мыйзамсыз болгондуктан” Конституция ага утурумдук президент катары аракеттенишине укук берерин кайталады.

Каракаста анын бул сөзүн угууга чогулган жактоочулары “президент” деп кыйкырып турушту. Мындан бир күн мурда 24-январда жергиликтүү Univision телеканалына курган маегинде Хуан Гуайдо төмөнкүлөргө токтолгон:

- Мен ар бир сектордун жардамын талап кылам. Биз эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү, жарандык коом менен сүйлөштүк. 23-январдагы көчө жыйындарына бүткүл өлкө боюнча 7 миллиондон ашуун адам катышты. Алардын арасында көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер да жүрүштү. Азыр биз үч этаптан турган иштерди карап жатабыз. Учурдагы институционалдык белгисиздиктен чыгуу үчүн Венесуэлада өткөөл өкмөт түзүлүп, эркин шайлоо өтүшү керек. Биздин көздөгөнүбүз - шайлоонун мүмкүн болушунча тез өтүшү. Азыр биз мамлекеттик институттарыбыз барымтада калган диктатурада жашап жатабыз. Андыктан, биздин башкы милдет - шайлоону мүмкүн болушунча тез өткөрүү.

Хуан Гуайдо, Каракас, 25-январь, 2019-жыл.

35 жаштагы Хуан Гуайдо 23-январда борбор Каракаста өткөн оппозициянын ири демонстрациясында өзүн убактылуу президент деп жарыялаган. Ага чейин январдын башында өлкө парламенти - Улуттук ассамблеянын төрагалыгына келген.

Анын жарыясынан кийин иш жүзүндө азыр Венесуэлада эки президент, эки парламент болуп калды.

2015-жылы шайланган, оппозиция үстөмдүк кылган парламенттен тышкары Венесуэлада президент Николас Мадуро өзү кураган Конституциялык кеңешме да бар.

Мамлекеттик жана өкмөттүк мекемелердин ишин али көзөмөлдөп жаткан Мадуро 25-январдагы сөзүндө учурдагы кырдаал “жеңиш” менен аяктай турганына көңүл бурду:

- Биз Венесуэланын суверенитетин четке сүрүү менен саясий турмушубузга кийлигишип, АКШ империясынын жана Батыштагы өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгы үчүн куурчак режим орнотууну көздөгөн мамлекеттик төңкөрүштү жеңебиз.

Николас Мадуро басма сөз жыйында. Каракас, 25-январь, 2019-жыл.

​Мадуро буга чейин, 23-январда АКШ менен “саясий жана дипломатиялык мамилени” үзгөнүн жарыялап, анын дипломатиялык жана консулдук кызматкерлеринин баарын өлкөдөн 72 саат ичинде чыгып кетишин талап кылган.

АКШ коопсуздук жүйөсүнөн улам дипломатиялык кызматкерлеринин айрымдары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Венесуэладан кетип жатканы менен Каракастагы элчилик жабылбай турганын билдирди.

Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео Америка өлкөлөрү уюмунун Вашингтондо 24-январда болгон жыйынында Николас Мадурону “мурдагы президент” деп атап, АКШ анын аракеттерин “мыйзамсыз жана жараксыз” деп эсептей турганын белгилеген.

26-январга карата Хуан Гуайдону утурумдук президент катары Венесуэланын айланасындагы өлкөлөрдөн АКШдан башка Канада, Аргентина, Бразилия, Чили, Колумбия, Коста-Рика, Гватемала, Гондурас, Парагвай, Перу, Эквадор, алыскы мамлекеттерден Грузия, Албания тааныды.

Дагы караңыз АКШ Гуайдого, Орусия Мадурого жан тартты

Мадурону коңшулардан Мексика, Боливия, Куба, Никарагуа, алыскы өлкөлөрдөн Орусия, Иран, Түркия, Кытай колдоп жатат.

Евробиримдик болсо парламентти жана оппозицияны, демократиялык күчтөрдү колдоп, Мадурону сынга алганы менен Гуайдону утурумдук президент катары тааный элек.

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Борелдин 25-январда айткандарына караганда, расмий Мадрид Евробиримдикке шайлоо жарыялашы үчүн Мадурого мөөнөт берип, эгер муну аткарбаса Хуан Гуайдону колдоону сунуш кылып жатат.

Германиядан өкмөт өкүлү Стефен Сейберт 25-январда расмий Берлин Мадурону легитимдүү президент деп санабай турганына, эгер эркин жана адилет шайлоо болбосо Хуан Гуайдону убактылуу президент катары таанууга ыктап жатканына токтолду.

Венесуэлдагы окуялардын ыктымал өнүгүшүнө сереп салган айрым талдоочулар Николас Мадурого каршы аймактык кыймыл оппозицияга дем бергенин, бирок алар армиянын колдоосун алса гана артыкчылыкка ээ болоруна көңүл бурушууда.

Армиянын жетекчилиги алар Мадуро тарапта экенин буга чейин жарыялашкан.

Демонстранттар менен полициянын кагылышы. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын өкүлү Руперт Коллвил 25-январда Женевадагы басма сөз жыйында белгилегендей, алар ишенимдүү булактардан алган маалыматтарга караганда Венесуэлада 22-23-январдагы демонстрациялар учурунда коопсуздук күчтөрү менен өкмөтчүл топтордун огунан кеминде 20дай кишинин өмүрү кыйылган.

Солчул бийлик башкарган Венеусуэла 2010-жылдан бери экономикалык жана саясий кризиске батып, акыркы жылдары каржылык жана гуманитардык да каатчылыкка кабылды. Ал түгүл азык-түлүк, тамак-аш жетишпей, өлкөнү гиперинфляция каптап, анын көрсөткүчү соңку бир жыл ичинде 1 миллион 300 пайызга чейин көтөрүлгөн.

Мекенине жакын 16 мамлекетке качууга жана кетүүгө аргасыз болгон адамдардын саны учурда 3 миллиондон ашты. БУУ ушул айдын башында венесуэлалык качкындар менен мигранттардын муктаждыгы үчүн 2019-жылы кеминде 738 миллион доллар талап кылынарын жарыялаган. Бирок Николас Мадуронун өкмөтү өлкөдө гуманитардык кризис бар экенин моюнга алган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.